Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Түркиядагы кырдаалдын мекендештерге таасири


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиянын саламаттык сактоо министри өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын айтты. Өзгөчө борбор калаа Анкарада коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатканына токтолду.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2-сентябрда берген маалымат жыйынында, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын биринчи толкунунун экинчи фазасы башталганын жана өлкөдөгү курч жагдай тууралуу маалымат берди.

"Коронавирустун биринчи толкунунун экинчи фазасында жашап жатабыз. Биздин салттуу той-топурлар жана майрамдардагы кенебестик бизди ушул жагдайга алып келди. Жарандарыбыз коронавирус менен күрөшүүдө чоң иштерди жасап жатат. Беткап, социалдык аралык жана тазалыкты сактоо ар бир жарандын милдети болуп калды. Бирок бул жагдайда коомдун ар бир жараны бул үч шартты билиш керек. Коронавирус эпидемиясы биздин өлкөдө да күчөй баштады".

Министр Кожа пандемия башталгандан бери өлкөдө 30 миңден ашуун медицина кызматкерине вирус жукканын, алардын 52си көз жумганын билдирди.

4-сентябрдан баштап Түркиянын Ички иштер министрлиги той- топурларга келген адамдардын санына жана убактысына чектөө киргизди. Жаңы эрежеге ылайык той бир канча саат ичинде, аз кишинин катышуусунда бүтүшү керектиги жазылган.

Министр Кожа ошондой эле Стамбул шаарынан кийин Анкарада коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканын белгиледи.

Ушундай маалда борбор калаа Анкарада жашаган кыргызстандыктар жергиликтүү бийликтин бардык талаптарына ылайык иш алып барууга аракет кылышууда. Алардын бири шаардагы «Ала-Тоо» кафесинин ээси Элдар Орозалиев .

"Эки жумадан бери Анкарада да коронавирус көбөйдү деген сөздөр чыгып жатат. Бизге анча байкалган жок. Кафеге келип кеткендер болуп жатат. Жергиликтүү бийлик деле бизге катуу талаптарды коё элек. Мурда айтылган беткап тагынуу, колду тез-тез жуу жана аралыкты сактоо өңдүү талаптарды аткарып жатабыз".

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркияда эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларында.

Анкара шаарында бир канча жылдан бери эмгектенип жүргөн Рысгүл шаарда үй кызматында иштеп жүргөн кыз-келиндердин жагдайына токтолду.

"Анкарада коронавирус жуктуруп алгандар көп экенин угуп жатабыз. Ооруканаларга кайрылган бейтаптар да көбөйдү деп айтып жатышат. Үйдө иштеген кыргыз кыз-келиндер жакшы. Дем алышка чыгып, вирустан кандай коргонуу керектигин билишет. Карантинге түшкөндөрдү уга элекпиз. Пандемияда үй жумуштарына талап көбөйдү, бирок иштегенге киши тартыш болуп жатат. Анкарадагы кыргыздардын айлыгы доллардын кымбатташы менен кичине көбөйдү. Буга чейин лира менен алгандыктан бизге өтө эле аз болуп жаткан".

Кыргызстандык Мира Дөөлөталиева алты жылдан бери Түркиянын борбор калаасы Анкарада сулуулук салонун иштетет. Март айында карантинге жабылган Миранын салону 11-майда кайрадан ишке киришкен. Шаарда коронавирустун күчөшү анын ишмердүүлүгүнө да таасирин тийгизбей койгон эмес.

"Биздин салонго мурда келип жүргөн кардарларыбыз азыр деле келип жатат. Бирок былтыркыга салыштырмалуу жаңы кардарлар аз. Сулуулук салондоруна коюлган талаптарга ылайык биз тазалыкты жана аралыкты сактайбыз. Бирок коронавирус биздин тармакка терс таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Ага карабай болгон дезинфекция талаптарын аткарып иштеп жатабыз".

Расмий маалыматтар боюнча Түркияда 2-сентябрда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 6511 кишиге жеткен. Вирусту жугузуп алгандар 274 миңден ашты. Ошол эле маалда 248 миңге жакын бейтап сакайды.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы үч миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркия Кыргызстан менен 7-августта аба каттамдарын ачкан. Бул өлкөдө 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG