Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Түркиядагы журтташтар мекенине кол сунду


Бишкектеги убактылуу стационарга кезектеги жардам жеткирилген учур.
Бишкектеги убактылуу стационарга кезектеги жардам жеткирилген учур.

Түркиядагы кыргызстандыктар Кыргызстанга гуманитардык жардам жиберүү ишин колго алышты. Мекендештер кычкылтек концентраторлорун жана дары-дармектерди жөнөтүп жатышат.

Түркиянын баш калаасы Анкара шаарындагы кыргызстандыктар демилге көтөрүп, Кыргызстанга жардам жөнөтө башташты. Жеке ишкерлер баштаган акцияны Анкарадагы «Ала-Тоо» кафесинин ээси Элдар Орозалиев да улантууну чечкен. Ал кыргызстандыктар чогулткан каражатка Түркиядан дары-дармек сатып алып жатканын кабарлады:

«Кыргызстандагы абал оорлошуп кеткенине байланыштуу Анкарадагы мекендештер акылдашып, акча чогулта баштаганбыз. Бизге кыргыз жеке ишкерлер, улуу эжелер кеп-кеңештерин берип демилге көтөрүп чыгышты. Бул жакта мигранттардын негизги катмарын кыз-келиндер түзгөндүктөн, алар да колунан келишинче акча берип жатышат. Биз чогулткан акчага дары-дармек алып, Кыргызстандын булуң-бурчуна таратууну көздөп жатабыз».

Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев коронавирус пандемиясы башталгандан бери эки өлкө ортосунда расмий сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түркиядан Кыргызстанга негизинен тесттер жана дары-дармектер кеткенин белгиледи:

«Биз гумжардамды илдет чыккандан бери уюштуруп келебиз. Алгач Түркиядан тесттерди, беткаптарды жана коргоочу костюмдарды жөнөткөнбүз. Алар үч ай мурун Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине кеткен. Андан кийин 35 миң тест кетти. Ал эми элчиликте эмгектенгендер өз эсебибизден Кыргызстанга 78 000 сом жардам жөнөткөнбүз. Ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери сүйлөшүп, 30га жакын кычкылтек концентраторун сатып алып Кыргызстандагы муктаж болгондорго жеткирели деп пландаштырып жатабыз. Эң негизгиси - биз бул жактагы кыргыз мигранттарынын жана студенттердин укуктарын коргоп, Түркиядан кетип жаткан чартердик каттамдарды тыкан уюштуруу милдетин аткарып жатабыз».

6-июлда Кыргызстан жана Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, анда коронавирус менен күрөшүүдө өз ара кызматташуу маселелери каралганы кабарланган. Ошондон улам Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасында Кыргызстанга ири өлчөмдө медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди жөнөтөрүн маалымдады.

Ал эми жардам берүү акцияларын Түркиянын Стамбул, Анталия жана Измир шаарларында иштеген кыргызстандыктар да улантып жатышат.

Анталия шаарындагы «Айымдар коомунун» жетекчиси Перизат Асаналиева мигранттар пандемия учурунда өздөрү кыйналып турушса да мекендеги абалга кайдыгер карабай, колдоо көрсөтүү жагынан демилге көтөрүп жатышканын айтып берди:

«Биз алыста жүрсөк да мекендеги абалды көрүп жүрөгүбүз ооруп жатат. Анталиядагы мекендештер аз да болсо каражат топтоп Кыргызстанга салымыбызды кошолу деп турабыз. Сыртта жүргөн мигранттардын абалы өтө оор. Ишсиз калып убактылуу бир жерде баш калкалап тургандар көбөйүүдө. Аларды унутта калтырбай колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Бирок биз Кыргызстандагы бейтаптардын абалын көрүп жөн отура алган жокпуз. Аз да болсо салымыбыз болсун деп максат кылып турабыз».

«Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун мүчөсү аппараттарды тапшырууда. 7-июль, Бишкек.
«Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун мүчөсү аппараттарды тапшырууда. 7-июль, Бишкек.

4-июлда Стамбул шаарындагы «Кыргызстан: достук жана маданият» коомунун активисттери Кыргызстанга 15 кычкылтек концентраторун жөнөткөнүн маалымдашкан. Андан бери коомдун мүчөлөрү дагы акча топтоп, ага Түркиядан дары-дармек жана медициналык жабдууларды сатып алышкан.

Коомдун жетекчиси Нурлан Абдыкаимов аз убакыттын ичинде каражат топтоп, кийинки көлөмдүү жардам кутучалары Кыргызстанга кетерин айтты:

«Учурда дагы бир партия дары-дармек даяр турат. Чогулган акчага дароо керектүү дарыларды сатып алып чукул жөнөтөлү деп турабыз. Бул иштер улана берет. Коомдун мүчөлөрү жана активисттер чогулткан акча топтолсо кийин медициналык жабдууларды жөнөтөлү деп чечтик. Мекендеги оор абалга кайдыгер карабаган көп мекендештер бар экен. Түркиянын ар кайсы шаарларынан чалып, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген кыргызстандыктардын бар экени бизге дем-күч берип жатат».

Түркияда расмий 30 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда иштешет. Коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан атайын уюштурулган каттам менен эки миңге жакын кыргызстандык мекенге кайткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG