Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Вандыктар кыргыз элине акча чогулта баштады


Улуу Памир айылынын тургундары жана Түркиянын ири шаарларында жашаган вандык кыргыздар Кыргызстанга жардам акциясын башташты.

«Улуу Памирден - Кыргызстанга» аттуу акция баштаган улуу памирликтер акчалай жардам топтоп, Түркиядан Кыргызстанга медициналык жабдууларды жөнөтүүнү максат кылышууда. Алар Кыргызстандын элине коронавирус менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүү максатын көздөп жатышат.

Улуу Памир айыл башчысы Эйүпхан Кошар Кыргызстандын абалын алыстан болсо да угуп, көрүп туруп вандык кыргыздар четте карап тура албаганын айтты:

«Биздин айыл 4-5 уруудан турат. Алардын башчылары, аксакалдары бар. Баарыбыз отуруп сүйлөшкөндөн кийин айыл тургундары колдон келген акчалай жардамын аяган жок. Кыргыз болгондон кийин ким жок десин? Биз да Кыргызстан ушундай абалда турганда жөн карап отура алган жокпуз. Кыргыз элине аз да болсо медициналык жабдууларды сатып алып жөнөтөлү деп турабыз».

Айыл башчысы Эйүпхан Кошардын демилгесин колдоп, жаштар үймө-үй кыдырып акча чогулта баштаган. Алар айыл аксакалдарынан Жумагүл Атылгандын үйүнө барышканда, ал кыргыз элинин учурдагы абалына тынчсызданып жатканын айтып берди.

«Кыргыздар бир боор бир туугандарым. Алар өлкөдө оор абалда турганда жардам кылалы. Четте карап турбайлы. Бул оорудан тез сакайып чыгышсын. Аларга кудайым узун өмүр берсин. «Ооругандар көп» дегенди угуп, кабатыр болуп жатабыз».

Рашит Алп айылдаштарынан жардам чогултуп жатат.
Рашит Алп айылдаштарынан жардам чогултуп жатат.

Улуу Памир айылынын тургуну Рашит Алп да жардам чогулткандарга кол кабыш кылып, тез арада Кыргызстанга керектүү аппараттарды жиберүүнү колдоп турганын билдирди.

«Дүйнөнү каптаган COVID-19 вирусу Кыргызстанда өтө күчөдү деп угуп жатабыз. Жүрөгүбүз ооруп турат. Айылдагылар колдон келишинче акча чогултуп, ушул айдын аягына чейин Кыргызстанга медициналык жабдууларды жөнөтүүнүн амалын издеп жатабыз. Кудайым тез арада кыргыз элин ушул вирустан куткарып чыксын».

«Улуу Памирден - Кыргызстанга жардам» аттуу акцияны Түркиянын Малатия, Йозгат, Анкара жана Стамбул шаарында жашап, эмгектенип жаткан вандык кыргыздардын коомдору да колдоп, жалпы эсеп ачышкан. Өзгөчө жеке ишкерлердин жигердүү аракети менен чогулуп жаткан каражаттын суммасын көбөйтүүнү көздөшөт.

«Улуу Памир» жеке фирмасынын жетекчиси Бүнямин Токер Кыргызстанда коронавирус күчөп турганда вандык кыргыздардын колдоосу алардын ата мекенге болгон милдети экенин баса белгиледи.

«Бул акцияны баштап калышыбыздын себеби дүйнөнүн үшүн алган коронавирус пандемиясын көрүп, анын ичинде Кыргызстандын учурдагы абалын угуп, терең кайгыга түштүк. Ушул айдын 14нөн айдын аягына чейин акча чогултабыз. Кимдин чөнтөгүнөн канча чыкса, чогулта баштадык. Ошол акчага Түркиядагы фирмалар менен сүйлөшүп, медициналык аппараттарды алууну чечтик. Ошондой эле Түркиядан Кыргызстанга аппараттарды ыкчам жеткирүү жолдорун издеп жатабыз. Кыргызстанда коронавирустан каза болуп жаткан боордошторум тууралуу угуп өтө кайгырып отурам. Кыргызстан биздин түпкү мекенибиз. Ар бир адам ата мекенин бай, өнүккөн өлкө катары көргүсү келет. Тарыхы бай, жери кенен өлкөбүздүн ушул абалын көрүп, ичибиз ачышып турат. Азыркы маалда кытайлык, оогандык, памирлик кыргыз болобузбу баары бир, мекенибизге бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган мезгил. «Көп түкүрсө көл болот» деген сөз сыяктуу вандык кыргыздар жөнөткөн жардамды аз дебей кабыл алып, элибиздин керегине жаратар деп үмүт кылабыз. Бир боордошторум, оорубаңыздар».

Улуу Памир айыл тургундары.
Улуу Памир айыл тургундары.

Вандык кыргыздардын баштаган жардам акциясына Түркиянын булуң-бурчунда жашап, мамлекеттик кызматта иштеген кыргыздар да колдоо көрсөтүп жатышат.

Алардан Стамбул мэриясына караштуу «Топкапы» маданият комплексинин кызматкери Абдулметин Кескин да айрым түрк бирикмелер вандык кыргыздардын акциясына кошулуп, колдоо көрсөтөрүн билдиргенин айтты.

«Чогулткан акчабызга кычкылтек концентратору, дарыгерлерге атайын коргонуучу костюм, дары жана беткап жөнөтөлү деп турабыз. Кыргызстан ар дайым вандык кыргыздардын жанында болуп келген. 2011-жылы Ванда жер титирегенде кыргыз өкмөтү бизге бир учак гумжардам жөнөткөн. Ага ыраазыбыз. Биз да мындай кыйын абалда аксакалдар, жаштар болуп чогулуп Кыргызстанга жардам көрсөтөлү дегенбиз. Түркиянын мамлекеттик кызматтарында, дарыгер, мугалим болуп иштеген кыргыздар да бизге колдоо көрсөтүп жатышат. Ошондой эле Түркиянын айрым бирикмелери, коомдору да Кыргызстандын оор абалын көрүп жардам бергиси келген түрк боордоштор да болду. Булардын атынан да Кыргызстанга жардам жөнөтөлү деп турабыз».

Улуу Памир айылында 2 500гө жакын кыргыз жашайт. Алардын 350дөйү - мектеп окуучусу. Ал эми Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында беш миңден ашык вандык кыргыз бар.

Улуу Памир айылы Түркиянын чыгышында Иран менен чектешкен Ван дубанында жайгашкан. Жергиликтүү калк негизинен айыл чарбасы менен алектенет.

Кыргыздар Түркияга 1982-жылы Ооганстандан көчүп барышкан. Ал эми Улуу Памир айылы 1987-жылы түптөлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG