Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Штаб: Сасык тумоого каршы эмдөө пандемиядагы абалды жеңилдетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Элдин сасык тумоого жана респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет. Бул тууралуу 8-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жыл сайын күз-кыш мезгилинде тумоологондор кескин көбөйөрүн, учурда элди эмдөөгө мамлекеттик медицина жайлары менен катар жеке клиникалар да даярданып жатканын айтышты.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков эмдөөнүн маанилүүлүгүн элге жеткирүү зарылдыгын, вакцина алуу сентябрь айынын экинчи жарымында башталарын белгиледи. Эл арасында, айрыкча социалдык түйүндөрдө эмдөөгө каршы түрдүү пикирлер айтылып жатканын, бирок анын ден соолукка зыяны жок экенин белгиледи.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 526 адамга жукту, алардын 40 158и айыкты, 1 062 бейтап каза болду.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов 7-сентябрда онлайн кеңешмеде талкуулашкан. Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болбошуна эч кандай кепилдик жок экенин белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG