Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

COVID-19: Кыргызстанда коронавирус жуккандар көбөйдү


Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы жети күн ичиндеги жогорку көрсөткүч болуп калды. 10-сентябрдан бүгүнкүгө чейин эң төмөнкү көрсөткүч 47, жогорку көрсөткүч 77 болгон.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 107си айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллион 764 миңден ашты. Алардын 939 миң 500гө жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер - АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG