Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

«AstraZeneca» компаниясы вакцинаны сыноону улантты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 илдетине каршы үмүт жандырган вакциналардын бирин сыноонун үчүнчү баскычы улантылды. «AstraZeneca» компаниясы жана Оксфорд университети чыгарган бул вакцинаны сыноо ыктыярчылардын бири сыркоолоп калганына байланыштуу 8-сентябрда убактылуу токтотулган эле.

Аталган компаниянын вакцинасын сыноого дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей адам катышып жаткан. Алардын бири, Британиядагы ыктыярчы аял неврологиялык белгилери бар, омуртканы сезгенткен илдетке чалдыккан. Мындан улам компания сыноо иштерин убактылуу токтоткон.

Оксфорд университети билдиргендей, «мындай чоң сыноолордо бейтаптардын сыркоолоп калышы күтүлгөн көрүнүш, бирок ар бир учур дыкаат текшерилип, коопсуздугу каралат».

Сыноону улантуу чечимин Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок «бардыгы үчүн жакшы жаңылык» деп баалады.

Бул вакцина дүйнөдөгү сыноонун үчүнчү баскычынан өткөрүлүп жаткан тогуз вакцинанын бири. Учурда аны менен 18 миңден көп ыктыярчы эмделген.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны 28,6 миллиондон ашты. 919 миңдей киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG