Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Коронавируска каршы вакцинаны сыноо убактылуу токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«АстраЗенека» фармацевтикалык компаниясы коронавируска каршы вакцинаны сыноонун акыркы баскычын улантууну убактылуу токтотту. Буга вакцина сайылган ыктыярчылардын бири түшүнүксүз ооруга чалдыкканы түрткү болду. Бул тууралуу компания 8-сентябрда кабарлады. Анда эмдөө «көз каранды эмес комиссияга коопсуздугун текшерүүгө мүмкүнчүлүк бериш үчүн» убактылуу токтотулганы жазылган. Компания муну кадыресе көрүнүш катары мүнөздөп, мындай текшерүүлөр сыноо маалында болуп турарын белгиледи.

«АстраЗенека» жана Британиядагы Оксфорд университети чыгарган бул вакцина - учурда өндүрүшкө чыгары күтүлүп жаткан негизги талапкерлердин бири.

«АстраЗенека» - вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычын өткөрүп жаткан үч компаниянын бири. Учурда АКШда түмөндөгөн ыктыярчылар сыноого катышууда. «Pfizer» жана «Moderna» компаниялары чыгарган препарат да сыноонун үчүнчү фазасына жеткен.

Ал арада италиялык изилдөөчү медиктер орусиялык вакцинанын клиникалык сыноосу күмөн жаратарын билдиришти. «Lancet» журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен.

Вакцинаны чыгарган Гамалея борбору статистикалык маалыматтар бурмаланган деген дооматты четке какты.

XS
SM
MD
LG