Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:50

Кыргызстанды артка тарткан үч чыккынчы


Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы элчи Раимкул Аттокуровдун Кыргызстанда Орусияга кошулуу маселеси кызуу талкууланып жатат деген сөзү көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Аны "чыккынчы" деп, жоопко тартууну талап кылгандар да бар. Биз бул ирет чыккынчылар деп кимдерди таанып, Кыргызстандын эгемендигин кантип сактап калуу керектигин талкуулап көрөлү.

Чыккынчы - зат. Элдин, өз тарабынын кызыкчылыгын сатуучу, өз тарабынан бөлүнүп, душман, кас тарапка өтүп кетүүчү же жашыруун сырды, ишти душманга билдирип айтып коюучу киши. (1969-жылы жарык көргөн “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнөн”).

Ушул аныктамага таянып, бизде азыркы кезде төмөнкүлөрдү чыккынчы десек болчудай:

  1. Коррупцияга баткандарды.
  2. Аларга жан тартып, болушкандарды.
  3. Кайдыгерлерди.

Өзөктөгү өрт

“Эгер өлкөңөрдү уул-кыздарыңар кайрылып келгидей, өргүүгө чыкканда гана чет жакка барып тургудай, келечегинен коркпогудай кылып курууну кааласаңар, анда эки эле кадамды жасагыла:

1) Коррупцияны Мекенин саткан кылмыш деп, ал эми коррупциячыларды жетинчи урпагына чейин чыккынчы деп жазалап тургула...

2) Үч кесиптегилерге эң жакшы маяна берип, эң жакшы урматтагыла. Булар – аскер адамдары, мугалимдер жана догдурлар...

3) Эң башкысы – иштегиле, иштегиле жана да иштегиле! Анткени силерден башка эч ким өзүңөрдү коргобойт, силерди бирөө келип бакпайт, силердин өлкө өзүңөрдөн башка эч кимге керек эмес.

Ушулардын баары жөн эле сөз же курулай ураан эмес, жашоо мүнөзүңөр болуп калганда, силер максатыңарга жетесиңер...”

Голда Меир, Израилдин 5-премьер-министри

Азыр чет өлкөлөргө биротоло кетип калууну эңсеген жаштар көп. Ушундай маанайдагы орто курактуулар да кыйла. Жүз миңдеген мигранттарыбыз дегеле сыртка чыккысы келбесе да жумушсуздуктун айынан алыста жүрөт. Кыргызстанга кээде өргүү убагында деле келе албайт.

Аскер адамдарынын, мугалимдердин, догдурлардын маянасы үй-бүлө бакканга жетпейт. Мунун айынан чек ара тынч эмес, балдардын билими начар, диагнозу туура эмес коюлгандыктан оорусу өтүшүп кеткендер көп.

Бул жакта калып иштегендердин көбү, айрыкча бюджеттик чөйрөдөгүлөр, жашоосун жакшырта албайт. Ишкерлердин бизнеси “каралардан”, “мыйзамдуу” рейдерликтен корголбойт.

Эки жолку “революцияда” кулак тундура кыйкыргандар "баланча кетсин" дегенден ары бара алган жок – “баатырлардын” эч кимиси сот бийлигин тазартуу, башчылардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айткан жок. Тескерисинче, мамлекетти башкаруу системасы дээрлик бүт бойдон жоопкерсиздикке негизделип калды.

Мунун баары туташ паракорчулукка себепчи. Бирок мителердин көбөйүшүнө өзүбүз да күнөөлүбүз.

Эл жегенге жардамчылар

Эгемберди, Бактыяр –

Эл жегенге жардамчы.

Токтогул Сатылгановдун “Беш каман” ырынан.

Беш каман болсо бир кезде,

Пейили жаман бул кезде

Беш короо каман жүрбөйбү.

Элмирбек Иманалиев.

Колунан эч нерсе келбегендер, уурулар, кылмышкерлер жана алдамчылар үчүн добуш бергендер – жабырлануучулар эмес. Алар кылмышка катышуучулар.

Жорж Оруэллдин “Мал короо” романынан

1) Мамлекеттин пайдубалы – сот адилеттиги. Бирок бизде соттор акты кара, караны ак кылып, талаш-тартыштын дээрлик баарын пара бергендин пайдасына чечип калган. Милиция өмүрүн тобокелге салып кармап келген кылмышкерди бошотуп, атүгүл актап жиберген соттор көп. Аларды прокурорлор да тескебейт. Коррупциянын кеңири тамыр жайышына жол ачкандар ушулар.

2) Акчасын төлөсө, желмогузду да элдик баатыр кылып сүрөттөөгө даяр турган “пиарчы” журналисттер. Сыйлык, наам алуудан үмүттөнгөн кошоматчы жазуучулар, акындар, башка дагы ар кайсы кесиптердеги төбөсү көрүнгөн (таанымал) кишилер.

3) Миң сом үчүн беш жыл бою мамлекеттин эӊ орчундуу маселелерин каалагандай калчаганга ыйгарым укукту уурулардын, паракорлордун, даана чыккынчылардын колуна салып беришке макул болгон шайлоочулар.

Жоопкерчиликти көтөрө алабызбы?

Уйкудан баш көтөрбөгөн элдер же жок болот, же кул болуп ойгонот.

Мустафа Кемел Ататүрк.

Эркиндиги үчүн жоопкерчиликти көтөргүсү келбеген адам убактылуу кутуруп, анан акыры өзүн тескегидей бирөөнүн көзүн караганга аргасыз болот.

Бизге Сталиндей жетекчи керек дегендер ошол диктатордун тушундагы репрессияга эӊ мыкты дыйкандар, малчылар, иштин көзүн билген чарбакерлер, нукура интеллектуалдар, улуттун келечеги үчүн өмүрүн аябаган асыл инсандар кабылганын, миңдеген жазыксыз кишилер сүргүнгө айдалып, адамдар бири-биринен коркуп, кимге ишенерин билбей, түрмөдөгүдөй “тартипте” жашаганын билбейт же билгиси да келбейт.

Орусияга кошулуш керек дегендер азыр бул өлкөдө деле уурулар, паракорлор оюна келгенди кылып жатканын, биздей аз сандуу элдерге теңсинбеген мамиле күч алып баратканын, улуттук тилдерди колдонуу чөйрөсү тарыгандан тарып, буга мыйзамдуу шарт да түзүлүп калганын көрбөйт же көрмөксөн болот.

Ырас, биз Орусия, Кытай, Америка жана башка мамлекеттер менен, биринчи кезекте кошуна өлкөлөр менен жакшы мамиледе болушубуз керек, зарыл. Бирок өзүн сыйлабаганды башка бирөө сыйламак беле?..

Эч кимге кошулбай, өз алдынча мамлекет болуп жашай бериш керек деген көз карашты мен толугу менен жактайм. Бирок дал ушул каалообуз реалдуу ишке ашсын десек, азыркы уйкусураган абалдан тезирээк чыгышыбыз өтө зарыл. Карыздар эсепсиз алынып, жегичтер миллиондорду жалмап, мүлжүнгөн сөөк ыргытып койсо, аларды айга- күнгө теӊеп, мактагандардын хору жаңырып жатат.

Эгер ойгонбой жата берсек, ушул жагдайдан жакын арада чыгууга баарыбыз чечкиндүү умтулбасак, мамлекеттин эртеңкиси бүдөмүк...

Өз тагдырыбыз үчүн жоопкерчиликти көтөрүп, эң башкы чыккынчыларыбызды тыя алабызбы?..

Жолдош Турдубаев, публицист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG