Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 07:54

Ажал тооруп келсе да, адамдыктан тайбайлы


Жолдош Турдубаев

Эки башка бөлүп аталган илдет күн сайын элүүдөй кишини арабыздан жулуп кетүүдө... Буга чейин көпчүлүк ушул вирустун бар экенине ишенбей келсе, эми ар ким жакындан тааныган адамдарынын, туугандарынын кайткыс сапарга кетип жатканын өз көзү менен көрдү, оорунун азабы өз башына келди, зарыл делген дары-дармекти таппай алдастады...

Ушул оор күндөрдө кайрат кылып, жамандыкка биргелешип каршы турууга, аза күтүүнүн шаанисин эле кайталабай, маанисин да түшүнүүгө умтулалы.

Угузуу. Кошок. Коштошуу

Бул күндөрдө Фейсбукту ачсаӊ эле “Аска-зоом урады!”, “Күндүзгү күнүм түн болду!” “Бел болор агамдан (атамдай көргөн акемден, энемдей болгон эжемден ж.б.) айрылдым!” дегендей суук кабарлар жаӊырат.

Апаатка такаат кылуу үчүн өзүбүздү эле эмес, башкаларды да ойлойлу. Жакындарыбыз каза болсо, элге кабарлабай коё албайбыз, бирок бөрү улугандай бир эле кайгылуу кепти миӊибиз кайталап жарыялай бербейли барактарга! “Үзүлүптүр” деген кабарды уккандар, суук сөздү элге жаюуга шашылбагыла – балким, жаӊылыш айтылып калгандыр? Же эӊ жакын адамдарына – ата-энесине, өмүр шеригине, балдарына каадасы менен угузула электир? “Калп болуп калса экен!” – деп кыйкыра шыпшынгандар, кичине сабыр күтпөйсүӊөрбү?!.

Сагызгандай шакылыктабайлы!

Ажал келсе, айла жок – жаш-карыга, бай-кедейге, зор менен корго карабайт. Убакыт-сааты жеткенде ким да болсо бул жарык дүйнөдөн кете берет. Бирок бул ачуу чындыкты өз башына кайгы түшпөгөн же ыйлаганга көзүнүн жашы калбаган пенде гана унчукпай моюндай алат экен. Жакынынан айрылган адам канаты кайрылгандай, боор этин кесип алгандай, жүрөгү канап, эч бир соороткон кепке кулак сала албай калат тура...

Албетте, деӊиздин кыйраткыч толкунуна кебелбей туруштук берген аскадай болуп, кайратынан тайбаган руху бекем адамдар бар. Алар маӊдай жарылар кубанычты да кебелбей тосуп, жүрөк жарылар кайгыны да тунжурай көтөрө билет.

Калган көпчүлүк өксөп ыйлайт, “Боорум!” деп өкүрөт... Ырас, исламда өкүргөнгө, маркумду ый менен узатканга болбойт дешет молдокелер. Мунун да өз жүйөсү бар: чоӊдор баары тоо жаӊырта ыйлап жатса, жашы жете электер, наристелер кантет? Жашабай жатып жан дүйнөсү жабыгып калбайбы?

Бирок кайгыга чөккөн киши ыйласа, кыйла жеӊилдеп каларын психологдор илимий жактан ырасташат. Тескерисинче, көкүрөктү тээп турган муӊду жүрөгүнүн түбүнө чөгөрүп ийген киши ооруп калышы толук ыктымал. Кыргыздын өлгөн жерге өкүрүп түшүү салты деле ушул ыңгайдан алганда туура эле экен. Болгону сөөк узаткан үйгө бармактай балдарды, жүрөгү назик болуп калган карыларды келтирбешке аракет кылуу керек. Муну илгеркилер сопсонун эле билчү.

Дал ушул жагдайды баарыбыз кайратына тан берген күчтүү адамдар жөнгө салат экен. “Өкүргүлө, бирок сөөк коюлган жерге силерден кийинкилер келгенде токтолгула – коштоп үн салсаӊар, басыгыраак болгула, - дейт алар. - Боордошуӊарга кайрат айткыла, дем-күч бергиле! Улам эле өксөп ыйлай бергенден көрө кошок тыңшагыла!”

Жаназага туруш, арбакка багыштап кантип, качан куран окуш эрежелерин молдолор түшүндүрүп келет – бул алардын колундагы жөрөлгө. Бирок диний жана элдик каадаларды туура айкалыштыралы. Динчил же улутчул (салтчыл) болуп аша чаппайлы. Эӊ башкысы, өлгөндүн артынан өлмөй жоктугун, жакшылык иштерге аза расмиси тоскоол болбошу керектигин, тирүүлөрдүн ден соолугуна кам көрүүнү унутпайлы!

Азыр илдет тегиз жайылып, андан ажал тапкандар азайбай жаткан чакта тажияга элди көп чогултпайлы!

Бийликтегилер, азыркы илдетти эки башкача атап, элди катуу адаштырып жаткан жоксуңарбы? Пневмония делгени жугуштуу эмес деп айта аласыңарбы? Мунун COVID-19га эч тиешеси жок экенин өзүӊөр анык билесиӊерби? Пневмониядан каза тапкан кишинин сөөгүн кадимкидей жууп, тажиясына элди эч коркпой чогулта беришке болобу? Кеч болуп кала электе, ушул суроолордун жообун тактагыла!

Эскерүү. Эскирүү. Эс кирүү

Бейит башында маркумдун уулу же башка жакын тууганы элге кайрылып: “Менин атам (абам, таякем ж.б.) кандай киши эле?” – деп сураган салт бар. “Карызы болсо, менден алгыла, аласасы болсо, кечтим”, - деп кошумчалайт. Бул кыргыздын наркындагы өтө терең маанилүү жөрөлгө. Өлгөн киши жөнүндө жаман сөз айтпайт, айрыкча бейит башында. Тырмактай болсо да, жакшы жагын эскеришет. Көзү барда талашып-тартышып, атүгүл жоолашып жүргөн болсо да, “Жакшы киши эле!” – деген киши каза болгон айылдашынын чындап эле идеалдуу адам болгонун эмес, тирүү жүргөнүн артык көрөрүн айтып жатат. “Бакырчаактын бары жакшы”.

Бул дүйнөдөгү башка элдердин да салтында бар жөрөлгө. Некрологдор да дайым бир кылка жазылат. Өмүр баяндын “бирок” жагы буга камтылбайт. Балким, өлгөн адамдын жаман жагы болсо, өз башы менен кетсин, тирүүлөргө жакшы жагы мурасталсын деген тилекти билдирер бул салт?..

Анан кайгы да эскирет, өтүп кеткен боордошунун жоктугуна туугандары көнө баштайт. Турмуш демейки агымы менен уланат. Бирок баары бир өлгөн адамдын оң-тетири жорук-жосундары унутулбайт. Жакшы кишини жүз жылдап, миң жылдап жомоктошот. Орто кишини жакындары өмүр бою эстеп жүрөт.

Кечээ Чубак ажынын кайтыш болгонуна кайгырган айрым замандаштар “Бир аалымдын өткөнү миң карапайым кишинин кеткенине барабар” дегендей маанидеги оор сөздү кайталашты. Көпчүлүгү эмне деп салганын өздөрү деле түшүнгөн жок. Дагы бири “андан көрө бир шаар жок болсо жакшы болмок” дегенге чейин жетиптир.

Туугандар, чебердегиле! Эч бир адамдын жаны башка эч бир кишинин жанынан артык бааланбайт! Жогорудагы айтымга окшош, бирок мааниси миллион эсе терең накыл кеп бардык диндерде, рухий окууларда, дүйнө тааным багыттарында эскертилип келет. Жакында эле аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон эркек жөнүндө сөз кылганда, ыраматылык Чубак ажы ошого маанилеш ойду айтты эле, замандаштардын канчасы жетик түшүндү? “Бир адамга жасалган зулумдук жалпы адамзатты кордогонго барабар”, - дебеди беле?

Эгер Чубак Жалиловду устат дегениӊер чын болсо, анын жолун татыктуу улантууга, айткан-дегенинен данектүүсүн иргеп, туура аңдап-билишке умтулгула!

Эсибизге кирели. Ээликпейли. Дин менен салтты, улут менен мамлекетти, укук менен милдетти каршылаш коюуну токтотолу. Куран менен Кудайдын атына жамынып саясий чайкоочулук кылгандарга алданбайлы!

Жолдош Турдубаев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (25)

XS
SM
MD
LG