Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:33

Чубак ажы кыргыздын чыгаан диниятчысы эле


Чубак ажы Жалилов. 10.11.2011.

Таажы вирусун өзүнө ырайымсыз желдет кылган шум ажал арабыздан чыгаан молдокебиз Чубак ажы Жалиловду алып кеткенин угуп, кабыргабыз кайышып турат. Аны менен баарлашып жүргөн тарыхчы Т.Чоротегин эскерет.

Аттиң ай, ар күнүбүз согуш майданынан кара кагаз алгандай алааматтуу кабар менен коштолуп жатканда, дагы бир кайгылуу жаңылык келди: айтылуу диниятчы инибиз, шейх Чубак ажы Жалилов теке (июль) айынын 11ине оогон алгачкы сааттарда Бишкектеги улуттук ооруканада дүйнө салган экен.

Уккан кулагыма ишенгим келбей турду...

Бир нече күн мурда эле аны менен СМС түрүндө кат алышып, ал-жайын сураган элем. “Буюрса, бардыгы артта калды, эми айыгып калдым”, деген илгери үмүткө жетелеткен сөзүн айтып, көңүлдү жай кылган эле...

Аны өзгөчө урматтаган түмөндөгөн замандаштары тез арада сакайып кетишин тилеп, анын “Фейсбуктагы” барагына же интернеттин ар кыл коомдук тармактарындагы өз барактарына жазып жатышты.

Алардын айрымдары Чубак ажы шашылыш ооруканага жаткырылган соңку учурда да молдокенин өмүрүн тилеп жатканын жогорудагы шилтемеден билебиз.

Аттиң!.. Чубак инибиз быйыл 45тен 46га караган жаштын чайын ичип, кесиптик, чыгармачыл жактан толукшуп турган чагы эле.

Ал азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында элет каймагынын –– айылдык мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Тажибай агай математикадан, энеси Гүлжамал эжей англис тилинен сабак беришчү. Чубак алты бир туугандын экинчиси эле.

Анын тубаса тарбиялуулугун, сылыктыгын, дипломаттыгын көрүп, мээнеткеч ата-энесине да ыраазы болчу элек.

Кыргызстандагы obzor.kg басылмасынын адилет маалымдашынча, Чубак ажы Кыргызстандын муфтийи катары аз гана убакыт башкарса да, жемкорлукка каршы кыйла реформаларды жүргүзүүгө умтулган экен:

Чубак ажы Жалилов 2010––2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариятка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон”.

Чубак ажыны фикх (мусулмандык укук) жаатында күчтүү ханафий адис катары баалашкандарын угуп келдим. Анын мусулман чөйрөсүндөгү кадыр-баркы айрым айдыңдык (секулярдык) саясатчылардын түшүнө да кирбеген деңгээлге жеткен.

Чубак ажы өз чөйрөсүндө диниятчылар кантип ачык-айрым болушу керектиги жаатында өз өмүрү менен өрнөк жаратып кетти. Ал мултимедиалык ыкмаларды мыкты өздөштүрүп, өз жактоочуларына интернетте онлайн баарлашуу аркылуу байма-бай сабак өткөрүп жатты.

Анын бул баарлашууларына сынчылары дагы эч кайдыгер калган эмес. Анын айрым калпыс сөздөрүн ушул саптардын ээси деле сынга алган учурлар болду. Мисалы, маркум диниятчыбыз аялдар үйдө эле отуруп калган учурду эң мыкты бакыбаттык катары саначу. Биз болсок аялдар атуулдук коомдун жигердүү мүчөлөрү бойдон кала берээрин көксөйбүз.

Бир маселеде Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чубак иним менен талаша кеттик. Ал “диниятчы” сөзүнүн этимологиясы эле. Анан бир күнү “Фейсбукту” ачсам, “Тынчтык агайдыкы туура экен” деген сөзү жүрөт.

Бул жарыянын этегиндеги талкуудан үзүндү:

Tynchtykbek Chorotegin: Inash Azim, мен бул жаатта диниятчы, ханафий аалым Чубак Жалилов иним менен да КМУдагы жогорудагы эскерилген коомдук талкуу маалында баарлашкам. Азыр ал кайсы вариантты тандап калганын билбейм.

Чубак Жалилов: Тынчтыкбек Чоротегин, Сиздин айтканыныз туура экен агай... Араб тилиндеги сөздүктөрдүн баары сиздин айтканыңыздай экен.

Чубак иниме бул сөзү үчүн абдан ыраазы болдум. Өз катасын мойнуна алуу дагы жалын жүрөк кишинин гана колунан келчү нерсе го дейм.

Бир ирет жакын туугандарыбыздын биринин уулу үйлөнүп, алкоголдук ичкиликсиз той өткөрүлдү. Анан куда-сөөк тараптан “ушул тойго Чубак ажы да келип, жаңы турмуш куруп жаткандарга бата берип кете алабы?” деп сурашса, “албетте!” деп жооп кайтарышыптыр. Анан мага кайрылышты. Ошол убакыттан саал мурдараак эле Чубак инимди бир маселе боюнча сындаган элем.

Телефонун таап чалдым. Чубак иним дароо макул болду да: “Тойдун баш жагында бир аз олтуруп берейин, анан онлайн сабагым бар эле, уруксат берсеңиз, эрте кетейин!” деп айтты. Сөзүндө туруп, жаштарга өз батасын берип, анан сабагына чуркап кетти.

Чубакебиз келип кеткенде “бул кишинин деле бедели бар тура, Чубак ажыга сөзү өттү!” деп кудалар мага тим эле космонавтты көргөнсүп, башкача карап калышыптыр. Мен, албетте, дагы бир ирет адамкерчиликтүү ажы иниме абдан ыраазы болдум. Ар ким өз пикиринде кала берген учурлар тагдырыбызда көп эле болот, ошондо да дал ушул Чубак сыяктуу айкөл болуу абзел.

Чубак инибиз 2000––2006-жылдары Сауд Арапстанда мыкты таалим алып кайтты. Ага чейин эле ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде (1995––1998-жылдары) арап тилинен сабак берген учурлары болгон. Демек, Чубак инибиз айдыңдык чыгыш таануу адистигине кадр даярдоого да окутуучу катары салым кошкон.

(КУУдагы аталган факультет бөлүм катары жаңыдан ачылган кезинде мен да бир окуу жыл “өрдөк жокто чулдук бий” болуп, арап тилинен кошумча сабак берген элем. Азыр, кудайга шүгүр, чет өлкөдөн мыкты билим алган арабисттер арбын болуп калышты).

Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Чубак ажынын Сауд Арапстандагы алган жогорку диний таалими жана чет жерде жашоо тажрыйбасы, албетте, анын өз алдынча билими менен кошул-ташыл болуп, анын өз эне тилинен тышкары арапча, орусча суудай билген мусулман диниятчысы катары гана ажарын ачпастан, мекенчил сезимин да курчуткан экен.

Кээ бир дааватчылар пакистандык жана саудиялык кийимдерди чулганып алышса, Чубак ажы атайын кыргыз чапанын кийип, кыргыз калпагы менен дарс алып барып, улуттук маданий мурасты да аздектеген чыгаан айдыңдардан болгонун эми айтпасак, качан айтабыз.

Аны ханафий деп баса белгилегеним –– суннийлердин ичинен Абу Ханифанын мазхабы Борбордук Азияда үстөмдүк кылды (анча мынча гана исмаилийлер жана шийилерди айтпаганда), кыргыздар толугу менен ханафий болуп келишти. Бул агым элибизге исламга чейинки далай салттарыбызды, үрп-адатыбызды сактоого, башка диндегилерге сабырдуу мамиле кылууга, атуулдук ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзүп келген. Ушундай шартта кыргыз мусулман айымдары да өздөрүн эркин кармашкан, паранжа тагынышкан эмес, зарыл учурда эркектер менен теңата жоокер да болушкан.

Ханафий диниятчы катары Чубак ажы айрым өз жубайына кол көтөргөн зөөкүр күйөөлөрдү ачык сындап келди.

Бир ирет ал жалпы кыргыз айымдарынан оор акыбалга эркектер кириптер кылып жатабыз деп кечирип сурады. Ал террорчулукка каршы турду. Ал ар ким өзгөрүүнү өкмөттөн жана өзгөлөрдөн күтөөрдөн оболу өзүнөн башташы керек деген пикирин баса белгилечү.

Чубак ажы эч мүңкүрөбөй, алдыга үмүт менен жашоого чакырган тасмалардын бири ушул.

Дааватчылык “модага” айланып, талаа иштери, малы каралбай дааватка кетип калган айрым жаштарга Чубак ажы алардын мындай жоруктары туура эмес экендигин, өз үй-бүлөсүн оор акыбалга калтырып, сырт жактагы үгүт аркылуу сооп издегенге эч болбостугун түшүндүргөн учурлары болду.

Жогоруда учкай айтканымдай, мен Чубак инимдин айрым көз караштарын бир топ эле сындап жүрдүм, бирок ошого карабастан, ага ачык-айрым, жаракөр, дилгир, билимдүү, сабырдуу инсан катары чоң урмат-сыйым бар эле.

Ал заманбап Кыргызстандагы билими терең чыныгы ханафий диниятчы окумуштуу эле.

Мындан 10-11 кылымдар илгери, Карахандар каганаты доорунда ал-Баласагуни, ат-Тарази, ал-Оши, ал-Узженди, ал-Барскани сыяктуу ныспалары бар далай окумуштуу бабаларыбыз мусулмандык илимий өрүш дооруна салым кошкон.

Советтик атеисттик доордон кийин, Кыргызстандын эгемендик заманында, кайрадан ханафий илимий мектебин калыбына келтирүү жүрүмүнө Чубак ажы Жалилов зор салым кошту десек болот. Анын мурасын диниятчылар да, секулярчы чыгыш таануучулар да изилдешет.

Ыраматылык Чубак ажынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Үй-бүлөсүнө, жакындарына, анын жолдоочуларына көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси эч качан эстен кетпейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (25)

XS
SM
MD
LG