Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Манас таануу –– тар фундаментализмге чидерленбеши керек


Хан Манас. Теодор Герцен тарткан гравюра.

Кыргызстанда даярданып жаткан “Манас” эпосу жаатындагы жаңы мыйзам долбоорунун айрым беренелери бир катар манас таануучулардын жана башка айдыңдардын тынчсыздануусун жаратты. Тарыхчы Т.Чоротегиндин блогу.

* * * * *

Бул макаланы жазууга түрткөн жагдай –– айрым тар чөйрөлөрдүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешине “Манас” эпосунун салттуулугу боюнча өздөрүнүн түшүнүгүнө ылайык мыйзам долбоорун таңуулагысы келгендиги болду.

Эгерде алардын түшүнүгү заманбап таанып-билүүнүн ыргагына ылайык келсе, анда, албетте, колдоого болоор эле.

Бирок “Манас” эпосун ич ара жаатташкан адистик күрөштүн куралына айлантуу үчүн колдонуп, андан ары пикирдеш эместерге каршы мыйзам чегинде чидер жаратуу далаалаты –– сталинчил цензурадан кийин жаңыча жанданып, ар тараптуу өнүгө баштаган комплекстүү манас таануу илиминин өнүгүшүнө кедерги тийгизиши ажеп эмес.

Тасма. "Манас" мыйзамынын талашы.

“Манас” эпосун айтуу өнөрү кыргыз элинин бардык эле тарыхый чөлкөмдөрүн камтыган. Мисалы, Кетмен-Төбөдөн Балыкооз (Бекмурат) Кумар уулу (1799––1887), Таластан Найманбай Балык уулу (1847––1913), Нарындан Тыныбек Жапый уулу, Көлдөн Чоңбаш (Нармантай), Чоюке Өмүр уулу (1863––1925), Жумгалдан Жаңыбай Кожек уулу (1869––1942), Чүй жана башка жактардан деле көптөгөн чыгаан манасчылар чыккан.

Манасчылардын далайы эстен чыккан, канчалары, Тоголок Молдо атабыз таасын айткандай, улуу көчтөгү унутулгус уламышка айланган:

«Токтогул ырдап турганда,

калктын баары тыңдаган.

Көрүп туруп көз менен,

Жомок кылып сөз менен.

Ырамандын Ырчы уул –

Жомокчунун башчысы,

Баарын тизген Токтогул –

Бул жомоктун ачкычы».

Тыныбектин шакирттеринин бири Сагынбай Орозбак уулу (1867—1930) болсо, Сагынбай өзү 1916–17-жылдарда Какшаал аймагында Балбай Мамайга жана кийин Кыргызстандагы манасчыларга таасирин тийгизген. Өз устаты катары Чоюке манасчыны эскерген Саякбай Каралаев (1894–1977) болсо өз кезегинде башка далай шакирттерди таптаган.

Манасчы Сагынбай Орозбак уулу.
Манасчы Сагынбай Орозбак уулу.

Бул улуу көч эч бир уруу же өрөөн менен, же болбосо, кыргыздарды жиктеп алышкан ири мамлекеттер менен чектелген эмес. Кыргыздар байырлаган бардык жерлерде “Манас” эпосунун ар кыл варианттары элди ынтымакка, эгемендик үчүн күрөшкө, Улуу жибек жолунун таманындагы тарыхый коңшулар менен ырааттуу ымалашып жашоого үндөп келген.

Теңир-Тоо менен Ысык-Көлдөгү мектептен көз каранды эмес манас айтуу өнөрүнүн айрым үлгүлөрү башка алыскы тоолуу чөлкөмдөрдө жана өрөөндөрдө сакталган. Франсуз кыргыз таануучусу жана түркологу Реми Дор, мисалы, ооган кыргыздарынын арасында да манасчылар болгонун учурунда илим чөйрөсүнө кабарлаган.

Ичкилик кыргыздарда да, демек, “Манас” айтуунун өзгөчө салты болгон.

Ал эми жалпы Кытайдагы кыргыздардын арасындагы манасчылар тууралуу профессорлор Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лан Йиң, Карл Райхл, Такао Нишиваки, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак кызы, Амантур Абдырасул, Макелек Өмүрбай, Ысакбек Бейшенбек, Чолпон Субакожоева, Жаннатгүл Кудайберген, Тургуналы Турсуналы жана башкалар байма-бай изилдеп келишет.

Манас таануучулар Такао Нишиваки (солдо) менен Карл Райхл. Бээжин ш. 19.10.2015.
Манас таануучулар Такао Нишиваки (солдо) менен Карл Райхл. Бээжин ш. 19.10.2015.

Кытайлык кыргыздардын бардыгын ичкилик уруусунан деп айта албайбыз. Алардын арасында кыргыздын бардык негизги топторуна кирген уруу-уруктардын өкүлдөрү бар. Алар да Ала-Тоодогу кыргыздардан эч кем калбастан, кыргыздын тарыхый жана маданий мурастарын көз карегиндей сактап келишти.

Кээде Кыргызстанда сталиндик жана андан кийинки цензуранын айынан чектелип калган учурларыбызда, тескерисинче, саны аз болгонуна карабастан, кытайлык кыргыздар айрым улуттук мурастарыбызды ырааттуу сактай алган кезеңдер да болду.

Мисалы, бизде тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун падышалык доордо, 1913–14-жылдары, Өфө шаарында басмадан жарыялаган кыргызча тарых китептери “феодалдык” деп жерилип жаткан чакта, 1986-жылы кытайлык кыргыздардын чыгаан тарыхчысы Анвар Байтур (1938—1991) КЭРдин ШУАРынын борбору Үрүмчүдө Осмонаалынын эки китебин бириктирип, арап арибинде кыргызча жарыкка чыгарган болчу.

(Караңыз: Койчиев, Арслан Капай уулу. Осмоналы Сыдык уулу жана анын "Тарыхтары" / Ред.: А.Мокеев, Т.К.Чоpоев. — Бишкек, 1992. — 46 б.; Кожобеков М.Ч. Oсмонаалы Сыдык уулунун өмүр баянына айрым тактоолор // Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi. Sosyal Bilimler Enstitüsü, 2005. — № 14. — S. 13—28; ж.б.).

Профессор Мамбеттурду Мамбетакун (оңдо) менен Т.Чоротегин Ак-Чийдеги Манастын жана анын урпактарынын айкелинин жанында. КЭР. 10.7.2014.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун (оңдо) менен Т.Чоротегин Ак-Чийдеги Манастын жана анын урпактарынын айкелинин жанында. КЭР. 10.7.2014.

Эми алиги мыйзам долбоорунун бир шойкомдуу өңүтүнө токтололу.

Илимди цензуралык чидер менен чектөө аракети Кыргызстандагы “Манас” эпосуна арналган жаңы мыйзам долбоорундагы “2-берене” делген бөлүгүндөгү төмөнкү саптардан айрыкча айгинеленет:

“«Манас» эпосу «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык» деген бөлүктөрдөн жана дүйнө элдеринин эпосторунун ичинен эн чоңу деп эсептелип, 500553 саптан турат. «Манас» эпосунун классикалык варианттары – бул манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттар”.

Сыртынан караганда, салттык манасчылыкты коргоп жаткандай сезилген менен, дал ушул бөлүктө тымызын Дамокл кылычы турат: “тар ченемге сыйбасаңыз, же бутуңузду кесебиз, же башыңызды кесебиз” дегендин мыйзамдык механизми жатат.

Эми ыраматылык Тыныбек Жапый уулун кантип көрүнөн тургузуп келип, “классикалык вариантка ылайыктап кайра айтып бериңиз” деп өтүнөбүз? Ал эми Сагынбай менен Саякбайдан мурдагы доорлордо айтылган жана Ч.Ч.Валихановдун, В.В.Радловдун, Г.Алмашинин, П.Фалевдин изилдөөсүндөгү варианттар, башка эпизоддук варианттар таштанды челекке кетеби?

Албетте, бул варианттарга каршы кооз сөздөр камтылган миң мыйзам кабыл алынса да, жалпы адамзат ошол бизде жерилиши мүмкүн болгон варианттарды да сактап, изилдеп кала берет деңизчи.

Маселен, В.В.Радлов менен Ч.Ч.Валиханов бейтааныш кыргыз манасчылардан жазган варианттар, Тыныбектин айтуусундагы үзүндүлөр, солто уруусунун Күнтуу уругунун дандыбай уругунан чыккан Кенжекара Калча уулу (1859––1929) айткан, сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан үн тасмага жаздырылган үзүндү, Байымбет Абдыракман уулу (Тоголок Молдо; 1860––1942) калтырган үзүндү, же Саякбайдын жашы саал улуураак замандашы, Дуңкана Кочуке уулу (1886––1981) айткан үзүндү жана башка сакталып калган варианттар манас айтуу өнөрүнүн улуу көчүнүн ажырагыс бөлүктөрү болуп саналат.

Манас айтуу өнөрүн “марксизм-ленининзмдин мындайча гана классиктери бар, калганы –– эмгеги таштандыга кетчү ревизионисттер” дегендей эски ыкма менен тергөө бүгүнкү күнү күлкү гана келтириши керек.

Мурда кабыл алынган мыйзамдын бир чоң утушу –– “Манастын” сюжетин айтымыш болуп, бирок анын арасында өзүнүн күйөөсүнөн кеп кылып, өзү менен кошо тоо-ташты кыдырган режиссёр, журналист жана башка кишилерден бери мактап кошо берген; “Манас” эпосуна караандашы таптакыр мүмкүн эмес болгон сырткы дүйнөлүк реалийлерди жана дүйнөдө жок аталыштарды чар-жайыт кошуп, эпостук аруу дүйнөнүн тамтыгын чыгарган “жайсаңчыларды” сындоого жана чектөөгө бул мыйзам мүмкүн кылган эле.

(Айтмакчы, алар өздөрү өздөрүн ыракаттануу менен “жайсаңчы” аташат, мени атайын ушул терминди ойлоп таап, таңуулады деп санабаңыздар; эгерде “жайсаңчылар” бакшы “Бүбү Майрамдын гана варианты туура, анткени аны аркы дүйнөдөн нагыз манасчы айттырып жатат” деп бул чүргөмөнү таңуулап чыкпастан, ошол текст –– Майрам Сармалдакованын гана кара сөз менен чүргөп, ыр кошулган жоруму деп сунушташса, анда окурмандар ага анчейин көңүл бурушмак деле эместир, балким, айрым сайентологдор тынч маашырлана беришмектир.

Бирок алар дал ушул Бүбү Майрам аркылуу аркы дүйнөдөн вай-файсыз алдырылган жоромол окуу китептерине сөзсүз кирсин деп, салттык манас айтуу өнөрүнө шек келтире башташканда, айдыңдар алардын жоругуна каршы чыгышкан болчу.

Салттык манас айтуу өнөрүн сактоо кыймылынын төркүнү дал ошондо. Жайсаңчылар айрым манасчыларды да “силерге каршы иш башталды” деп козутууга аракет кылышты. Тескерисинче, айдыңдар дал ошол нагыз манасчылардын оозеки манас айтуу өнөрүн шарлатандыктан коргоп жатышты).

Тасма. Талашка түшкөн "Жайсаңдын" "Манасы".

Ким билсин, азыркы мыйзам долбоору кандайдыр-бир көмүскө реванштын далаалатын элестетпесе болду деп чочуйм.

Бул мыйзам долбоорунун дагы бир тымызын бутасы –– Кытайдагы “Тоо гүлү” мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кытайлык кыргыздардын руханий өсүшүнүн тиреги болгон маркум аксакалыбыз –– ыраматылык Жусуп Мамай (1918––2014) айткан вариант экенин жаземдебестен биле алабыз.

Салттык “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинен кийинки уландысы «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык» деген бөлүктөр гана болсун, деген талаптын саясий кермек даамын карапайым замандаштарыбыз анчейин байкабай калышы деле ыктымал.

Манасчы Жусуп Мамай менен Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.
Манасчы Жусуп Мамай менен Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева. Ак-Чий ш., КЭР. 27.6.2012.

Ал эми ушул талаптын артында ыраматылык Жусуп Мамай “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинен кийин улаган вариантты атайылап жерүү, болгондо да, иши кылып кол көтөрүп койчу депутаттар чыгып калса, алардын колу менен “жайлоо” далаалаты турат.

Эми, ыраматылык Жусуп Мамай кантип ушул үчилтикти андан ары өзүнүн варианты аркылуу улаган таржымакалга учкай кылчая кетелик.

Какшаалдагы өз доорунун мыкты манасчысы болгон Балбай Мамайдын иниси (Жусуп төрөлгөндө Балбай 21де экен) катары, албетте, Жусуп анын осуятын уккан.

Андан тышкары Жусуп Мамай XIX –– XX кылымдардагы Тыныбек, Сагынбай, Жусупакун, Ыбырайым, Чоюке, Акылбек, Шапак, Дыйканбай сыяктуу манасчыларга тийешелүү эпостук варианттардын айрым мазмундарына таасирленген дешет.

1961-жылы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлгөн. Оболу жарым жыл аралыгында андан 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлгөн. Ал кезде Жусуп Мамай жөн гана аткарып берчү.

Тасма. Жусуп Мамай (сценарийин чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы Мамай жазган). 21.8.2019.

1964––1966-жылдар аралыгында Жусуп Мамайдын вариантын толуктап жазып алуу үчүн ага экинчи ирет кытайлык илимий экспедиция жиберилет. Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.

Ал эми 1966-жылы Кытайда каргашалуу «Маданий ыңкылап» саясаты башталып калат (бул СССРдеги 1930-жылдардагы репрессиянын башка бир түрү болгонун бардыгы билет).

“Эл душманына” алеки саатта жазыксыз айланган Жусуп Мамай 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин саясий куугунтукка туш болот. (Айтылуу Дэн Сяопин да 1966––73- жана 1976––77-жылдары куугунтукка кабылган эмеспи).

Манасчы Жусуп Мамай үй-жайынан ажыратылып, борбордон алыс “Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт.

Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет. Арийне, 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калгандыгы өзгөчө өкүнүчтүү окуя болгон.

Сыягы, манасчынын эмгегинин кадырын билген бээжиндик адистер деле чет-четинен сүргүнгө айдалса керек. (СССРде деле сталинизм доорунда ушуга окшогон окуялар орун алды да).

Бул каардуу жылдары Жусуп Мамай Ак-Булуңда сүргүндө жөн гана башын катып жатып албастан, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген “Манастын урпактары тууралуу баянды” өз алдынча кагазга түшүрүп, өркүндөтө баштайт. Демек, ага манас айтуу өнөрү ошол каат жылдарды жеңүүгө күч-кубат ыроолоп, кайра жаңы сереге чыгууга шыктандырган дей алабыз.

Манасчылык салтын Кытайда кеңири жайылткан залкар жомокчу Жусуп Мамайдын мурасына арналган II эл аралык илимий жыйында. Нарын, 29.5.2015.
Манасчылык салтын Кытайда кеңири жайылткан залкар жомокчу Жусуп Мамайдын мурасына арналган II эл аралык илимий жыйында. Нарын, 29.5.2015.

Андан соң Бээжинде либералдаштыруу доору башталат. 1978-жылдан жанданган бул өнөктүктү расмий КЭРде “реформа жана ачылуу доору" деп аташат жана ал доордун демилгечиси жана жолбашчысы –– бийликтин тизгинин колуна албастан туруп өлкөнү реформаларга багыттай алган, өз элинин кеменгери Дэн Сяопин (1904--1997) болгон.

1978-жылы декабрда Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар ак-чийлик кыргыз манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алына баштайт.

Азыр айтууга жеңил болгон менен, бул иш –– кыбыр жана түйшүктүү болгон. “Маданий ыңкылаптан” кийин дароо эле адистерди табуу да кыйынга турса керек.

Айтор, бул чыгармачыл жүрүмгө кытайлык айдыңдар Сакен Өмүр, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ысак, жана башкалар өз салымдарын кошкон.

Акыры Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча хан Манастын жана анын 7 муундагы урпагынын окуясы баяндалган ири эпостук вариант кагазга түшөт.

Аларды санай кетелик:

Манас – 50 миң сап ыр,

Семетей – 37 миң сап ыр,

Сейтек – 25 миң сап ыр,

Кененим – 34 миң сап ыр,

Сейит – 11 миң сап ыр,

Асылбача –– Бекбача – 30 миң сап ыр,

Сомбилек – 11 миң сап ыр,

Чигитей – 12 миң сап ыр.

Бул ири эпостук вариантты кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлгөн. Жазылганды түшүнө албай калышкан учурда Жусуп Мамай өзү да кат билген айдың катары көмөк кылып, түзөткөн.

Ошентип, “маданий ыңкылаптан” кийинки беш жыл ичинде Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынган.

Дал ошол 1982––1984-жылдары Кыргызстан Компартиясы советтик кыргыз тарых илимине “Энесай Кыргыз каганатынын” доорун четке каккан жоромолду таңуулап жаткан чакта, КЭРде жазылган Жусуп Мамайдын вариантында Энесай, Алтай да кыргыздын тарыхый жерлери катары ачык сыпатталганын белгилей кетүү абзел.

Акыры, 1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде кыргыз тилинде (кайталап айтайын –– эне тилибизде) жарык көрөт.

XXI кылымдын башында бул вариант кыргыз тилинде кирил жазмасында да жарыяланды.

Эми жаңы мыйзам долбоору аркылуу байкатпастан “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача –– Бекбача”, “Сомбилек” жана “Чигитей” деген уланды дастандарды “классик манасчыга таандык эмес” деген шылтоо менен “жыга чабуу” далаалаты болуп жатканда, аргасыздан узун сабак сөзгө түшүп, калайыкка өз түшүндүрмөмдү берүүгө мажбур болдум.

Сүргүндөн кайтып келип, бул вариантты жаздырганда манасчы Жусуп Мамайдын бир гана тилеги –– “Манас” эпосу жана андан башка эпостор, дастандар аркылуу кыргыз элинин улуу руханий көчүн сактап калуу жана өнүктүрүү ою гана болгон. Ал улуу жомок менен дастандардын элди сактоо касиетин мыкты түшүнгөн.

Кайсы бир цензорлор аркылуу анын эпостук вариантына кирип кеткен бир-эки сөздү кармап, чымынды төөдөй көрсөтүп, Жусуп Мамайды кайрадан "эл душманы" катары айыптап, анын арбагына акаарат келтирүү –– барып турган осол “хунвэйбинчилик” деп санаймын. Ансыз да "фолк хистори" өкүлдөрү "Манас" эпосун бурмалап жаткан чакта, илимпоздор кыйкым издөөдөн жогору туруп, ар кыл калпыстык делгендердин себептерин ачууга алдырбастан иликтегени жөн.

Мен энемдин этегин кармап, мурдумду шуу тартып жүргөн тестиер учурумда эле (ал түгүл төрөлө элек кезимде) Жусуп Мамай атабыз опол тоодой иш аткарып, миллиард үч жүз миң сандуу кытай улутунун арасында кыргыз маданиятын сактап, кылымдык иш аткарган. Эми мен туурадан чыга калып, анын мурасына интернет доорунун бийиктигинен "цензор болууга" далаалат жасасам, анда өзүм нагыз манкурт болуп калам го деп корком.

Ыраматылык Дуңкана Кочуке уулу чоң ата биздин айылыбыздагы кадырлуу манасчы эле. "Атаганат, азыркы уюкфондор же үн жаздыргычтар ошол кезде болгондо, анда ал кишиден да “Манастын” илимпоздор жазып үлгүрбөгөн вариантын жаздырып калбайт белек!" деп арман кылам.

Эми колдо бар алтындын баркы жок деп, улуу мурастын бабалар жаздырып кеткен айрым өңүттөрүн жасалма мыйзамдык укурук аркылуу муунтуу далаалатына жол койбошубуз абзел. Манасчы бабаларыбыздын данакерлигин эч унутпашыбыз керек.

«Манас» операсы коюлган соң, президент С.Жээнбеков кытайлык өнөрпоздорго алкыш айтты. Бээжин, КЭР. 07.6.2018.
«Манас» операсы коюлган соң, президент С.Жээнбеков кытайлык өнөрпоздорго алкыш айтты. Бээжин, КЭР. 07.6.2018.

“Манас” эпосуна бөгөт коюу аркылуу кыргыз элин буга чейин эле өксүткүсү келген цензорлор чыккан. Бирок алардын мизи ар дайым кайтарылып келген. Бул жолу деле акыл-эс жеңет деп ишенебиз.

Эгерде алиги тар түшүнүктөгү жармач беренеси бар мыйзам долбоору кабыл алынып кетчү болсо, анда катардагы өлүү мыйзамдардын бирине айланат. Анткени Жусуп Мамайдын варианты кытай, англис, немис, жапон сыяктуу тилдерге четинен которула баштаган, четинен диссертациялар жакталып, изилдөөлөр чыга баштаган.

Тек, бөөдө жерден кошумча уят болбосок экен деген эле ой көңүлдү өйүп турат.

P.S.

Маалыматка караганда, демилгечилер алиги мыйзам долбоорун “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын жамаатына да көрсөтпөстөн сунуштап жатышкан көрүнөт:

Ушул жылдын 15-майынан 15-июнуна чейин "Манас" эпосу жөнүндө КР ЖКнын депутаты С.Ибраевдин демилгеси менен Т.Бакчиев баштаган айрым адамдардын тобу тарабынан ири манастаануучулардын катышуусусуз, атүгүл КР Президентинин Жарлыгы менен уюштурулган "Манас" жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын адистерисиз "негедир шашылып" даярдалган Мыйзам долбоору талкууда болуп келе жатат. Адистердин дээрлик баары, мыйзам долбоорун чыныгы адис-манастаануучулардын тобунун катышуусунда кайрадан иштеп чыгып, парламенттин эмки чакыруусунда коомчулукка кайрадан коюлушу керек деген пикирди айтып жатышат.

(Профессор Т.Кененсариев).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG