Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Карл Райхл: Германдык манас таануучу аксакал


Карл Райхл кытайлык кесиптеши Мухаммед Ху Чжэнхуанын үйүндө. Бээжин. 22.10.2015.

Немис элинин өкүлдөрү кыргыз таануунун олуттуу бөлүгү болгон манас таануу тармагына XIX кылымдын экинчи жарымынан бери зор салым кошкону белгилүү. Профессор Карл Райхл ушул тапта германдык илимий салтты бараандуу улантып келет. Тарыхчынын блогу.

Башат

Теги немис Фридрих Вилгелм Радлофф (Василий Радлов; немисче Friedrich Wilhelm Radloff ; 5.1.1837, Берлин, Пруссия –– 12.5.1918, Петроград, советтик Орусия) чыгаан түрколог жана кыргыз таануучу болуп эсептелет. Ал Шиберде, Алтайда изилдөө жүргүзгөн, ал эми 1860-жылдары теңир-тоолук кыргыздардын арасында (Текес, Ысык-Көл, Чүйдө) илимий сапарда болуп, кыргыз тили, фольклору боюнча да мол материал жыйнаган.

Дал ошол сапарларынын биринде “Манас” эпосунан үзүндү жазып, 1885-ж. кыргыз, немис тилдеринде жарыялаган. Ал манасчылардын жана жалпы кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүн даңазалаган.

Академик В.В.Радлов.
Академик В.В.Радлов.

Ал эми Радлофф (Радлов) баштаган улуу көчтү XX кылымдын соңу –– XXI кылымдын башында ырааттуу уланткан бараандуу айдыңдардын бири –– немис окумуштуусу, профессор Карл Райхл (немисче Karl Reichl).

Кыскача өмүр таржымакалы

Карл Райхл 1943-жылы 4-июлда Германиянын Вайден шаарында туулган.

1963-68-жылдары ал Мүнхендеги (Германия) жана Монпеллье шаарындагы (Франция) университеттерде англис жана роман филологиясы адистиги боюнча таалим алган.

1968-жылы ал англис жана француз тилдери боюнча мамлекеттик сынактар тапшырган.

1968-1970-жылдары К.Райхл Улуу Британиядагы Кэмбриж университетине (University of Cambridge) караштуу Магдален коллежинде (Magdalene College) илимий багытта окуган.

Ал 1971-жылы Мүнхен шаарындагы Мүнхен университетинде орто кылымдар жаатында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, философия доктору (Ph.D.) даражасын алган жана анын орто кылымдардагы Англиядагы диний поэзияга арналган бул диссертациясы 1973-жылы Мүнхенде китеп болуп жарык көргөн.

Карл Райхл 1971––1977-жылдары Мүнхен университетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштеди.

Ал 1977-жылы философия доктору (Dr. phil. habil.) жана профессор даражасы үчүн тил илими тармагында “Түрдүк грамматика жана сөз калыптанышы” (Professorial thesis in linguistics: Categorial Grammar and Word-Formation) темасында диссертациясын жактаган жана бул диссертация Түбинген (Tübingen) шаарында 1982-жылы монография иретинде жарык көргөн.

Ал 1977-1978-жылдары Бохум (Bochum) университетинде доцент болуп иштеди.

1978-2008-жылдары болсо ал Германиядагы Бонн университетине (the University of Bonn) караштуу Англистика, американистика жана келтология институтунда Орто кылымдар адабияты жана тарыхый тил таануу адистиги боюнча толук профессор кызматын аркалады.

2008-жылдан тартып ал ардагер профессор (Professor Emeritus) болуп илимий-чыгармачыл иштерин улантууда.

Түркология багыты

Профессор Райхлдын жалпы дүйнө эпостору жана фолклордук мурасы тууралуу кеңири ой чабыты жөнүндө бул чакан макалабызда сөз кылууга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Айтор, профессор Карл Райхл түрк, өзбек, уйгур, каракалпак, казак, кыргыз, түркмөн ж.б. тилдерди терең үйрөнгөн мээнеткеч түрколог адис экендигин кошумчалай кетели. Айтмакчы, ал парсы тилин да өздөштүргөн.

Профессор К.Райхлдын эмгектеринин бир катары түрк калктарынын оозеки адабий чыгармачылыгын, эпосторун жана чакан дастандарын иликтөөгө жана алардын айрымдарын кыргыз, өзбек, каракалпак, түркмөн, казак жана уйгур тилдеринен батыш европалык тилдерге (немис, англис) которууга байланыштуу болду.

Карл агайдын бизге 2017-жылы 8-апрелде жазган катына караганда, ал оболу өзбек тилин үйрөнгөн жана өзбек эл жомокторунун өрнөктөрүн которгон (бул котормо 1978-жылы Бохумда жарык көргөн).

1982-жылы болсо ал түркмөн эл жомокторун которуп жарыялады. 1985-жылы ал которгон каракалпак эл жомоктору да басмадан чыкты.

Профессор К.Райхл жалпы түркологиялык багытта көптөгөн илимпоз шакирттерди даярдады. Айрымдарына илимий жетекчи катары эмес, жөн гана улуу кесиптеги катары көмөк көрсөттү. Алардын бири –– немис доктору, кыргыз таануучу Гундула Салк айым.

Демек, кыргыз таануу жана манас таануу көйгөйлөрүн түздөн-түз иликтөөгө удаа эле ал башка түркологиялык тармактарда да үзүрдүү эмгектенип келди жана топтогон тажрыйбасы мол болду. Мунун өзү анын кыргыз таанууга салыштырма түркологиялык усул аркылуу өзгөчө айырмалуу салым кошуусуна чоң өбөлгө болду.

Манас таануудагы салымдары

Профессор Карл Райхл Мүнхен университетинде студент болуп жүргөн чагында кыргыз элинин “Манас” эпосунун Вилгелм Радлофф жазып алган вариантын окуп, манас таануу тармагына да астейдил кызыгып калган.

1985-жылы ал кытай-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында алгачкы ирет КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном аймагына илимий саякат жасайт. Ошол эле жылы ал Кытайдагы түрк тилдүү калктардын жомокторунун бир томдугун өз котормосунда жарыялаган. Алардын арасында кыргыз эл жомоктору да болгон.

Дал ошол 1985-жылы ал алгачкы жолу кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай (1918––2014) менен кезиккен.

Манасчы Жусуп Мамай.
Манасчы Жусуп Мамай.

1995-жылы профессор Райхл “Манас” эпосунун шарттуу 1000 жылдык мааракесине катышуу үчүн расмий герман делегациясынын курамында Кыргызстанга келген.

1999-жылы ЮНЕСКО уюштурган “Борбордук Азиядагы тынчтык жана дин” конференциясына (Бишкек) катышкан. Ошол эле жылы “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык бирикмесин уюштуруу чараларына катышуу үчүн Бишкекке дагы бир жолу келген. Бул уюмга Бексултан Жакиев президент болуп, К.Райхл вице-президенттердин бири болуп шайланган.

2013-жылы ноябрда профессор Райхл Бишкек шаарында “Мурас” фонду уюштурган Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйынга да сый конок катары келип, 15-ноябрда жыйындын ачылыш отурумунда “Көөнө Кыргыз тарыхы тууралуу жобо манасчы Жүсүп Мамайдын варианты боюнча” деген кызыктуу темада илимий баяндама менен чыгып сүйлөгөн.

Карл Райхл Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында. Бишкек. 15.11.2013.
Карл Райхл Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында. Бишкек. 15.11.2013.

“Манастын” вариантын которуу

XXI кылымдын башында Кытайдын Шинжаң аймагындагы “Манас” изилдөө борбору (ал кездеги жетекчиси –– профессор Мамбеттурду Мамбетакун) жана башка кытайлык илимий институттар Карл Райхлга баалуу сунуш менен кайрылышты. Алар “Манас” эпосунун Жусуп Мамайдын айтуусундагы вариантынын текстин кыргыз тилинен англис жана немис тилдерине которуу өтүнүчүн билдиришкен.

Профессор Карл Райхл бул сунушту жан дили менен кабыл алып, Жусуп Мамай айткан “Манас” эпосунун бир катар бөлүмдөрүн англис жана немис тилдерине которуп, четинен жарыялай баштады.

Биз билгенден, анын котормо ишинин оодук бөлүгү бүткөрүлдү. Тек, кыргыз жана немис тилдеринде бир том (2014) жана кыргыз жана англис тилдеринде эки том (2014, 2015) жарык көргөнүнөн жакшы кабардарбыз.

Кейиштүүсү, 2018-жылдын соңунан тартып профессор Карл Райхл мырза да үрүмчүлүк манас таануучу кесиптештери менен байланыша албай келет.

Таанымал окумуштуу, адабият таануучу, фолклор таануучу, манас таануучу жана этнограф Мамбеттурду Мамбетакундун Үрүмчүдө жазыксыз жерден убактылуу камакка алынгандыгы тууралуу мурда жарыялаган элек. Азыркыга чейин анын кийинки тагдыры белгисиз. Такталбаган маалыматка караганда, ал үй камагына чыккан шекилдүү.

Анан калса, профессор Мамбеттурду Мамбетакун мырза ийгиликтүү жетектеп келген Шинжаң “Манас” изилдөө борборунун өзүнүн азыркы тагдыры бизге беймаалым.

Буюрса, бул борбор же башка кытайлык манас таануу мекемелери профессор Карл Райхл менен байланышаар. Балким, кыргызстандык манас таануу мекемелери, анын ичинде Кыргызстандын Президентинин жарлыгы менен уюштурулган "Манас" жана Ч.Айтматов Улуттук академиясы деле демилге көтөрүп, профессор К.Райхл жана анын кытайлык кесиптештери менен биргеликте калган-каткан томдорду жарыкка чыгаруу аракетин көрүшөөр?

КЭРдин ШУАР аймагында кайрадан байистүүлүк орноп, байсалдуу эл аралык илимий кызматташтык кайра жаңы дем менен улантылат деп үмүттөнүп туралык. Анын үстүнө мындай эл аралык кызматташтык КЭРдин азыркы бийлиги жарыялаган “Бир алкак –– бир жол” ураанынын рухуна шайкеш келет эмеспи.

Карл агайдын баталары

Жогоруда учкай айтылгандай, профессор Карл Райхл ар кыл өлкөлөрдө байырлаган көптөгөн жаш илимпоздорго устаттык көмөк берип жүрөт.

Биздин шакиртибиз Чолпон Субакожоева да профессор Карл Райхлдан арбын кеп-кеңеш укту. Чолпон ал түгүл колуна жетпей келген европалык эски китептер менен макалалардан бери Карл агайдын жеке архивинен алды.

Профессор Райхлдын кызматташтыкка дилгирлиги тууралуу ушундай эле жылуу сөздү мен Бээжинде профессорлор Мухаммед Ху Чжэнхуа, Адыл Жуматурду жана башка манас таануучулар менен чыгыш таануучулардан уккан элем.

Солдон оңго: илимпоздор Ысакбек Бейшенбек (КЭР), Карл Райхл (Германия), Тынчтык Чоротегин (Кыргызстан) жана Такао Нишиваки (Жапония) Бээжинде уйгур дастандарына арналган илимий жыйында. 20.10.2015.
Солдон оңго: илимпоздор Ысакбек Бейшенбек (КЭР), Карл Райхл (Германия), Тынчтык Чоротегин (Кыргызстан) жана Такао Нишиваки (Жапония) Бээжинде уйгур дастандарына арналган илимий жыйында. 20.10.2015.

2013-жылы кеч күздө илимий жыйын аяктаган соң профессор Карл Райхл агайды, ошондой эле Казакстан, Орусия, Кытайдан келген башка айрым чыгыш таануучуларды да үйүмө чакырып чай берип калдым.

Кеченин соңунда “арабызда эң улуу илимпоз –– аксакалыбыз өзүңүз экенсиз, эми бата берип койбойсузбу?” деп Карл агайга кайрылдым.

Агай эми немисче болбосо да, англисче сүйлөп каалоо-тилегин айтат ко деп күтүп турганбыз.

Профессор Райхл болсо тап-так кыргыз тилинде, болгондо да, нускалуу карыялар айтчу ширин сөздөр менен таптап сүйлөп, бата берип кирсе болобу!

Коноктор да, үйдөгүлөр да маашырлана кол чаптык. Абдан ыраазы болдук!

Аттиң, видеого тартпай гана калган экенмин!

Мен ошондо профессор Карл Райхл агайдын аруу жан дүйнөсүн, кыргыз жана башка түрк маданияттарын жана мурастарын тек гана кургак илим үчүн эмес, дили менен кабыл алып өздөштүргөнүн туйдум. “Ылайым сиздин нугуңузду кайталайлык!” деп ичимден ойлондум.

Эми бул ойду тышыма да чыгарып жатам. Жаш муундарга сабак болсун. Тар улуттук жана шовинисттик көз караш эч качан жакшылыкка алып келген эмес.

Азил аралаш айтсам, эгерде илгерки немис Карл Маркс бүткүл дүйнө жүзүнүн жумушчу табын дүйнөлүк коммунисттик ыңкылапка бириктиргиси келсе, бүгүнкү Карл Райхл бүткүл дүйнөдөгү эпос таануучуларды манас таануу тармагына салым кошууга чакырып келет.

Аксакалыбызга чың ден соолукта, үй-бүлөлүк бакыбаттыкта 110 жашка чыгуусун каалайбыз.

Ылайым үй-бүлөңүздүн, шакирттериңиздин жана дүйнө жүзүндөгү тилектештериңиздин сый-урматын көрүп, эсенчиликте болуңуз, урматтуу Карл агай!

P.S.

Бүгүн германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору Карл Райхл агай үчүн эч кандай маараке эмес. Бирок ар мүнөттө агайыбызга жылуу сөз айтып турсак жарашат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG