Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 14:25

Санжыра дарагы: Тереңдесе тамыры чексиз чоң жомок


Кытайлык кыргыздардын санжырачысы Төлөк Төрөкандын (1932–2018) кол жазмасынан. 13-июль, 2014-жыл.

Санжыраны саясатташтырбастан ар тараптуу үйрөнүү - тарых, этнография илимдеринин талабы. Арийне, ал үчүн да атайын илимий камылга зарыл. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз элинде алым сабак талкуу жаратышы ар дайым ыктымал болчу темалардын бири - санжыра маселеси.

«Санжыра» сөзү араб тилиндеги «шажара» - «дарак» маанисинен келип чыккан. Ислам дини аркылуу кыргыздарга да Тоорат, Инжил, Курандагы адамзаттын келип чыгышына байланыштуу улам жаңы шакаптарга жиктелген орток санжыралык вариант таркалган чакта ушул арабча сөз да өздөштүрүлгөн эле.

Азыр «Адам атанын кийинки урпактарынын бири Нух пайгамбарга барып такалабыз» деген калыптык вариантты колдобогон мусулман кыргыз санжырачысы жок. Бир кездери, кыргыздын тарыхый бабалары ислам менен иши жок кезде, албетте, байыркы семиттердин дарагына кыргыздарды алып барып такап салган мындай санжыра жок болчу (муну тарыхчылар жаземдебестен түшүнөт).

Сунниттердин ханафий агымына кирген айтылуу сопучул (суфийлик) тарыкаттар кыргыз жана башка көчмөн түрк калктарын исламга тартууда дал ушул жакынкы чыгыштык орток санжыра салтын иштиктүү колдонушканы шексиз.

Бул макаламды жазууга түрткү болгон жагдай - бир жаш мекендешимдин алыстан жазган электрондук каты болду. Анда ал көркөм чыгарма жазып жатканын, бирок санжырадагы так эмес жагдайлар аны өзгөчө бушайман кылганын эскериптир.

Биз «Фейсбук» коомдук тармагында да жообубуздун бир бөлүгүн кыстара кеттик.

Албетте, жакынкы 400 жылды тактаганга санжыра кыйла жардам берет. Андан ары алыстаган сайын фантазиянын көркөм булуту чыныгы асманды калкалай берерин бөркүбүздөй көрүп, археологиялык, жазма булактарды ж.б. тартуу аркылуу гана тарыхка терең сүңгүй алабыз.

Биз катыбызда бир чалкештикти да мисал кыла кеттик: кээ бир учурда тажрыйбалуу, маалыматы бай санжырачы деле XIII кылымда же андан эрте заманда жашаган уруу башчысынын ысымын (илимде «геноним» делет) XV кылымда жашаган кишинин небереси катары көрсөтүп салышы ыктымал. Анткени санжыра - так жылы, күнү, сааты азыркы уюкфонго тартылган сүрөттөрдө көрсөтүлүп калчудай булак эмес, тарыхый жазма эстелик да эмес.

Азыркы тапта жашап жаткан Космосбек деген кишинин Ормон, Байтик, Алымбек, Тайлак деген неберелери бар дейлик. Аны биздин замандын XXVIII кылымында жашай турган санжырачысы үйрөнүп алып, бул тарыхый инсандар XIX кылымда эмес, XXI кылымда жашаган деп саймедирлеп айта бериши ажеп эмес дейлик.

Биздин байыркы тарыхыбыздагы көөнө санжыралык маалыматтар да XVI-XX кылымдарда ошондой көркөмдөлүп, өзгөртүлүп айтыла берген. Дал ошондуктан бир кездеги саны көп, кубаттуу уруулардын аталыштары бул уруулар согуштун, көчүүнүн жана башка тарыхый окуялардын натыйжасында кийинчерээк чаканыраак болуп калгандыктан, жаңы санжырачылар тарабынан кийинчерээк кубаттанып чыга келген уруулардын генонимдерине ини-карындаш, жээн катары «чаптала» берген.

Эпостук Манас баатырдын жана хандын Ногойдун же Каракандын урпагы катары сыпатталышын эле алалык. Карахандар мамлекети менен Ногой ордосу тарыхта Манастын алгачкы эпостук прототиптеринен алда канча кечирээк болгонун азыркы муундар мыкты билишет. Бирок «Манастын» санжырасын кийин ыңгайлаштыргандар бул эпос аркылуу орто кылымдарда бабаларыбыздын айрым топтору Евразияда ушундай мамлекеттерди түзүүгө да катышканын кыйытып, сыр түймө («код») катары кыстарып айтышат.

Бир эле учурда Манас согушкан тарыхый коңшулары - кытай, кара кытай, монгол, ойрот (калмак), манчжурлар төрт муун (Жакып, Манас, Семетей, Сейтек) ичинде эмес, үч миңдей жылдын ичинде көп улутту өзүнө жуурулткан бабаларыбыз менен ар кыл тарыхый карым-катнашта болушкан.

Кыргыз санжырасын да Манастын көркөм санжырасы сыяктуу эле кылдат салыштырып изилдөө абзел.

Кыргыз жана башка түрк элдеринин санжырасын изилдөө, башка ар кандай элдердин ушул багыттагы фолклордук-этнографиялык мурасын иликтөө сыяктуу эле, өзгөчө терең тарыхый билимди, тил, адабият, фольклор таануу, ономастика, тарыхый география, ж.б. тармактардагы адистик билимди, бир нече чет тилди (салыштыруу үчүн), ар кыл тилдердеги жазма маданиятын өздөштүрүүнү талап кылат.

Бул жерде мен санжырачылар тууралуу айтып жаткан жокмун, илимпоз санжыра таануучулар жөнүндө сөз кылып жатамын.

Албетте, «чү» дегенде эле ушул сөздөр менен баштасам: «Деги ошондой бийик деңгээлде санжыра иликтеген окумуштууңуз барбы?» деп суроо узата турган окурман чыкпай койбойт.

Албетте, бар. Алардын чыгааны - немистин өзгөчө таланттуу этнограф кызы Гундула Салк (Gundula Salk; бүлө күтө электеги тегаты – Циллмер / Zillmer). Аны түрколог адистер кыргыз тилин суудай билген, кыргыз этнографиясын, фольклорун жана санжырасын изилдеш үчүн Кыргызстандын ар кыл аймактарынан тышкары Кытай Эл Республикасынын бир катар чөлкөмдөрүн, анын ичинде тарыхый Манчжуриядагы фу-йү кыргыздарынын айылдарын (азыркы КЭРдин Хэйлуңжан вилайетинин Фу-Йү үйөзү), Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусун, Үрүмчү, Ак-Тоо, Текес жана башка аймактарындагы кыргыздардын өкүлдөрүнө жолуккан талыкпас окумуштуу катары дурус баалашат.

Салк айым 1986-1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумболдт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбор азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуп, 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.

Ал француз Реми Дор, немис Карл Райхл сыяктуу устат окумуштуулардын улуу көчүн андан ары жаңы деңгээлде уланткан адис. Гундула Салктын өмүр баяны тууралуу чакан маалыматты «Википедиядан» таба аласыздар: https://ky.wikipedia.org/wiki/Салк,_Гундула

Эне тили - немис тилинен тышкары француз, англис, орус, бир катар түрк тилдерин (анын ичинде кыргызчаны) билген бул таланттуу окумуштуу кыргыз этнографиясына, фольклор таануусуна жана жалпы кыргыз таанууга кирген «Манас таануу», фу-йү кыргыз этнографиясы жана башка тармактар боюнча бир нече диссертациялык материал чогулта алды деп аңдайм.

Бирок алардын ичинен санжыра таануу багытын ал өзгөчө аздектеп, кыргыз санжырасы тууралуу талбай изилдөө жүргүзүп келди. Анын алгачкы макалаларынын бири «Кыргыздардын оозеки салты - санжырасы» деп аталып, КЭРдеги «Тил жана котормо» журналында (Үрүмчү, 1996. - № 1. - Б. 26-34; кыргыз тилинде, араб алфавитинде) жарыяланган.

2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагында (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) доктордук диссертациясынын темасы кабыл алынат.

2008-жылы Д. Прайор (D. Prior) жазган айтылуу кыргыз манасчысы Кенже Карадан ХХ кылымдын башында жазылып алынган фонограмма (үн) тууралуу илимий эмгек жөнүндө сын макаласы жарык көргөн.

Гундула Салк кыргыз санжырасы жаатында 15 жылдык жыйнаган материалынын үзүрүн көрүп, диссертациялык эмгегин 2008-жылдын сентябрында жакташ үчүн тапшырат.

2009-жылдын май айында ал Германиянын Фрайбург шаарындагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргогондугун биз өзгөчө шаттануу менен кабыл алдык.

Гундула Салктын Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжырага арналган монографиясынын мукабасы. 2009-жыл.
Гундула Салктын Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжырага арналган монографиясынын мукабасы. 2009-жыл.

Гундула Салктын «Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра» - «Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-​1942)» деп аталган бул диссертациялык эмгеги 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп жарык көрдү.

(Salk, Gundula. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860-1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. 374 s. - ISBN 978-3-447-06161-2. ISBN-13: 978-3447061612. ISSN 0340-6423. Series: Veroffentlichungen Der Societas Uralo-Altaica (Book 79). ISBN-10: 3447061618).

Кийин да сарыбагыш уруусунун санжырасы боюнча иликтөөсүн жарыялап, Гундула Салк Батыш Европадагы кыргыз санжырасын таануу тармагын өнүктүрүүдө опол тоодой эмгек сиңирип, бул багытта жогорку серени түздү десек жаңылышпайбыз.

Манасчылар менен «Манас» таануучулардын ортосундагы айырманы азыр илим чөйрөсүндөгүлөр жаземдебестен билишет. Салттык «Манас» айтуу өнөрү - бир башка. Анын айрым үзүндүсүн аткара билген кыргыздын нечендеген мыкты өнөрпоздору да манасчылардай айта алышпайт.

(Мында мен кылымдар карыткан «Манас» эпосун айтуу салтына киргилт суу төккөн жана «жайсаңчы» дегендердин колдоосун алигиче тымызын жана ачык алып жаткан Бүбүмайрамдын халтуралык чүргөмөсүн куттуу манасчылык өнөрүнө эч жолотпойм).

Ал эми «Манас» таануу жаатына келсек, түмөндөгөн кыргыз окумуштууларын санап айтпаганда, Чокон Валиханов, Василий Радлов (Wilhelm Radloff), Евгений Поливанов, Мухаммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Такао Нишиваки, Артур Хатто, Карл Райхл, Надийе Жылдыз, Даниэл Прайор ж.б. изилдөөчүлөрдүн мисалында эле тилдик жана географиялык чек жок экендигине ынанабыз.

Санжыра да манасчылык өнөрү сыяктуу таза дүйнө. Чыныгы санжырачылар өзүнүн ошол доору менен жашайт. Аны улам тереңдетип үйрөнөт.

Бирок санжыранын фольклордук алкагын, оош-кыйыш жактарын, этнографиялык жана тарых эмгектеринде пайдалануудагы өзгөчө жактарын ар тараптуу изилдеген окумуштуулар - санжыра таануучулар болуп саналат. Алар да дүйнөнүн чар тарабында туруп эле кыргыз санжырасын изилдей аларын жогорудагы көп тилдерди билген (полиглот) окумуштуу Гундула Салктын мисалында айкын көрө алабыз.

Бизде да кыргыз санжырасын диссертациялык деңгээлде изилдеген окумуштууларыбыз бар экенин белгилей кетелик. Алардын сап башында Рыскул Жолдошов, Темиркул Асанов сыяктуу беделдүү тарыхчы илимпоздор бар. Алар ыраматылык Өмүркул Караевдин шакирттери. Башка да белдүү тарыхчылар (маркум И.Молдобаев, Т.Өмүрбеков, көзү тирүү А.Мокеев, Т.Кененсариев, Д.Сапаралиев, А.Асанканов, С.Кайыпов, М.Кожобеков, К.Молдокасымов, О.Каратаев, Т.Өмүрзакова, А.Койчиев, А.Турдуева, ж.б.) өз темасынын алкагында санжыраны салыштырма булак катары дурус камтыган изилдөөлөрүн жарыялашкан жана жарыялап келишет.

Ал эми кыргыз этнографиясын жана санжырасын изилдеп жүрүп, совет доорунда Кыргызстан Компартиясынын акыйкатсыз сынына кабылгандардын арасында этнографтар Саул Абрамзон менен Сабыр Аттокуров болгонун мүлдө журт жакшы билет.

Кыргыздын башка да бир катар илимпоз тарыхчылары ар дайым санжыралык варианттарды тарыхый изилдөөлөрүнө жандуу колдонуп келишет. Азыр мындай багыттагы изилдөөгө цензуралык тыюу жок эмеспи.

Эми кыргыз санжырасын изилдөөдө чалкештиктер көп. Дилетанттар да арбын. Бул жаатта, Теңир буюрса, сөздү кийин улантаарбыз...

Тасма. Ала-букалык санжырачы Боронбай Абал уулу (1952-2017) менен маек. Өрүктү кыштагы, Ала-Бука району, Жалал-Абат облусу, Кыргызстан. 24.5.2017.

Айтор, санжыраны өз алдынча кызыгып изилдегендерге терең ыраазычылык билдиришибиз керек. Ар үй-бүлөнүн, ар уруунун, айыл-кыштак калкынын санжырасы такталып жаткандыгы дурус эле иш. Бай маалыматты билгендер четинен дүйнө салып жатканы деле ырас.

Тек гана санжыралык маалыматты бүгүнкү тар мөөнөттүк саясий кызыкчылыктар үчүн колдонгусу келгендер улут ынтымагына жана мамлекеттин биримдигине доо кетириши ыктымалдыгын эскерте кеткибиз келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG