Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 19:46

Чубак Жалилов никесин өзү кыйып берген көптөгөн белгилүү адамдардын аты-жөнүн санап айтып бере алат. Бул тууралуу ал бүгүн "Кабарлар" порталы менен болгон маегинде экинчи аял алуу маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып билдирди:

- Мен көптөгөн адамдардын никесин кыйгам. Мен ачык айткан адаммын. Чоң-чоң эл сыйлаган молдокелерибизде, эл башкаргандарда, депутаттарда... Керек болсо санап айтып бере алам. Аларга бир аз эрктүүлүк жетпей жатат, анткени коомдун абалынан коркуп атышат.

28-ноябрда интернетте видео тараган. Анда Чубак Жалилов: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм. Мен баштабасам ким баштайт?" деп жарыялаган.

Учурда бул тасма интернетте кызуу талкууланып жатат.

Бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер Жалиловду мыйзам бузууга үндөгөнү үчүн айыптап чыгышкан. Ал өзү азырынча буга байланыштуу расмий комментарий бере элек.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG