Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Чубак ажы дүйнө салды


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

Таанымал ханафий диниятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 45 жашында дүйнөдөн кайтты.

Жамы журтка аттын кашкасындай таанымал ханафий диниятчысы Чубак ажы Жалилов 11-июлга оогон түнү Бишкектеги Улуттук госпиталга оор абалда жеткирилген. Диниятчыны ооруканага кабыл алган дарыгердин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бейтап дарыгерлерден "дем алдырчу аппаратыңыздарды эртерээк туташтырасыздарбы" деп суранган.

Ага кычкылтек концентраторунан экөө дароо туташтырылган. Дарыгердин айтымында, бейтап ооруканага түшкөндөн бир сааттай убакыттан соң көз жумган.

Дарыгерлер Чубак ажы өпкөсү кагынып, буга чейин үйүндө дарыланып жатканын айтышты.

"Азаттыктын" архивинен: Чубак ажы: Тумоо учурунда үйдөн чыкпай отуруу да сооп

Чубак ажы: Тумоо учурунда үйдөн чыкпай отуруу да сооп
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:12 0:00

Чубак ажы 2010--2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин муфтиятта да улам жетекчилер алмашып турганда, мунаса уюштуруунун устаты болгон Чубак ажы бардык тараптарды элдештирип, муфтий катары реформа жүргүзүү аракеттерин кылганын эксперттер айтып келишет. Ал 2012-жылы оорусуна байланыштуу делип, муфтийлик кызматтан кеткени да анын реформачыл далалатына байланыштуу болгон дешет.

Өткөн айда ал Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арыз жазган. Муну айрым адистер таанымал дин аалымынын алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырышкан.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абат облусундагы) Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Ал 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Андан кийин үч жыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

2000--2006-жылдары Сауд Арабстандагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

2005--2007-жылдары ал Орто Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Андан кийин эки жыл Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында бөлүм башчы болуп туруп, Ислам университетинде сабак берген.

"Азаттыктын" архивинен: Чубак ажы: болгон байлыгым-китептерим

Чубак ажы: болгон байлыгым-китептерим
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00

Чубак ажы Жалилов фикх (мусулмандык укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксаты бар кыргыз диниятчысы катары таанымал эле. Ал интернет жана маалымат технологиясын пайдалануу менен мусулман жамаатына кыргыз тилинде онлайн жана башка усулдарда ырааттуу дарстар окугандыгы, сынга ачыктыгы, жемкорлукка каршы маанайы менен белгилүү эле, ошондуктан анын жактоочулары арбын болгон.

Ал дайыма кыргыз калпагын жана чапанын кийип, салттык ханафийлик мектептин бараандуу өкүлү катары өлкө мусулмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Аны көп аял алуу сыяктуу маселелерде соңку учурдагы айрым турумдары үчүн адилет сындаган замандаштары да арбын эле.

Чубак ажы "Азаттык" үналгысына жана башка маалымат каражаттарына дилгирлик менен маек куруп турар эле.

Замандаштары маркум Чубак ажынын дүйнөдөн өтүшүн интернеттен билип, терең кайгыруу менен анын жакындарына көңүл айтышууда.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, жаш болсо да, эл кадырына ээ болгон диниятчы Чубак ажы!

"Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы эле"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:30 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG