Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Экс-муфтий Чубак Жалилов Аалымдар кеңешинен чыгат


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Экс-муфтий, диний ишмер Чубак Жалилов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү "Фейбуктагы" баракчасына жазып, арызынын сүрөтүн жарыялады.

Жалилов мүчөлүктөн өз ыктыяры менен чыгып жатканын билдирип, анын себебин так көрсөткөн жок. Буга чейин социалдык тармактарда Чубак ажы Жалиловдун парламенттик шайлоого баруу ниети тууралуу маалымат тарап, бирок дин мамлекеттен ажыратылгандыктан, кайсы бир диний бирикмелердин кызматчылары шайлоого катыша албай тургандыгы белгиленген.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев Жалиловдун арызы эми караларын «Азаттыкка» ырастады.

Чубак ажы Жалилов 2008-2010-жылдары муфтий болуп иштеген.

Аалымдар кеңеши - Кыргызстан мусулмандарынын курултайынан кийинки жогорку башкаруу органы. Ал муфтиятты көзөмөл кылуучу орган болуп эсептелет жана 21 адамдан турат.

Бул кеңеш мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган муфтиятка тиешеси бар чечимдердин аткарылышын жана иш жүзүнө ашырылышын камсыз кылат. Муфтияттын курултай аныктаган негизги максаттарынын ишке ашырылышын көзөмөлдөйт. Акыйдага, мазхабга дал келбеген агымдардын иш-аракеттери жөнүндө коомчулукту кабардар кылат жана тийиштүү чечимдерди кабыл алат. Муфтияттын жана муфтийдин иш-аракеттерин көзөмөлдөйт жана багыттайт. Муфтийлик кызматка талапкерлерди каттайт, алардын программаларын угат жана татыктууларды аныктайт. Муфтийликке талапкерди төрт жылга шайлайт жана аны курултайдын бекитүүсүнө сунуш кылат.

Мындан сырткары муфтияттын түзүмдөрүнүн жылдык бюджеттерин бекитет жана анын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Муфтийдин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын отчётун угат. Алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат. (ErN)

XS
SM
MD
LG