Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Үй-бүлө бүлүнсө, мамлекет кыйрайт


Үй-бүлөдөгү зомбулукту чагылдырган иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөдөгү зомбулукту чагылдырган иллюстрациялык сүрөт.

Публицист Жолдош Турдубаевдин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу блогу.

Азиялыктардын тикендей тик өскөн кайраттуу чачы шириге сайылып, аны тешип өтө албаган соң кайра кайрылып куйкага сайылат. Мунун кыйноосу ширинин азабын ого бетер күчөтөт.

Чыӊгыз Айтматов. Кылым карытар бир күн.

Мыйзам менен адепке гана баш ийгендер эркин боло алат.

Вольтер.

Таш салынган дөңгөлөктү моюнуна илип кордогон зөөкүр эрин аялы кечиргени чын чыкса, мындан ары деле кордоло бериши толук ыктымал десек, тагыраак болор? Кеп бир окуянын кандай аякташында эмес, жалпы коомдогу карөзгөй жоруктарга «кечиримдүү» мамиленин кеңири тамыр жайгандыгында жана мунун кесепети өтө жаман болорунда…

“Дөӊгөлөк” сабак

“Башкаларга сабак болот!” – дейт аялын кордогон эркек. Чындыгында бул “Күчтүү – алсызга, бай – кедейге, бийлиги чоң – карапайым адамдарга үстөмдүк кыла бериши керек” деген маанидеги эчак эле башталган чоӊ “тарбиянын” кыпындай бир бөлүгү. Бирок ушул кыпындай көрүнүш жалпы коомго таңууланып, тамыр жайып кеткен карөзгөйлүктүн кичирейтилген макетине окшош.

Дөңгөлөк – туш тарабынан туюкка кептеген аргасыз жагдай: бул аял канчалык ыза болсо да, зөөкүр эринен ажырап кете албайт – бара турган жери, башка турак жайы, нан таап жашоо үчүн кылар иши жок. Соттошуп тамын талашканга даабайт – сеники туура деп туугандары менен балдары да, милиция менен сот да аны жактабайт.

Дөңгөлөккө салынган таш – жагдайдын барган сайын оорлошуп жаткандыгы. Аялдын колун жип эмес, иш жүзүндөгү укуксуз абалы байлаган – эгер өзүнүн адамдык кадыр-баркын тебелеген жосунга каршылык кылууга кайраты жетсе, ал колун таңдырып, моюнуна дөңгөлөк илдирип, урулуп-сабалууга, кордолууга көнүп бермек эмес.

Арак ичкенге жеткирген аргасыздык

Кордолгон аялды жакындары эмне үчүн коргоп албайт? Анткени мындай абал бир эле ушул үйдө эмес, көптөгөн үй-бүлөлөрдө өкүм сүрөрүн, көпчүлүк буга кайыл болуп койгонун билишет. Ырас, чечкиндүүлүк кылгандар бар, бирок беркилерден аз.

Милиция менен сот эмне үчүн аялдын укугун коргобойт? Себеби, бүгүн урушуп-талашкан эрди-катын эртең кайра жарашып алат деген түшүнүктү тастыктаган учурлар өтө көп. Жарашууну каалабагандарды жакындары “жараштырып” коёт, “дөңгөлөктү” бечаранын моюнуна кайрадан илет, аны оорлоткон “ташты” аялдын төркүнү менен балдары салат.

Айрыкча арачы болгон милициянын жаман көрүнгөнү эле калат. Милиция дайым жаманатты же жек көрүндү боло бергиси келбейт, анткени ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып жатып кылмышкерди кармап келсе, сот үй камагына чыгарып же актап жиберген учурлар эчактан бери көнүмүшкө айланган.

Туташ карөзгөйлүк өкүм сүргөн ушундай чөйрөдө иштегендиктен, милиция кызматкерлери ачуусун сөгүнмөйдөн, колуна тийип калган бечараны уруп-согуудан, айрымдары үйүндөгүлөрдөн чыгарып жаткан жокпу?..

Үйүндөгү каржылык (акча иштеп табуу), чарбалык (короо-жайды оӊдоо, жер иштетүү ж.б.), адептик-психологиялык (балдарды тарбиялоо, ар кандай талаш-тартыштарды, чыр-чатактарды жөнгө салуу) маселелерин чечкенге даярдыгы жок (кесипке ээ болбогон, жалкоо, чалакайым, бала чагынан мүнөзү бекем калыптанбаган – өзү жетиштүү тарбия көрбөгөн) эркектер эрки боштук кылып, оӊолууга умтулбай, арак ичет, баңги болот же баарын “Кудайга тапшырып”, дааватка кетет, мечиттен башы чыкпай, “аялды таяк менен эмес, башка аял менен ур” деген насаат менен чектелип калат...

Аларга жөлөк болушка аялдары жарабайт: билими жок, той-топурдан башкага кызыкпаган, бала тарбиялашты билбеген келиндер өздөрү тарбияга муктаж.

Соттор саясий да, рухий да, материалдык да жактардан көз каранды болгондуктан, мыйзамдуулукту ырааттуу түрдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Калыс, мыйзамдуу чыгарылган чечимдер жогору турган сот тарабынан жокко чыгарылып же “кайра каралсын” деп кайтарылган мисалдар толуп жатат – сот аркылуу адилеттикке жетем деген адам айлап-жылдап эки-үч инстанциянын ортосунда убара боло берет, дөңгөлөккө камалган тыйын чычканга окшоп.

Бумеранг, бунт, төңкөрүш...

Мыйзам менен адеп эрежелерин каалагандай бурмалап, тебелеген, соттор менен күч түзүмдөрүн карөзгөй максаттарга пайдаланган күчтөр эртең башка бир күчтөрдүн дал ушундай мамилесине кабыларын ойлобойт. “Күчтүүнүн күнү тууган” доордун келечеги жок – ууруну каракчы урат, каракчыны мыкаачы өлтүрүп, арам байлыгын тонойт...

Бизде бийлик эки ирет күч менен алмаштырылды. Эки ирет тең зордук-зомбулуктун, каракчылыктын толкундары болду, далай менчик ээлери рейдерлик басып алуудан жапа чекти. Мыйзам бурмаланып, тебеленип, соттор күчтүүлөрдүн ар кандай жосундарын актаган, алсыздардын укугун басмырлаган жагдай канчага созулушу мүмкүн? Кийинки тополоңго чейинби? Же бийлик алмашса деле кайрадан ууруну каракчы уруп, кайрадан баягы “дөңгөлөк” айлана береби?..

Кыйроодон сактана алабызбы?

Үй-бүлө – кичи мамлекет, бүтүндөй өлкөнүн кристаллдай модели. Мамлекеттеги мыйзамдуулук, адилеттик, адамгерчилик деңгээли үй-бүлөгө таасир этет, анын абалынан чагылышат. Өз кезегинде үй-бүлөнүн ички бекемдиги, тазалыгы, мээр-акыбетке каныкканы да бийликтин жоопкерчилигин бекемдешке, чыныгы кесипкөйлөрдүн шайланып-тандалышына өбөлгө түзөт.

Тескерисинче, көчөдө зөөкүрлөрдүн кордугунан, жумушунда жетекчинин өкүмзордугунан коргонуу, сот аркылуу адилеттикке жетүү мүмкүнчүлүгү жок немелер ачуусун аялынан, балдарынан же күчү жеткен башка бечаралардан чыгарат. Ушундай “эрежеге” көнүп берген жагдай мамлекеттеги зулумдукту актайт, күчөтөт.

Бирок туш тараптан чектеп, улам кыса берген туңгуюк адамдардын эркин мокотуп, акылын тунартып, карайлатса, акыры коомдо чоң жарылуу болбой калбайт. Мындайга жеткирбеш үчүн эмне кылабыз?

Биринчи. Үй-бүлө менен мамлекетти карама-каршы койгонду токтотолу – тар кызыкчылык үчүн жалпы элге, өлкөгө кыянат кылбайлы!

Экинчи. Утурумдук пайда (бир жолку курсак кампайтуу, жарым тонна көмүр ж.б.) үчүн эртеңкибизди шумпайларга кармата бербейли – шайлоодо добуш сатпайлы!

Үчүнчү. Бийлик менен элдин, мамлекет менен жарандык сектордун ортосундагы ажырымды жоёлу. Элге чыккынчылык кылган эрендер бүгүн же эртең болбосо да, жакынкы беш-он жылда жазасын тартпай калбайт. Улуттук (мамлекеттик) мүдөөнү көзгө илбесек, балдарыбыздын, неберелерибиздин өз мамлекети болбойт...

Төртүнчү. Билим берүүнүн деңгээлин кескин жакшырталы. Мугалимдик кесипке эң билимдүү эле эмес, инсан катары да мыкты замандаштар баргыдай шарт түзөлү – эмгек акысын жогорулаталы. Намыстуу устаттын колунан таалим алган шакирттер да намыстуу болот. Тескерисинче, ар кимдин тебелендисинде кала берген ата-эненин, мугалимдин “таалими” мокок, жалтак, ээрчиме муунду жаратат.

Бешинчи. Нукура элдик салттарды бурмалоодон коргоо үчүн мыйзамдык таянычтарды бекемдейли – күнүмдүк жүрүм-турумубузда ырааттуу сактайлы. Элдин укуктук аң-сезимин ойготолу, мыйзам диктатурасын орнотолу!

Жолдош Турдубаев, публицист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG