Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:11

Пандемияда балдарыбыз менен таанышалы


Иллюстрациялык сүрөт.

Таажы вирусунан улам үйдө отуруп калып, бир топ ата-эне бала-чакасын жакындан тааныганга мүмкүнчүлүгү болду окшойт.

Күнүгө көрүп байкабаган жаңы кылыктары, артыкчылыктары, дегеле аны уникалдуу кылып турган өзгөчөлүктөрү кубандыргандыр. Бирок ошол эле учурда бүгүнкү күнгө чейин алар менен баарлашууга канчалык аз убакыт бөлгөнүбүздү, ошондон улам ата-эне мээриминен, жылуулугунан алыс калып канчалык жан дүйнөсү кыйналганын да сездик окшойт. Кыскасы, окшошкон күндөргө танапис жарыялоо - бул чындыкты көрсөтүү өңдөнөт.

Күн сайын эртең менен жумушка шашып бараткандардын мээсинин ичин окуганга мүмкүн болсо: «...Кечигип дагы тил угат экенмин да! Бүгүн айлыкты бербесе кантем? Буюрса ушул айда жанагы документтеримди бүтүрүп алам, кимден карыз алып турсам экен? Тездетпесем болбойт. Жанагынын акчасы келип калса дароо товар алып койсомбу? Кийинки аптадан тартып жанагы иштин аркасынан түшөт окшойм. Дем алышы жок болгону менен айына 35 миң алган жатпаймбы. Мага баары бир, барып көрө берейинчи, бир кеп болор. Шеп жаман тойгузуп жиберди го, бирок айла жок да, күтө турса он мүнөткө жетип барам...» деген сыяктуу убакыт менен жарышкан санааларга күбө болсок керек.

Өзүбүз жараткан коомдук түзүмдүн, шарттардын кулуна айланып калганыбызды балким бир карап байкоо кыйын чыгар. Бирок байкашымча, адам деген эң улуу баалуулулук менен дээрлик эч эсептешпеген, толугу менен механикалык табияттагы жашоо таризин түзүп, болгон күчүбүздү анын стандарттарына ылайыкташууга жумшоону жашоо же өмүр сүрүү деп атап алгандайбыз. Эң өкүнүчтүүсү - жогорудагыдай окшошкон күндөр бүтпөйт эмеспи.

Жарыштагы жарты жашоо

Учурдун талабы - бул ашыгуу. Бардык нерсени тез аткаруу, дагы көп нерсеге жетишүү, саясаттан тартып шоу дүйнөсүнүн эң маани-маңызсыз кылыктарына чейин маалымат алып туруу, бүтпөгөн байлык жарышына түшүү сыяктуу нерселер замандын талабы сыяктанып турат. Бирок бул ката. Биз адамбыз. Канчалык сырткы жашоо агымыбыз тездегени менен ички дүйнөбүз, сезимдерибиз акырындык менен гана өнүккөндүктөн, тездейбиз деп жатып өздүк тең салмаксыздыктын курмандыгы болуп жатабыз.

Негизи, жашоонун даамын татып, терең кыялдарга батып, жалаң эле сырткы дүйнөгө эмес, ички дүйнөгө да жетиштүү убакыт бөлүп, жан дүйнө менен беттешип жашаш керек эмес беле?

Бул түшүнүктүн эң аянычтуу курмандыгы катары жаш балдарды атап өтсө болот. Анткени жогоруда сүрөттөлгөн ашыгуу биринчи кезекте жаш балдарга бөлүнө турган убакытты уурдап жатат да!

Биз балдарды тездик менен кыймылдоого, ылдам жашоого түртүп жатабыз; мектепте жакшы окусун, кошумча өнөр үйрөнсүн, көп тил билсин деп ж.б. нерселерди жонуна жүктөгөнүбүз жүктөгөн. Бирок алардын ички дүйнөсүнүн, сезимдеринин калыптанышы жайбаракат жүрө тургандыгын адистер айтып жатышат. Алардын айтымында бала жайбаракат жашап, көпкө созулган убактысын оюнга бөлүп, ката кетириши зарыл экен, андан сабак алганга мүмкүнчүлүк берилип, кыскасы анын балалыгын табигый ыргакка коюп бериш керек экен. «Анткени баланы шаштыруу менен көп нерсеге жетиштирсе болот, бирок бул жол балага ички дүйнөсүндөгүлөрдү сиңирүүгө, аларды өзүнүн бир бөлүгү катары калыптандырууга мүмкүнчүлүк бербейт» дешет адистер.

Чындыгында материалдык кызыкчылык алдыга чыккан бул заманда баланын ички дүйнөсүнүн, сезимдеринин салмагын аңдоо/аңдатуу канчалык мүмкүн болорун билбейм. Бирок так ошол жан дүйнөнүн жардылыгынан улам көптөгөн өмүрлөрдүн карарганы жалганбы?! Баласын кымбат мектепке берип, кошумча курстарга акчанын көзүн карабай жөнөтүп, жеке мугалим жалдап да окутуп, көптү үмүттөнгөн кээ бир ата-энелердин кыялы талкаланганын көрүп эле жүрөбүз да. «Бул эмне үчүн мындай болуп калды ыя?» деп өздөрү жараткан табышмактын жандырмагын таба албай бири-бирин тиктеген ата-энелер так ошол кобурашпаганынан, маектешпегенинен, баланын жан дүйнөсүнө кирип аны менен таанышпаганынан улам ушундай болуп жатканын түшүнсө кана! Эч бир ата-эне өз баласын кордогусу келбейт эмеспи. Кийик экен деп өз уулун атып алган Карагулдун абалы, кайгысы баарыбызга маалым. Баласы менен сырдашууну көп көргөнүнөн улам баланын кишилигин, келечегин шашпай, акырындык менен талкалаган ата-энелердин абалы ошого эле окшош. Кыскасы, илгери этке болгон ачкөздүгүнөн улам баласынын өлүмүнө себепкер болгондой эле, учурдун Карагулдары деле акча сугунуп жатып, бирдей тагдырга кабылып жатышат.

Жайбаракат жашоо жыргалы

Жайбаракат жашоо дегенде эч нерсеге умтулбаган, эрте күндү жөнү жок кеч кылган жашоо таризин түшүнбөш керек. Аны адамдын физикалык жагы менен кошо рухий жагына тең салмактуу көңүл буруп жашоо деп түшүнүү туура болот. Адамдын жан дүйнөсүнүн калыптанышы табиятынан жайчылыкты, кеңири убакыт бөлүүнү, аны шаштырбоону талап кылгандыктан мындай жашоо таризин жайбаракат жашоо таризи деп атай салдык.

Бирок жайбаракат өмүр сүрө билүү да оңой нерсе эмес. Жайбаракат жашоо бүт нерсенин тез жана саат сыяктуу иштешине каршы туруштук бере алган жашоо шартын түзө алса гана мүмкүн болот. Бул өзүнчө маселе.

Чындыгында көп маалыматка ээлик кылып, кесибинин алдыңкы адистеринен болуп, көп тил билип, бирок ошого карабастан адам менен болгон мамилеси, жашоого болгон көз карашы, адеп-ахлактык компасы проблемалуу кишилердин сыры ушунда деп ойлойм. Дүйнөгө ташбоорлугу менен таанылган начар «каармандардын» дээрлик баары бала чагында ата-эненин мээрими жетишпей чоңойгондор экени маалым эмеспи?

Биздин өлкөдө «тез жашоо» көп өнүгүп, маанисиз стандарттарга ылайыкташуу аракети өтө коркунучтуу деңгээлге жете электир. Айтайын дегеним, калкынын саны ондогон миллиондорду түзүп калган мегаполистерде ата-эне менен баланын баарлашууга убакыт табышы кыйла татаал болуп калганы маалым.

Шаардашуунун табияты XX кылымдын биринчи жарымында олуттуу өзгөрүүгө учурап, калктын жыштыгы кескин күчөп, өндүрүш тармагы тездик менен өнүккөндүктөн адамдар «тез жашоого» ылайыкташууга мажбур болгон. Натыйжада чоң шаарларда тышкы таасирге кабылып чоңойгон курактагылардын материалдык дүйнөдө ээлеген орду менен моралдык дүйнөдө ээлеген ордунун ортосунда асман-жердей айырма келип чыккан.

Биздин өлкөдө абал балким анчалык эместир. Бирок бара-бара чоңоюп бараткан шаардагы балдардын абалын азыртадан ойлонуу зарыл. Күнүмдүк маектешүүгө убакыт бөлүүнүн жанында жайкы эс алуу учурунда баланы айыл жерине жиберүү аябай маанилүү деп ойлойм. Айыл жергесинде баланын жан дүйнөсүн таптай турган көп фактор бар. Чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, тууган-уругу менен катташуу, көчөгө толгон жаш балдар, табигый жашоо, талаа жана чарба иштери... Дегеле булардын баары аныгында алтынга тете баалуулуктар экен да, көрсө. Биз бул артыкчылыкты туура колдонуу менен (өзгөчө шаарда) көп көңүл бөлүнбөгөн балдардагы боштукту толтура алабыз деп ойлойм.

Кыскасы, баланын жан дүйнөсү унутта калбаш керек. Анын жан дүйнөсүнүн мыкты болуп калыптанышы аны менен баарлашуудан, берген суроолоруна чын дилден жооп берүүдөн, аны чындап жакшы көрөрүбүздү сездирүүдөн көз каранды.

Эпидемиядан улам үйдө отуруп бул чындыктан кыпындай болсо да кабарыбыз болду окшойт. Кризистик абалдан да мүмкүнчүлүк түзүп, андан пайда менен чыгып кетүү максатында балдар менен көп баарлашканды, аларга мээрим төгүүнү, жайкы эс алуусун айылда өткөрүүнү адат кылып алсак кана!

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG