Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Айкөл Манас ойгонот, эгер...


«Манас» операсы. Бээжин, КЭР. 7-июнь, 2018-жыл.
«Манас» операсы. Бээжин, КЭР. 7-июнь, 2018-жыл.

Кинотеатрлардан көрсөтүүгө уруксат берилбей, Интернетке чыгарылган “Мекен” тасмасын үч күндө жарым миллион киши көрүптүр. Астына пикир жазгандардын саны эле он миңден ашыптыр. Социалдык желеде, мисалы, "Фейсбукта" аны өтө толкундануу менен сөз кылгандар көп болууда. Бул фильм эмне үчүн элди ушунчалык өзүнө тартып жатат?

Топук

“Топук”... Таажы тумоосу келип, дүрбөлөңгө түшкөн калайык жабыла ун талашып киргенде, кийин чайкоочулар эң көп суралган дары-дармекти он эсе, жыйырма эсе кымбат сатканда эл кайрадан эстеди бул сөздү. Ушул тасманын өзөк идеяларынын бири топуктуулук, ынсаптуулук темасына байланышкан.

Райондук милициянын жетекчиси кен казуучулардын табиятка зыян келтирип, адамдардын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканына каршы жазылган арызды эмне үчүн териштирбей, сотко ашырбай койду? Анткени алган айлыгы үй-бүлөсүн багууга жетпейт. Аялы кир жуугуч машине керек дейт, окуучу баласы теңтуштарынан калбай смартфон көтөргүсү келет. Дал ушул жагдайда бир жылдык маянасындай өлчөмдөгү ооз басырыкты кен казуу компаниясынын башчысы бергенде, албай коё алган жок.

Эгер милиция парага азгырылбай, малчынын арызындагы адилеттүү талаптарды канааттандырууга аракет кылса, сюжеттин өзөгүн түзгөн чыр-чатак (конфликт) кагылышууга жетпей чечилет беле? Жок. Анткени малчы Бектемирге чейин дал ушул зыянкеч компанияга каршы күрөшкөн Келдибек карыя сот залында карөзгөй өкүмдү угуп, сулк жыгылган бойдон мүрт кетпеди беле...

“Инвестордун” кыргыздарды мазактаган каткырыгына милиция жетекчисинин аялы менен баласынын смартфонго алаксып отургандагы күлкүсү үндөштүрүлүптүр. Фильмдеги түйүндүү учурлардын бири ушул, жакшы табылга.

Тартип сакчысы арсыз күлкүнү укканда күйүп кетчүдөй туталанды. Үстөлдү тарс муштады да, арам акчага сатылып келген кир жуугуч машине менен смартфондорду үйүнөн чыгарып салууга ашыкты.

Тасманын башка бир катар эпизоддору да ушундай таасирдүү чыккан. Эгер “баш жагын көргөндө эле такыр жактырбай өчүрүп салдым” деп терс баалаган Нурлан Асанбековдой таланттуу режиссёрлор жана башка замандаштар сабыр күтүп, толугу менен карап чыкса, буларды байкабай коймок эмес деп ойлойм.

Иш арасындагы ишаарат

Тилекке каршы, арына келген милициянын, ага ишенип шерденген карапайым тоолуктардын сөзүн өкмөттүн өкүлү укмак түгүл, чындык үчүн тобокел күрөшкө бел байлаган Бектемирди “тергөөчү” “каралардын” колуна салып берди. Райондогу кылмышкерлерди камай турган жайды мыкаачылар пайдаланды...

Сатылбай турган кыргыз жок деп арсалактаган компания башчысынын айтканын бийлик өкүлү тастыктап салгансыды.

"Инвесторду кубалап чыксак эле жыргап калабызбы, тасманын финалы туура эмес" болуп калган дешет айрымдар. Албетте, биздин мамлекеттин экономикасына капитал жумшаган чет өлкөлүк жактарды жектей бербеш керек. Калыс карасак, тасмада андай дүңүнөн каралаган кеп-сөз айтылбаптыр, элдин түшүнүгү деле такыр терс эмес. Суубузду булгабай, жерибизди уулабай иштесе, кенди деле каза берсин деди го бийик тоолуу айылдын момун тургундары.

Талаш-тартышсыз, талкуусуз мунасага келүү кыйын, көбүнчө мүмкүн да эмес. Турмуш агымында чыр-чатактын да толкуну бар – жашоонун эзелки айныгыс мыйзамы ушундай. Кеп ошол чырдын ички энергиясын чарт жарылар чегине жеткирбей, толкунга жээкти буздурбай туура нукка бура билиште. Коомдогу нааразылыктын демин жаратман иштерге багыттап, карөзгөй күчтөрдү тизгиндей алган бийликти ким сыйлабасын?

Тасмада айтылышы керек дегидей ойлордун көбү ишарат деңгээлинде калтырылган. “Керегем сага айтам, келиним, сен ук, уугум сага айтам, уулум, сен ук”. Сөөктөн өткөрө, чучукка жеткире айтылбады деген сөздөрдү көрүүчү өзү улантып, толуктайт.

Эмне үчүн “элитабыз” дегендер менен башка “жакшылар” миллиондорду майкандап, төгүп-чачат да, катардагы кызматкердин эмгек акысы эң зарыл муктаждыктарына жетпейт? Айлыкты эмненин эсебинен жогорулатса болот?..

Эмне үчүн министр менен акимдин мингени миллион сомдук жол тандабас, ал эми "Тез жардамга" начар сапаттагы “Газель” өз наркынан үч эсе кымбат сатып алынган? Эмне үчүн бизде тендер теңирден тескери нукта өткөрүлүп, мамлекеттик бюджетти талап-тоноо жолуна айлантылып калган?..

Биринин артынан башкасы чубалып кете бергидей, ошол эле учурда жооптору бири-бирине туташ камтылган оор суроолорду көрүүчү кайрадан кан-жанынан өткөрүп, кыжыры кайнайт.

Тасманын бул жеринде андай эмес мындай айтыш, кылыш керек болчу деп ар кайсы эпизоддорду, актёрлордун аткаруусун сындашка негиз бар. Балким, талкууну кызытыш үчүн ушундай деңгээлде калтырылгандыр? Же чеберчиликтин жетишсиздигиненби?..

Чыгарманын таасир демин арттыруу үчүн айрым эпизоддорду башкача тартыш керек беле? Мисалы, кен казуучу компаниянын башчысынын каткырыгы өтө эле апыртылгандай, одоно угузулуптур. Көпчүлүк көрүүчүлөргө жеткиликтүү болсун деп ушинтишкен окшойт. Реалдуу турмушта мындай кишилер кыйла эле этияттанат, каршы чыккандарды бал тил менен эпке келтиришке аракеттенет эмеспи. Анын беткабын башкача, кылдатыраак жол менен сыйырса, тасманын көркөмдүк деңгээли кыйла жогору болмок.

Байыркынын деми менен

“Мекен” тасмасы биринчи кезекте көрүүчүнүн сезимине таасир тийгизүү мүдөөсү менен тартылыптыр.

Келдибек карыянын сөөгү көмүлүп бүткөн учурда маркумдун кемпири жетип келип, мүрзөнү кучактай жыгылды... Боздоп ыйлап, өлгөн кишини кабырдан сууруп чыгып тирилтип алса боло тургансып, боз топуракты шилей баштады...

Бул эпизод көпчүлүккө жакпастыгын, чочуткандай таасир калтырарын билип туруп, тасманын авторлору атайын киргизиптир – салтка сыйбаган, туура эмес жосун мынчалыкка барууга себеп болгон жагдайдын миң эсе туура эместигин баса белгилеш үчүн тартылыптыр.

Бейиштин төрүндөй тоо койнундагы бейпилдикти чет өлкөлүк кен казуучу компания бузду – жардыруулар малды үркүтүп, талаптагыдай көмүлбөгөн уулуу калдыктар аба менен сууну булгады. Малчынын секелек кызы ууланып, бир ажалдан аман калды...

“Тергөөчүнүн” жасалма күбөлүгүн бетке кармаган бандиттер Бектемирди уруп-сабап, милициянын камак жайына солоп салышты. Аялыңа барам деп мазактап, кордоп, арам оюн ишке ашыруу үчүн оор түндө тоо арасындагы ээн боз үйгө жөнөштү...

Милиция жетекчиси “тергөөчүлөрдүн” ким экенин түн ортосунда билип, Бектемирди камактан бошоттурат. Тоо башындагы үйүнө жөө баратканын көрүп, кызматтык машинесине салып өзү жеткирди. Ал жерге бетпак ниет менен барып калган бандиттер менен кагылышууда окко учту...

...Ана, колуна таяк, айры кармаган карапайым тоолуктардын жаалы кайнап, бейиштин төрүндөй болгон жерибиздин кутун учуруп жаткан кен казгычтарды кубалайбыз деп келатат!

Автоматтан бир татыратса эле чалгы менен чапкандай боо түшүп калбайбы?.. ОМОНчулар кайра келип, баарын колу-бутунан кайырып, автобуска жүктөп кетпейби?.. Бийликтин төбөсүндөгүлөр парага сатылбайбы?..

Бирок жаны көзүнө көрүнгөн, ашынган бетпактыкка каны кайнаган эл жалтанар жерден өтүп калган эле!

...Мына, элим деп, жерим деп жабыла турган мекенчилдерди айкөл Манастын, кабыландай чоролордун арбактары келип колдоду!

Тебелеп, жер менен жексен кылып салчудай болгон бульдозерди жандай келаткан кен казгычтардын автоматчан сакчылары Аккуланын жер силкинткен дүбүртүн укту, “Манастан” ураан чакырып келаткан кырк чоронун тоодой, зоодой элесин көрдү! Башчылары баарын таштай качты жол тандабасына түшүп алып!..

...Ырас, мунун баары – кыял, жомоктогудай тилектен жаралган үмүт гана. Чындыгында, Манасыбыз азыр деле уктап жатат. Аны “Кокуй, жоо каптап келип калды!”, – деп айкырган Чубак баатырдын найзасы да ойгото албайт бүгүн.

Манасты кантип ойготобуз?

Киночулар намысты ойготолу дептир. Мүдөөсү жакшы. Көп маанилүү ишаратты да колдорунан келишинче жасаптыр. Калганы көрүүчүлөрдүн – сиз менен биздин иш.

Ачыгын айтканда, нечен жылдар бою арсыздарды тайраңдатып көнгөн, мителерди кутуртуп, кооз сөздөргө, дүңгүрөк ураандарга алданып, мителерди кайра-кайра шайлап, эки жолку төңкөрүштөн кийин жакшы өзгөрүүлөрдөн түңүлүп калган элди чыныгы намыска келтириш оӊой эмес.

Бул үчүн карандай эмоция – каардын кайнашы, жаалдын жалындашы эле жетишсиздик кылат. Ал турсун Аксы окуясында атылгандардын, апрелде окко учкандардын төгүлгөн каны да элди ойгото элек. Тереңирээк акыл калчап ойлонгудай, улам кайра туюкка кептеген өксүгүбүздү аӊдап билгидей, чыныгы эркиндикке – ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ эркиндикке умтулгудай боло элекпиз.

Манас биздин көкүрөгүбүздө. Ал миң жылдык терең уйкуга кирген – аны аялдарга күчүн көрсөткөн зөөкүрлөрдүн, “эл катары” насыя алып той берген, кокту-колоттогу жердешчиликтин, уруучулдуктун чидеринен арыла албаган пенделердин сокур намысы ойгото албайт. Аты бар, заты жок көптөгөн партияларды түзүп алып, элди бытыранды кылган саясий чайкоочулар эч качан ойготпойт Айкөлдү.

Манасты өркөнү өскөн өлкөлөрдүн өрнөгүн алган зирек жаштарыбыз ойготушу мүмкүн. Дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты билимге каныккан кесипкөй азаматтарыбыз ойготушу мүмкүн.

Эркиндик менен жоопкерсиздикти, милдет менен кулчулукту атайылап чаташтырып, демократияны охлократия (сүрмө топтун үстөмдүгү) менен клептократияга (ууру, мителердин бийлигине) айланткан, мыйзамды карөзгөйлүктүн куралы кылып алгандардан кутулууга чындап умтулсак, Манас ойгонот!

Ар кайсы өзүмчүл “жакшыларды” ээрчийбиз деп бытыранды болбой бириксек, жеңишчил күрөштү ырааттуу жүргүзүү жолдорун үйрөнсөк, эӊ татыктуу уул-кыздарыбызды сүрөп, шайлап алсак, мына ошондо Айкөл Манас ойгонот!

Жолдош Турдубаев, публицист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG