Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Мекен менен менчиктин талашы


"Мекен" тасмасынан скриншот.
"Мекен" тасмасынан скриншот.

1-августта жарык көргөн “Мекен” тасмасы социалдык тармактарда “инвесторлорго каршы маанай түздү” деп айыпталууда.

«Мекен» көркөм тасмасынын бет ачары кинотеатрларда эмес, «Youtube» каналында болду. Тасма жарыялангандан кийин үч күндүн ичинде 600 миңден ашык жолу көрүлдү. Фильмдин авторлору катуу цензурага кабылганын айтышууда.

Тасманын продюсери Бектемир Мамаюсупов чыгашаны жабуу үчүн күйөрмандардан акчалай жардам сурады.

«Бул тасмага биз 100 миң доллар сарптаганбыз, карыз алганбыз. Азыркыга чейин сурап жатышат. Тасманы «Ютуб» каналына чыгарууга аргасыз болдук. Ылдый жакта эсептер жазылган, көңүлүңүздөн чыгарып, жардам берсеңиз болот», - деди Мамаюсупов.

Кыргызстанда прокатка чыкчу тасмалардын баары «Продюсерлер лигасынын» элегинен өтөт. Маанилүү тасмалар бир маалда прокатка чыгып, авторлор кирешеден кол жууп калбашы үчүн тасмалардын бет ачары алдын ала такталат. «Продюсерлер лигасынын» башчысы Съездбек Искеналиев тасмада одоно эреже бузуу байкалбаганын айтты.

«Прокатка чыгарышса болсок, тасмада аябай деле жек көрүүнү козуткан жерлери жок болчу. Одоно жаңылыштык деле жок эле. Эмнеге тыюу салынганын такыр түшүнгөн жокмун. Булардын алгачкы убактысы жылдырылып, 31-августка орун алышкан, жеке өзүм бекиткем. Мазмуну жагынан жакшы эле, аябай укмуш эмес, орточо».

Тасманы прокатка чыгарбоо чечимин расмий орган «фильм милициянын аброюна шек келтирди» деп түшүндүргөн. Социалдык тармактардын колдонуучулары тасмадан синофобияны (кытайларга каршы маанай), инвесторлого карата жек көрүүнү козуткан жагдайларды сынга алышууда. Анткени сюжет боюнча, жергиликтүү эл жер-сууну булгап, айлана-чөйрөгө зыян келтирген кытайлык инвесторлорду кубалап салат.

Журналист Канат Каниметов тасма тууралуу мындай пикири менен бөлүштү:

«Бул фильм башынан аягына чейин начар дегендерге кошулбайм. Позитивдүү нерселер деле бар экен арасында, операторлордун иши, айрыкча кадр тандоосу жана жарыктандыруусу мыкты деңгээлде экен. Бирок, калганы аман эле болсун... Эң башкысы – сценарийи жана актерлордун ойногону жаккан жок. Бул жерде предпродакшн болбогондой сезилди. Кинону көрүп жатып Станиславскийдин «ишенбейм» деген сөзү оюман кетпей койду».

Каниметовдун белгилешинче, актер тандоо иши да чабал болгон. Башкы ролдо ойногон Бектемир Мамаюсупов жана анын жубайын ойногон кыз айылдык малчыларга таптакыр окшошпойт.

«Бети аппак, кийими таптаза, аялын карасаң өзүнчө эле "инстадива". Андай болбойт да. Бул эми майда-чүйдө жери. Маанилүүсү – режиссер оюн таңуулаганы, көрүүчүлөрдү сыйлабаганы, – деди Канат Каниметов. - Себеби, биз үчүн алдын ала чечип коюптур: бул - жакшы каарман, а бул - терс каарман деп. Аны көрүүчү чечиши керек эле. Ар бир сахнада болбогон ура-патриотизмди, Совет маалындагыдай орой үгүттү кошо бериптир».

Техникалык өзгөчөлүктөргө көбүрөөк маани берген режиссер, эл аралык киносыйлыктардын ээси Адилет Каржоевдин ою боюнча, көйгөй башкада:

«Режиссёрдук иш, тасманы коюу начар болуп калган. Бул кино түз, бетке айткан эле чыгарма болуп калган да, ошондуктан өкмөткө жакпай атат. Темир Бирназаровдун «Белгисиз маршрут» деген тасмасы бар эмеспи, ал чыгармада качып кеткен президентти, ошол маалдагы президентти, бүткүл кыргызстандыктарды тарткан. Экранга чыкты, кинофестивалдарга ийгиликтүү катышты. Ошондой сыяктуу аллегорияларды, метафораларды кошкондо максатына жетмек».

Кино жана театр режиссеру Нурлан Абдыкадыров кино кандай өңүттө болбосун, чектелбеши керек деген ойду карманат.

«Бизде сөз эркиндиги жакшы, бирок маданият тармагында чектөөлөр көп. Маданият министрлигинде иштегендер өлкөнү мактаган гана тасмаларды чыгаралы дешет. Казакстанга салыштырсак, ал жакта демократия жок, бирок чыгармачылык, маданият чөйрөсү эч чектелбейт, каалаган темасын чагылдырышат. Аларда маданий акыл эстүүлүк жогору турат».

Медербек Жалилов.
Медербек Жалилов.

«Мекен» тасмасы көрүүчүлөргө баштапкы версиясынан 20-30% өзгөртүлүп тартууланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» фильмдин режиссеру Медербек Жалилов билдирген эле.

Кинематография департаменти «Мекен» тасмасы бир жактуу маалымат таратканын белгилеп, фильмге чектөө эмес, редакция сунушталганын түшүндүрүштү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG