Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

«Олигархтар бийликке келсе баарын басып алат»


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Киевдеги Стратегиялык иликтөөлөр борборунун аналитиги Павел Жовниренко соңку кезде саясий айдыңда пайда болгон олигархиялык партиялардын табиятын жана мындай саясий топтордун максат-мүдөөсү тууралуу иликтеп жүрөт.

- Олигархиялык партиялардын жеңишинин сыры эмнеде?

- Алардын болгон сыры акчада. Акчадан башка эч нерсеси деле жок. Журналисттер, пиарчылар, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, электорат алардын ачасына алданып, кызыгып иштей баштайт. Олигархиялык партиялар тез арада «баары жакшы болот» деген жел убададан башка, так-таасын эч нерсе айтпайт. Украинада мына ошол «баары жакшы болот» деген убада 1990-жылдардын аягынан бери уланууда. Ошончо жылдан бери бирөө да өнүгүүнүн стратегиялык планын көрсөтө алган жок.

Монополизация болгон жерде баа көтөрүлөт, чакан жана орто ишкердик үчүн эч ким чыдагыс шарт түзөт. Анткени алар олигархтардын эң башкы атаандашы.

Украинада олигархтардын системасы советтик доордон кийинки өткөөл маалда пайда болгондуктан, мыйзамды да өтмө маанисинде түшүнөт. Алар мүлкүн мыйзамды айланып өтүп, көмүскө базар аркылуу тапкандыктан, мамлекеттик мыйзамдар алардын кызыкчылыгына карама-каршы келип, ишине тоскоолдук жаратат. Олигархтар дал ошол 1990-жылдардын этегинде президентти, депутаттарды, министрлерди сатып алуунун ордуна, «бийликке өзүбүз келсек эмнеге болбосун» дегенден келип чыккан.

Ага жетүү үчүн карапайым элге жаккан тилде сүйлөп, массага таасир этчү ыкмаларды колдоно башташкан. Ал үчүн социолог, психологдорду жалдап, массаны манипуляциалоо аркылуу максатына жетишет. Олигархтардын партиялары шайлоо өнөктүгү маалында гана бири-бирине атаандашып, өз ара кармашпаса, алардын кимиси болбосо жеңип келсе, калганы анын айланасына чогулат. Алар сыртынан караганда бири-бирине атаандаш көрүнгөнү менен иш жүзүндө бир кайыкка түшөт. Анткени олигархтарга өзгөрүүнүн эмне кереги бар, бул алардын системасы.


Масален, Украинада мындай партиялар өз маалын күтүп, унчукпай парламентте отурушат. Орусияда болсо олигархтар бир адамды тандап, бийликти анын колуна топтоп беришкен. Ошол эле маалда ар биринин өз үлүшү бар.

Украинада саясий атаандаштык сезилет. Бирок анда деле эл көзүнө ойноп, өнүгүүнүн европалык жолу, Европа биримдигине кирүү, НАТОго кошулуу перспективасын жар салышканы менен иш жүзүндө аларга анын кыпындай да кереги жок. Анткени мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары, демократиялык принциптер чындап иштесе, андай системада алардын өздөрүнө орун жок экенин аңдашат.

Иш жүзүндө коомдо чындап саясатты түшүнүп, кимдин ким экенин таасын аңдай алгандар Украинабы же Кыргызстанбы 5-7% тегереги эле. Калган карапайым масса саясатты ойлобойт, аларга жашоосу ыңгайлуу жана тынч экени жетиштүү.


- Сиз белгилегендей, олигархатка айрымдар өз ыктыяры менен берилсе, көпчүлүк аңдабай эле баш ийет деп жатасыз. Анда коомчулук кимдин ким экенин кантип ажырата алат?

- Эң оболу шайлоочулар, коомчулук, саясий партиялар олигархиялык топторго бир критерий менен карашы керек. Байыркы Римдин мыйзамында «qui prodest» башкача айтканда, «кимге пайдалуу» деп айтылгандай, бул партиянын ишмердигинин үзүрүн ким көрөт? Тактап айтканда, ошол партия же партиянын лидерлери мамлекеттин өнүгүү жолундагы урунттуу учурларда кайда болду эле?

Олигархтар мамлекеттин цивилизациялуу өнүгүү жолун көрүшпөйт. Цивилизациялуу өлкөдө аларга орун жок. Алар маңдай тер төкпөй туруп, бюджеттин акчасын соруп, пайдага туйтунат.

Маселен, Кыргызстан эгемендикке ээ болгон тарыхый маалда, же андан кийин Кыргызстан – «демократиянын аралчасы» атыкканда ошол партия, лидер коомду алга жетелеп жүрдү беле? Андан кийинки ыңкылапчыл бурулуштарда азыр олигархтык партияларды түзүп, бийлик башына келебиз деп тургандар кайда эле же болбосо баррикаданын кайсы тарабында турушкан?

Экинчиден, соңку маалда ошол партия өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмне жасап жатат? Эл алдына эмне деп чыгат? Албетте, алар демократия, цивилизациялык жол менен өнүгүү, мыйзам үстөмдүгү деп калктын назарын бурууга болгон күчүн жумшашат. «Борбор Азиядагы Швейцарияны курабыз» деп элге опол тоодой убада беришет. Бирок биз баарыбыз тең алар азыр айтып жаткандарынын аз-мазын болсо да ишке ашырдыбы, жок дегенде ошого далалат кылдыбы же жокпу – мына ушуга көңүл бурушубуз керек.

Алардын жасаган иши, алардын бизнеси ошол багытты көздөдү беле жокпу? Жарандык коомду өнүктүрүүгө салым кошуп, меценанттык сыяктуу иштерди, өз жамаатында, чөйрөсүндө туруктуу бир нерсе кылдыбы? Ошол эле Орусияда же мурдагы пост-советтик аймакта көбүбүз сындап жүргөн Жорж Соростой миллиарддаган акча тапкан бирөө байлыгын адамды өнүктүрүүгө салды беле?


- Украинада соңку парламенттик шайлоонун босогосу 5% болду. Кыргызстанда шайлоо босогосу 7%, ат салышкан партиялар - 16. Шайлоо босогосу олигархиялык партияга эмне мүмкүнчүлүк берет?

- Шайлоо босогосу канчалык жогору болсо бийликти бир жерге – олигархтардын колуна топтоо мүмкүнчүлүгу ошончолук жогорулайт. Демократиялык өлкөлөрдө босого өтө эле төмөн, кээ бир жерлерде такыр эле жок. Ураинада болсо ошол тосмону ылдыйлатуу үчүн талбай кармашып келатабыз. Бизде дагы башында босогону асмандатып алууну көздөшкөн. Мурдагы президент Януковичтин тушунда 7% көтөрөбүз деп чыгышкан. Бирок элдин күчү менен ага жол берилген эмес.

Андыктан партиялардын баарына мүмкүнчүлүк берилип, бийликке жеткени эмне эмгек сиңиргенин көрүү керек. Ошондон кийин гана шайлоодо кимге добуш берүүнү өзү чечет. Олигархтарга болсо анын кереги жок. Аларга системаны өзгөртүүнүн эч кажети да жок. Мына Украинада соңку сурамжылоо көрсөткөндөй, «Эл кызматчысы», «Европалык тилектештик» жана оппозициялык «Жашоо үчүн» партияларынын коомчулуктагы көрсөткүчү 69%. Украинада 250дөн ашуун партия бар, алардын ичинен 50сү шайлоого катышат. Калганы кагаздагы жалпы санакка кошулган партиялар.

- Олигархтардын партиясы, таасирдүүлөрдүн партиясына жандооч болгон партияларды түзүү - шайлоо технологиясынын ыкмалары экени белгилүү. Айтор шайлоодо саясий топтор далай ыкмаларды колдонот. Мындай жагдайда электорат кимге добуш беришти кантип аныктайт?

- Жандооч партияларды айтсак, патриоттук партиялар, улуттук-демократиялык партиялар сымал кубулуп пайда болушат. Кыргызстанда деле Украинадагыдай, мындай жасалма партиялар чыныгы патриоттук, улуттук-демократиялык партиялардан айырмаланып, шайлоочулардын добушун бөлүп-жаруу үчүн түзүлөт. Алар элдин эмоциясына ойногон ураан-чакырыктарды жасап, чыныгы партияларды жолго таштайт. Шайлоого канчалык көп партия катышса, добуштар ошончолук чачырайт.

Маселен, 2012-жылкы шайлоодо үч улуттук-патриоттук кыймыл шайлоого катышкан. Алардын ар кими өз алдынча аттанып, эч кимиси 5% тосмону аша алган жок. Бирөө 3,5%, экинчиси 2% жакын, үчүнчү партия 1,5% тегеринде добуш топтогон. Эгер алар чогуу бир күч болуп барса, тосмону өтүп кетишмек да.

Андан дагы Украиндагы добуш саноо системасына ылайык, алар топтогон добуштар шайлоо босогосунан өткөн партияларга бонус болуп чачырап кетет. Акырында белгисиз майда партияга добуш бергендер, иш жүзүндө каршылаштарын колдогон болуп чыгып жатпайбы.


- Олигархтар парламентке келди дейли. Мындан ким утат да, ким утулат?

- Өлкө үчүн эч кандай утуш болбойт. Бул тарых токтойт дегенди туюнтат. Анткени олигархтар мамлекеттин цивилизациялуу өнүгүү жолун көрүшпөйт. Цивилизациялуу өлкөдө аларга орун жок. Алар маңдай тер төкпөй туруп, бюджеттин акчасын соруп, пайдага туйтунат. Анан экономиканын мыйзамы боюнча кичинеби же чоңбу, ар бир ишкер монополист болууга умтулат. Базарда анын гана товары болсо дейт, бул объективдүү жүйө. Бирок чакан жана орто бизнес мындай шартта бутуна тура албайт.

Бул бир гана олигархтардын колунан келет. Алар көчөдөгү май куйган колонкадан тартып, тармакташкан супер-маркеттерге чейин монополиялаштырат. Монополизация болгон жерде баа көтөрүлөт, чакан жана орто ишкердик үчүн эч ким чыдагыс шарт түзөт. Анткени алар олигархтардын эң башкы атаандашы. Алар ишкерлерди жүдөтүп, жалданып иштегидей кылып же баарын таштап өлкөдөн чыгып кетүүгө чейин мажбурлашат. Болбосо олигархтарга калган-катканын берип, ал системага кулдай кызмат кылуудан башка жол калбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG