Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-сентябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

ЖЭБ соту: зыянды өндүрүүнүн оош-кыйышы


ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган мурдагы сегиз жетекчи.

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерден мамлекет тарткан зыян боюнча соттолгондорго чегерилген айыптарды өндүрүү аракети башталды.

Соттун чечимине ылайык, бул иш боюнча соттолгон мурдагы сегиз кызматкердин ар бири мамлекетке 680 млн. сомдой айыппул төлөшү керек.

Быйыл июнда Жогорку сот ЖЭБдеги авария жана коррупция боюнча соттолгон мурдагы сегиз жетекчиге беш млрд. 440 млн. сомго жакын материалдык зыянды Финансы министрлиги менен «Электр станциялары» ишканасынын пайдасына төлөп берүүгө милдеттендирген. Бул сумманы сегизге бөлгөндө ар бирине 680 млн. сомго жакын каражаттан айланат.

Алар - мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев.

Сот аткаруучулар ушул аптада камакта отурган мурдагы жетекчилердин ичинен экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үйүнө барып, айыппулду төлөөнү талап кылганын адвокат Замир Жоошев билдирди:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Сот аткаруучулар Сапар Исаковдун үй-бүлөсүнө барып, «акчаны өз эркиңер менен төлөп бергиле» деп эскертип кетишиптир. Үч жылдык соттун жүрүшүндө Исаковдун баасы тогуз миң долларлык машинесинен башка мүлкү табылган эмес. Машине да аялына катталган. Ал машинени саткан күндө да акчасы өкүмдөгү айыпка жетпейт».

Сапар Исаковдун үй-бүлөсү комментарий берүүдөн баш тартты. Адвокат Замир Жоошев алардын айыппулду төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып жатат.

Сот аткаруучулар департаментинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева айыппулду өндүрүү тууралуу соттун чечими мекемеге келгенин, анын негизинде иш жүргүзүлө баштаганын ырастады:

«Чечим Сот аткаруучулар департаментинин Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондук бөлүмдөрүнө жаңы эле келди. Соттун чечимине ылайык, белгиленген сумма баарынан бирдей алынат. Аткаруу барагы келгенден кийин карызкорлордун үйлөрүнө сот аткаруучулар жиберилди. Мамлекеттин пайдасына өндүрүлүүчү сумма баарынан алынат. Негизи, алгач сот аткаруучулар эскертүү үчүн жиберилет. 10 күндөн кийин гана мажбурлап өндүрүү аракеттери башталат».

Соттолгондордун жакындары айыппул өндүрүү аракеттери тууралуу комментарий бергиси келген жок.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталгандардын соту. 2019-жыл.
Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча айыпталгандардын соту. 2019-жыл.

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин ачыкка чыккан коррупция боюнча соттук териштирүү Жогорку сотто быйыл июнда каралып, Бишкек шаардык сотунун чечими дээрлик өзгөртүлгөн эмес. Ага чейин шаардык инстанция ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн бир аз өзгөртүп, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтүн бир жылга кыскарткан, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкүн камактан чыгарган. Райондук соттун калган өкүмү ошол бойдон калган.

Ага чейин, 2019-жылдын декабрында баш калаанын Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл алты айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга түрмөгө кесилген.

Сот «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп тапкан, аларды эки жыл алты айга түрмөгө кескен. Бирок алардын тергөө абагында отурган убактысы эске алынып, сот залынан бошотулган.

Бишкек ЖЭБи. Январь, 2020-жыл.
Бишкек ЖЭБи. Январь, 2020-жыл.

Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары беш млн. сом айыпка жыгылган, абактан чыгарылган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да жаза катары үч миллион сом айыпка жыгылып камактан чыккан.

Лаврова жаза катары чегерилген үч миллион сом айыппулду мамлекетке толук төлөп берген.

Буга чейин, январь айында иш сотто кайра каралып жаткан кезде Осмонбек Артыкбаев 100 миллион сомду өз ыктыяры менен Башкы прокуратуранын коррупциялык иштерден түшкөн депозиттик эсебине которгону айтылган. Бирок соттук териштирүүлөрдүн биринде Артыкбаевдин адвокаттары ал өзүнө коюлган күнөөлөргө макул эмес экенин, акчаны анын туугандары которуп койгонун билдиришкен.

Коомчулукта Осмонбек Артыкбаевдин 100 миллион сому соттун чечими чыкканга чейин жумшак өкүм чыгып калабы деген ниетте которулган деп бааланган.

Айта кетүүчү жагдай - Артыкбаев менен Лаврованын камактан бошотулганы алардан мамлекетке зыян келтирген деген негизде өндүрүлө турган айыппул жокко чыгарылды дегенди түшүндүрбөйт.

Юристтердин түшүндүрмөсү боюнча, сот жаза катары Артыкбаевге беш миллион, Лавровага үч миллион сом айыппул чектеп гана камактан бошоткон. Ал эми жогоруда аты-жөнү аталган сегиз кишинин катарында аларды беш млрд. 440 млн. сомдук айыппулду төлөп берүүгө милдеттендирген чечим күчүндө турат.

Негизи, ЖЭБдеги коррупция үчүн айыпталгандар төлөгөн айыппул ишкананы модернизациялаш үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган насыяны төлөөгө жумшалары кабарланган.

Эми бул айыппул канчалык деңгээлде өндүрүлөт деген суроо жаралууда. Анткени аткаминерлер мүлкүн өздөрүнө эмес, жакындарына каттатып койгонун укук коргоо органдары айтып жүрүшөт. Кыргызстандагы Саясий репрессияларга каршы комитеттин төрагасы, жарандык активист Адил Турдукулов камактагылардын үй-бүлөлөрүнүн мүлкүн тартып алуу туура эмес деп эсептейт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Мыйзамда оор кылмыш үчүн айыпталгандардын мүлкүн конфискациялоо каралган, - деди ал. - Бирок мурунку бийликтин тушунда да, азыр да өзүнө катталбаган мүлктү алуу аракети болуп жатканын тажрыйба көрсөтүп жатат. Бул мыйзамсыз. Канчалык коррупцияга малынган адам болбосун, ага катталган мүлк гана мамлекетке өтүшү керек».

Кыргызстанда айрыкча аткаминерлер арасында коопсуздук үчүн мүлктү өз наамына эмес, алыс-жакын туугандарына, үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып койгону ачыкка чыккан учурлар соттук териштирүүдө көп кездешет.

Муну аткаминерлер тапшырган декларациялардан улам да байкоого болот.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан.

Башкы прокуратуранын расмий эсебинде, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон мамлекетке 111 миллион 252 миң доллар зыян келтирилген.

Бул иш боюнча айыпталгандардын дээрлик баары өздөрүнө тагылган күнөөнү четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

ЖЭБдеги авария жана коррупция боюнча Жогорку соттун чечими акыркы болгондуктан даттанууга жатпайт.

Буга байланыштуу айыпталгандардын адвокаттары соттук жараяндарда адам укуктары бузулган деген негизде Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу даярдап жатышат.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG