Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Былтыр камалып кайра бошонгон жетекчилер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы коррупцияга шектүү катары кармалып, абактан бошоп кеткен аткаминерлер менен саясатчылардын тизмеси.

Скобеев үй камагына чыкты

Жыл башында өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун убактылуу кызматтан четтетилген жетекчиси Егор Скобеев үй камагына чыгарылды.

Ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн 3-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Азаттыкка» билдирди.

Егор Скобеев.
Егор Скобеев.

Скобеев ушул жылдын 21-сентябрында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Скобеев Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козгогон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга байланыштуу шек саналып жатканы айтылган.

Айрым сайттар ал Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча иште шектүү катары өтүп жатканын жарыялашкан.

Адамкул Жунусовдун өзгөргөн бөгөт чарасы

Бакуда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун бөгөт чарасы өзгөрүп, камактан бошотулганы кабарланууда.

Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Бул тууралуу маалымат агенттиктери укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып кабар таратышты. Анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө эмне негиз болгону азырынча белгисиз. Буга чейин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу камактан бошотуу жөнүндө бир нече ирет сотко өтүнүч келтирип, бирок анысы четке кагылган.

Адамкул Жунусовго 2018-жылы 18-августта «бажыда туруктуу коррупциялык байланыштарды түзгөн» деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ал кезде Адамкул Жунусов тергөөгө келбей, чет өлкөгө качып кеткендигине байланыштуу ага эл аралык издөө жарыяланган. Ошол эле жылы 28-декабрда Адамкул Жунусов Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аба майданына АКШдан учуп келгенде кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Кулматовдун кубанычы

Жыл аяктап баратканда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулду. Өкүмдү 23-декабрда Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымов окуду.

Кулматов сот залынан бошотулгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай өкүм күтүүсүз болгонун айтты:

- Кандай абсурддук күнөө коюлса, ошондой эле чечим кабыл алынды. Мындай өкүм чыгат деп күткөн эмесмин. Бирок мен баары бир соттуулугу бар, күнөөлүү адам болуп калдым. Азыр эми кызымды барып көрөм.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип, «мамлекеттик айыптоо калыстык үчүн иштебей, атайын каралоо менен гана алек болгонун» белгилеген.

ЖЭБ иши: айып төлөгөн Артыкбаев

6-декабрда Тогуз айлык териштирүүдөн кийин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөй турган болду. Эркиндиги чектелген жок. Артыкбаев буга чейин зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 млн. сом төлөп берген.

Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.

Алмаматовдун иши, президенттин көзөмөлү

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

Бирок Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес. 25-декабрда Сооронбай Жээнбеков жылдык жыйыны учурунда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып Насирбек Алмаматовдун иши жеке көзөмөлүндө экенин айткан.

Үй камагы жана айып...

2-октябрда 2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болушу керек.

Ири суммадагы пара менен кармалып, 14 жылга кесилгени кеп болгон транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарган.

«Соттордун кураторуна» соттун ырайымы

Үй камагына чыккандардын дагы бири - президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев.

Ал 2-июнда кармалып, бөгөт чарасы эки айлык үй камагына өзгөртүлгөн болчу. Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти август айында карап, үй камагындагы мөөнөтүн 2-ноябрга чейин узарткан.

Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны «сот системасынын куратору» деп атап келишкен. УКМК Арабаевди коррупцияга байланыштуу айыптаган. Мекеме тараткан маалыматта ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объектилерин рейдерлик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

Арабаев тергөөгө кытай инвесторлору Бишкекте курган «Даймонд сити» турак жай комплексин рейдерлик жол менен тартып алууга байланыштуу иш боюнча мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG