Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Азимкан Жусубалиев сотто акыркы сөзүн айтты


Сот залынан тартылган сүрөт. 30.07.2019
Сот залынан тартылган сүрөт. 30.07.2019

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев, аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаев жана Бехруз Гулрузов акыркы сөзүн сүйлөштү.

Жусубалиев кызматта турганда автожолдорду куруу боюнча өлкөдө 13 ири долбоор ишке ашып жатканын, бирөөндө да эч кандай кызыкчылыктарга жол берилбегенин айтып, соттон аны актоону өтүндү.

Бул иш боюнча айыпталган Токтобаев жана Гулрузов да соттон актоо чечимин чыгарууну суранды.

Ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков карап жатат.

Ири пара боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген. Тергөө бул иш боюнча үч кишини - Азимкан Жусубалиевди, Бехруз Гулрузовду (Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азимкан Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталууда. Ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара алды деп кармалган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. (BTo)

XS
SM
MD
LG