Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Манас Арабаевдин үй камагына чыгарылганы маалымдалды


Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев,
Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев,

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарганын "Азаттыктын" укук коргоо органдарындагы жеке булагы билдирди.

Манас Арабаев 2-июнда кармалган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда аны "сот системасынын куратору" деп атап келишкен. УКМК Арабаевди "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп кармаган. Мекеме тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

2-июлда Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык тууралуу журналисттик иликтөө чыккан.

Анда чет өлкөлүк ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз түрдө тартып алганы, ага сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөнү айтылган.

Видеодон президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдиргенин көрүүгө болот.

Көрсөтүүдө бул мыйзамсыз иштерге Раиса Атамбаеванын жакын туугандары, курбусу, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жана мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин катышы бар экени айтылган.

Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телерадиоканал тараткан маалымат «чындыкка коошпой» турганын билдирген. (ST)

XS
SM
MD
LG