Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Изин сууткандардын иши арабөк абалда


Аскарбек Шадиев, Бусурманкул Таабалдиев, Алина Шаикова жана Насирбек Алмаматов. (солдон оңго карай) Коллаж.
Аскарбек Шадиев, Бусурманкул Таабалдиев, Алина Шаикова жана Насирбек Алмаматов. (солдон оңго карай) Коллаж.

Кыргызстанда коррупцияга шек саналып кылмыш иши козголгон мурдагы чиновниктер кармала элек. Алардын айрымдарынын сыртынан сот чечими чыкты.

Коомчулукта резонанс жараткан коррупциялык иштердин айрымдарынан тагдырына токтолсок.

Насирбек Алмаматов – Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы. Ал «коррупциялык схема түзгөн» деп шек саналып, былтыр 25-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 12,5 жылга кесилген. Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 млн. 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё берген.

Жогорку сот 30-октябрда шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, Алмаматовду түрмөгө кесүү боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги ага Интерпол аркылуу издөө жарыялаган. Кармала элек. Президент Сооронбай Жээнбеков «бул ишке судьялардын, прокурорлордун катышы бар» деп жыл башында өлкөнүн башкы прокурору менен судьясын тилдеген.

Аскарбек Шадиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-премьер-министр. Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» беренелери менен аны күнөөлүү деп таап, 10-июнда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылды. Шадиев 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары АКШга качып кеткен. Издөөдө. Колго түшө элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко жемкорлукка каршы иштердин жыйынтыгы жок экенин сындап келет.

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.


«Кыргызстанда коррупция менен күрөш жүрүп жатат» деп айтпаган тили чыга элек эле наристелер калды. Бирок жемкорлук менен күрөштүн жыйынтыгына жарандардын ичи чыккан жок. Саясий эрк болбосо жана майда-барат гана жемкорлор менен алыша берсек, биз дагы эле коррупциянын сазында кала беребиз».

Күч түзүмдөрү шектүүлөрдү чет өлкөдөн кармоо иштери тууралуу дээрлик маалымат бербейт. Коомчулукта же Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлүп калганда издөө жүрүп жатканы, кармалса Кыргызстанга алынып келинерин билдирүү менен эле чектелишет. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жакында эле парламентте 2019-жылдагы отчету тууралуу маалымат берип жатып Аскарбек Шадиевдин иши тууралуу буларга токтолгон.

«АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Быйыл биздин тергөөчүлөр ал жакка барып келмек болуп, бирок жагдайга байланыштуу кийинкиге жылып калды. Буюрса, бул иштер боюнча жыйынтык болот».

Жамшитов иштин кечеңдешин пандемия менен байланыштырган. Эми Кыргызстандын күч кызматтары издөө жарыялап, бирок такыр эле таба албай жаткан дагы айрым мурдагы аткаминерлерди эске салалы.

Алина Шаикова - Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы. Ал паспорт даярдоодогу коррупцияга байланыштуу шек саналууда. 2019-жылдын август айында издөө жарыяланган. Андан бери Шаикованы кармоо иштеринен жыйынтык чыга элек. Тендердеги жемкорлук боюнча шек саналгандардын бир тобу түрмөгө отуруп чыкты. Ал ортодо биометрикалык паспорт жасоо боюнча экинчи тендер да аягына чыкты.

Бусурманкул Таабалдиев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы. Ага кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште айып тагылган. Коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы чекист да изин таптырбай кеткен. Бул кылмыш иши боюнча айыпталгандардын алды түрмөгө кесилди.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканованын айтымында, бийлик кааласа Кыргызстанда иш козголгон кандай гана адам болбосун чет өлкөдөн алып келе алат. Бирок бул иш тандалма жүрүүдө.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Башкы прокуратура мурдагы постсоветтик өлкөлөр, АКШ менен деле кылмышкерлерди кармоо жана алып келүү боюнча эч кыйынчылыксыз эле иштешет. Бул жерде прокуратуранын эрки жетпей жатат же кызыкчылыгы бар. Кыргызстанда адамга издөө жарыялап коюп, бирок аны издебеген көнүмүш иш болуп калды. Анткени, эч ким алардын тынчын албаса эле болду. «Эмне болду?» деп сураса, «издөөдө» деп коюшат. Андан аркы иштерге көңүл деле бурушпайт».

Кыргызстандын күч органдары чет өлкөдө качып жүргөндөрдү алып келген учурлар көп эле. Мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмиянов 2018-жылы Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Мамлекеттик бажы кызматынын издөөдө жүргөн мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 2018-жылы Азербайжандын борбору Бакудан колго түшүп, өлкөгө экстрадиция болгон.

Бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов быйыл февраль айында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков коррупцияга шек саналып качып жүргөндөрдү колго түшүрүү көп мээнетти талап кылбасын айтат. Ал шектүүлөрдү түрмөгө кесип жибербей, акчасын экономика үчүн иштетиш керек деген позицияны кармангандардын бири.

«Кыргызстандан качып кеткен коррупционерлерди мамлекет алып келем десе, бир мүнөттүк эле иш. Ал үчүн атайын келишимдер бар. Керек болсо биздин күч кызматкерлерин жөнөтүп да кармаса болот».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 млрд. 424 млн. 379 миң сомго жетти.

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 410у - кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы, 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу», 35и «Коррупция» беренелери менен ачылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG