Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Депутаттар изин сууткандардын ишин сурады


Коллаж
Коллаж

Жемкорлукка айыпталып, изин таптырбай кеткен мурдагы аткаминерлердин иши боюнча маселе Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын жыйынында көтөрүлдү.

Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалыматы угулган жыйында депутаттар коомчулукта резонанс жараткан коррупциялык иштердин тагдырына кызыгышты. Аткаруу бийлиги чуулуу иштердин ар бири боюнча маалымат бербегени менен жемкорлукка шек саналгандардын айрымдары соттун чечими менен эркиндикке чыкканын жүйө кылды.

Ара жолдо калган иштер

«Республика – Ата Журт» фракциясынын 15-ноябрдагы жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин негизинде жүрүп жатканын айтты. Анын маалыматына караганда, быйыл Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы баш-аягы 477 материалды каттаган. Анын ичинен 326сы коррупцияга байланыштуу. Мамлекетке келтирилген зыян 6 млрд. сомдон ашса, 460 млн. сомдон ашыгы гана бюджетке кайтарылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат ушул жылдын 10 айында (Финансы полициясы) 116 коррупциялык иштерди аныктаган. Андан мамлекет 108 млн. сом зыян тартып, 6 млн. сому кайра бюджетке кайтарылган. Андан тышкары кызмат адамдарына байланыштуу пара алуу жана мыйзамыз сый акы берүү фактылары боюнча 26 иш катталган.

Өкмөттүн бул сандары депутаттардын купулуна толгон жок. «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Сагындык Келдибаев коррупцияга байланыштуу ара жолдо калган иштерге көңүл бурду.

- Коррупция менен күрөштүн жыйынтыгы байкалбай жатат. «Коррупция менен күрөшүп жатабыз, кармап, камадык» дейбиз, бирок андан натыйжа жок. Эгерде анын жыйынтыгы көрүнсө бюджет көбөйөт эле да. Коррупцияга шек саналып, пара менен кармалгандар кандай болуп жатканын көрүүдөбүз. Иштер аягына чейин чыккан жок. Сотко чейинки териштирүүлөр, тергөө иштери ара жолдо калууда. Шек саналгандар качып кетип жатат. Бул кийинкилерге сабак боло элек. Алар «кармалам, бирок кутулуп кетем» дешет да. 1000 сом менен кармалса, 500 сом берип чыгып жатышат.

Ушундай эле маселени фракциянын башка мүчөлөрү да көтөрүштү. Өкмөткө карата мындай сындардын айтылышына Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун абактан чыгып кетиши себеп болду көрүнөт.

Ал быйыл 25-мартта Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 12,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок октябрь айында Бишкек шаардык соту өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени өткөн айда белгилүү болгон.

Жогорку сот 30-октябрда Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарып, Алмаматовду түрмөгө кесүү боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Анын кайда экени белгисиз болуп жаткандыктан милиция Алмаматовго КМШ өлкөлөрүндө издөө жарыялады. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Насирбек Алмаматовдун иши боюнча «Азаттыкка» мындай деди.

- Укуктук талаада мындай маселелер боло берет. Сот өз чечими менен кармап же бошотуп жибериши мүмкүн. Бул соттун чечими, соттун карамагындагы иш да. Биз соттун өкмүнө комментарий бере албайбыз.

Кыргызстанда кылмыш иши козголгон соң айыпталуучулардын өлкөдөн чыгып кеткен учурлары буга чейин катталган. Алсак, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, кийин АКШга кеткени белгилүү болгон. Андан соң кылмыш иши козголгон УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Таабалдиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаикованы укук коргоо органдары таппай калышкан. Бул адамдарга издөө жарыялаганы менен андан майнап чыкпай келет.

Коррупцияга каршы күрөш: жылбаган иштер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:43 0:00

Жоопкерчилик жүгү

Фракция жыйынында коррупцияга айыпталгандарды актап жиберген соттор жана жемкорлукка байланыштуу иштерди тергеген тергөөчүлөрдүн да жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлдү.

Башкы прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын орун басары Жыргал Исмаилов быйыл 12 судьяга иш козголуп, үчөөнүн иши сотко жөнөтүлгөнүн айтты.

- 2019-жылы үч судьяга карата козголгон кылмыш иштери сотко өткөрүлдү. Мындан сырткары тергөөчүлөргө да ачылган кылмыш иштери бар. Тергөөчүлөргө кандайдыр бир чечим кабыл алганына байланыштуу эмес, кызматынан кыянат пайдаланган же кызмат абалынан аша чабуу боюнча иштер козголууда.

Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын өзүндө да иш начар экенин депутат Курманкул Зулушев сынга алды.

Анын маалыматы боюнча, башкы көзөмөл органы 2018-жылы «Коррупция» беренеси менен 22 кылмыш ишин козгоп, анын төртөө гана сотко өткөн. Эки иш өндүрүштөн токтотулган.

Калган 16 иш эки жылдан бери тергелип жатат. Башкы прокуратура быйыл ушул эле берене менен 36 кылмыш ишин козгоп, бирөө да сотко жибериле элек.

- Бардыгын сурасак, бизде мыйзамдуулук орноп кеткендей. ИИМден сурасаң «аткарып жатабыз» дейт. Башкы прокуратура «так иштеп жатканын» айтат. Коррупцияга каршы күрөш кызматы болсо «баарын камап жатабыз» дейт. Анда коррупция эмнеге токтобойт? Тендерлердеги, билим берүү тармагындагы, Саламаттык сактоо министрлигиндеги, Бажы тармагындагы коррупция эмнеге тыйылбайт?, - деди Зулушев.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү иштердин сотко ашпай жатышын коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерин тергөө оор экенин, кошумча экспертизалар талап кылынары менен түшүндүрүштү.

Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөттүн дарегине айтылган сын-дооматтарга мындайча жооп берди.

- Коррупция Кыргызстанда эле эмес бүт эле дүйнөдө бар. Азыр күч органдары коррупцияга каршы күрөш боюнча иштерди жасап жатат. Анын жыйынтыгын биз айта албайбыз. Күч органдарынын иш аракетине карап туруп, жумуш тийиштүү деңгээлде жүрүп жатат десе болот.

«Transparency International» уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында Кыргызстан бул тизмеде 132-сапка жайгашканын жарыялаган.

Учурдагы бийлик коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын, бул иште кол тийгис адамдар болбой турганын жарыялап келет. Коррупция маселеси 2018-жылы Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланып, жемкорлук менен күрөшүү боюнча атайын чечим кабыл алынган.

"Ыңгайсыз суроолор": Коррупция: ким кимди жеңет? 16-ноябрь, 2019-жыл

Коррупция: ким кимди жеңет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:06 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG