Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Алмаматов кайрадан камалмай болду


Насирбек Алмаматов
Насирбек Алмаматов

Жогорку Сот Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башкармалык жетекчиси Насирбек Алмаматовду эркиндикке чыгаруу боюнча шаардык соттун чечимин жокко чыгарды.

Акыркы апталарда журналисттер менен айрым коомдук активисттер көз салып жаткан Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов боюнча Жогорку соттун чечими бүгүн чыкты.

Аталган органдын басма сөз катчысы Изати Шүкүралиеванын айтымында, Алмаматов боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылып, аны 12 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды:

- Жогорку соттун жазык иштери жана Административдик укук бузуулар боюнча коллегиясынын 2019-жылдын 30-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун Административдик укук бузуулар боюнча коллегиясынын 2019-жылдын 9-июлундагы Алмаматов Насирбек Закировичке карата чечими жокко чыгарылды. Муну менен Октябрь райондук сотунун быйыл 25-марттагы чечими күчүндө калды.

Ошентип Жогорку соттун чечими менен Алмаматов кайрадан камакка алынмай болду. Бирок соттук отурумга айыпталуучу өзү келген жок. Ал саламаттыгы начарлаганы үчүн жараянга катыша албаганы айтылды. Жогорку Соттун өкүлдөрү мыйзам боюнча тиешелүү органдар аны жакын арада камакка алуу керек экенин билдиришүүдө.

Насирбек Алмаматовдун сотко катышкан адвокаты Жылдыз Жапашев иш менен жакшы тааныша электигин айтып, Жогорку соттун чечими боюнча кыска гана комментарий берди.

- Бул чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Мен бул иш менен таанышкан эмесмин.

Насирбек Алмаматовдун иши былтыр ноябрь айында кармалгандан тарта эле коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

Улуттук коопсуздук комитети чиновник айдоочулук күбөлүк берүү жана автоунааларды каттоодо коррупциялык система түзгөнү жөнүндө маалымат таратып, Алмаматовго түспөлдөш адам иш бөлмөсүндө акча алып жатканы жөнүндө видео тасма жарыялаган.

Ишти Октябрь райондук соту карап, аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок экс-чиновниктин эркиндикке чыкканы тууралуу коомчулукта күбүр кеп тарап, анын чын-төгүнүн кийинчерээк "Азаттык" расмий тактаган.

Тагыраак айтканда, Насирбек Алмаматовго чыккан Октябрь райондук сотунун өкүмү кийинки инстанцияда өзгөртүлүп, сот залынан түз эле эркиндикке коё берилгенин Бишкек шаардык соту бышыктаган. Ага ылайык, Алмаматов ушул жылдын 9-июлунда 12,5 жылдык жаза мөөнөтүнүн ордуна 3 миллион 300 миң сомду айып пул катары төлөө шарты менен бошотулган.

Үч айдан кийин гана белгилүү болгон бул жаңылык коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы жүзү ушул" деп бийликти айыптаган нааразылык айтылган. Мындан соң гана прокуратура Жогорку сотко кайра арыз жолдоп, Алмаматовдун ишин кароону суранган.

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

Эми соттун чечими чыккан соң коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул иш бийлик үчүн чоң сабак болушу керектигин айтууда:

- Бул иштин негизги сабагы эмнеде? Коопсуздук кеңешинин катчылыгы коррупция менен күрөшүү боюнча саясаттын алкагында кармалган, камалгандар, аларга козголгон кылмыш иштерге катуу көзөмөл жүргүзүп, мониторинг жасашы керек. “Иш козголду, кармалды, эмне болсо ошол болсун” десе андан ары да коррупция болуп кетип жатпайбы... Анткени ушундай жеңилдетип, бошотуп койгондорду сот жөн эле боору ооруп чечим кабыл алды дейсиңби? Артында эмне турганын көзөмөлдөш керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Алмаматов боюнча шаардык соттун чечим кабыл алуусуна аралашкандардын жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Бул жерде журналисттерге, кайдыгер карабаган коомчулуктун бөлүгүнө рахмат айтыш керек. Анткени, демократиянын белгиси ушул - журналисттер айтып, бийлик ага көңүл бурду. Болбосо “жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы” мүмкүн болчу. Бирок эми ал киши качып кете турган болсо, ошол райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьялары жоопко тартылышы керек. Андай болбосо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөштө пара алуу же башка экономикалык кылмыштарга айыпталгандарды эркинен ажыраткандын ордуна андан айыпты эселеп өндүрүп, андан кийин гана эркиндикке коё берүүнү туура көргөндөр да бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков мындай көз карашты жактагандардын бири:

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

- Менин айтайын дегеним ушул Алмаматовдун мисалында эмес, бирок эгерде бирөө экономикалык кылмыш жасап 100 миң уурдаса, аны прокуратура эселеп өндүрүп алса, мамлекетке көбүрөөк пайда алып келет. Эгер камакта болсо мамлекет ага акча коротот. Баарын эле камай берсек, эртеңки күнү биздин генибиз кандай болот?

Ошол эле кезде "Азаттык" өз булактарына таянып, Алмаматовдун ишинин акыркы жагдайы бийликтин эң жогорку деңгээлинде талкууланганын жазган болчу. Ага ылайык, бийлик өкүлдөрү бул иш коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүрдү деген жүйөнүн негизинде аны кайра кароо талабын айтышканы белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG