Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:31

Тергөөчүлөр пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн аптада Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалды. Ага чейин Чүйдүн Москва райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен колго түшкөн.

Укук коргоочулар мындай көрүнүштөрдү коомдук аң-сезимдин ойгоно баштаганы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда коомдук активисттер кармоо, камоо фактыларынан эмне үчүн сабак алынбай жатканын иликтешүүдө.

Карга карганын көзүн чокубайбы?

Март айынын башында Чүй облусунун Москва райондук сотунун улук сот аткаруучусу 50 миң сом пара менен кармалганы жарыяланган. Ал талап кылган акчаны иш бөлмөсүндөгү принтерге кыстарып жиберүүгө жетишкени кабарланган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматы боюнча, кармалган сот аткаруучу кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу үчүн 50 миң сом пара талап кылган.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен кылмыш иши козголуп, сот аткаруучу убактылуу камоо жайына киргизилген. Кийинчерээк ал соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ал эми 7-март күнү Бишкектеги Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалганы кабарланды. Тергөөнүн материалдарына караганда, алар кылмыш ишин токтотуу үчүн кылмышка шектүү адамдын жакындарынан 300 доллар пара доолашкан.

Мындай маалыматты милицияга айыпкер тараптын жакындарынын бири берген. Анын негизинде милиция тергөөчүлөрдү пара алып жаткан учурда кармаган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр акчаны Бишкектеги темир жол вокзалына алып келүүнү талап кылышкан.

ИИМ.
ИИМ.

- Акча темир жол вокзалынын аймагында берилмек экен. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү пара талап кылууга шектүү тергөөчүлөрдү ошол жактан пара алып жаткан жеринен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу кармашты. Ички иштер министрлиги өз катарын коррупцияга аралашкан милиция кызматкерлеринен тазалап келе жатат жана андай мыйзам бузган кызматкерлерге эч кандай аёо болбойт, - деди Эрнис Осмонбаев.

Кармалгандардын бири УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Экинчисинин кылмышка тиешеси бар-жогун тергөө аныктап бүтө элек.

Күч кызматкерлери биринчи жолу пара менен кармалып жаткан жок. Акыркы убакта мындай фактылар көбөйүп жатат. Муну эксперттер коомчулуктун паракорчулукка кайдыгер эмес мамилеси калыптанып, аң-сезим өзгөрүп жатат деп баалай баштады.

Атап айтканда, кыйноого каршы күрөшүп келе жаткан укук коргоочу Азиза Абдирасулова мындай пикирин билдирди:

- Пара алуу, пара берүү мурунтан эле бар. Бирок мурда коомдо «карга карганын көзүн чокубайт» деген түшүнүк менен пара доолагандарга каршы арыздануу аз болуп келсе, кийинки убакта элде ачык айткандар көбөйө баштады. Көбүнчө өзүнүн күнөөсүз экенин билген адамдар ачык айтып, пара талап кылгандарды карматып жатышат.

Тосмо арыз парага тоскоол боло албайт

Укук коргоочу милицияда козголуп, сотко жетпей калган кылмыш иштеринин көпчүлүгү жабырлануучу тараптын тосмо арызынын негизинде кыскартылып, токтотуларын белгилейт. Бирок ошонун ичинде да басымдуу бөлүгүнүн артында пара, акча талап кылуу турганы жашыруун эмес.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Биздин практикада мындай учурлар болгон: жабырлануучу тарап айыпталуучу тарап менен келишип, көбүнчө өзү тарткан чыгымды төлөтүп алгандан кийин ага доосу жок экенин билдирип, тосмо арыз жазып берет. Бирок ишти карап жаткан тергөөчү ага макул болбой, ишти кыскартпай коюп, аягында сотто жабырлануучу «доом жок» деп айткандан кийин гана күнөөсүз катары бошотулган учурлар бар, - дейт Азиза Абдирасулова.

Ушундай окуяны башынан өткөргөн бишкектик тургун Акмөөр жабырлануучу тараптын тосмо арызынан кийин да тергөөчү акча талап кылганын «Азаттыкка» айтып берди:

- Бир нече жыл мурда иним такси кызматында жүрүп, түн ичинде мас кишини коюп кеткен. Натыйжада тиги кишинин буту сынып, бели кокустап калган экен, иним өзү ооруканага жеткирген. Ал жерден милиция кызматкерлери инимди кармап кетип, камап коюшкан. Биз тиги кишинин бутуна коюлган гипсинен тартып ооруканадагы бардык чыгымдарын өзүбүз төлөгөнбүз. Сынган сөөгү калыбына келгенге чейин иштебей, үйүндө жатат деп бир нече айлык азык-түлүгүнө деп кошумча акча да бергенбиз. Ал киши бизге ыраазы болуп, иниме «эч кандай доом жок» деп тосмо арыз жазып берсе да тергөөчү бизден «айдоочунун күнөөсү бар» деп акча талап кылып туруп алган. Айла кеткенде сураган 20 миң сом акчасын берип, анан инимди чыгарып кеткенбиз. Тергөөчү акчаны ачык эле, «ишти жабыш үчүн мен өзүм гана албайм, жетекчиме берем, прокурор өз энчисин алат» деп айтып эле алган. Ошол убакта анын үстүнөн «пара талап кылып жатат» деп арыздануу деле оюбузга келген эмес экен.

Балык башынан...

Укук коргоочулар белгилегендей, коомчулукта «карга карганын көзүн чокубайт» деген түшүнүк менен пара талап кылган кызматкерге каршы даттанууну пайдасыз деп эсептегендер бүгүн да көп. Буга ириде коррупция менен күрөштүн жабык болуп жатканы себепкер.

Жарандык активист Рита Карасартова бийликтеги коррупция тыйылбаса, карапайым эл күрөшүп түбүнө жете албай турганын белгиледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бир-эки тергөөчү, сот аткаруучу пара менен кармалып калса эле биз андан жеңиш көрбөшүбүз керек. Бул коррупция менен күрөш эмес, анын жыйынтыгы. Биздин өлкө коррупция менен күрөшүүнү эң жабык орган - УКМКга берип койгон. Бүгүнкү күндө эң чоң коррупция ошол тармакта. Ошондуктан азыр айтылып жаткан күрөш - коррупция менен күрөш эмес. Бизде президент УКМКны реформалап, коррупция менен күрөшүүнү алып салып, тергөөнү алып салып, «коопсуздук кызматы коопсуздукту гана камсыз кылуучу мекеме болот» дегенде - ошондо гана өзгөрүүлөр башталат. Азыр президент бүт бийлик бутактарын өзүнө багынтып алып, коомчулукка майда чабактардын кармалганын көрсөтүп коюп отурат. Миллиондорду чыгарып кетип атышканда, 300-500 доллар деген эч нерсеге татыбай турган сумма.

Күч түзүмдөрүндөгү паракорлукту жоюу маселеси былтыр 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков катышкан Коопсуздук кеңешинин жыйынында да көтөрүлгөн. Анда айтылган расмий маалыматтар боюнча ички иштер органдары өткөн эки жылда 65 миң кылмыш иш козгосо, анын 30% гана сотко өткөн, ал эми сотко жиберилген иштердин 44% боюнча айыпталуучулар кылмыш жообунан бошотулган.

Ал эми экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтеген Финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш ишин козгосо, алардын 23% гана сотко өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG