Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:07

OCCRP: миллиарддарды адалдаган схема ашкереленди


Орус президенти Владимир Путин жана виолончелист Сергей Ролдугин, Кремль, 22-сентябрь 2016-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана виолончелист Сергей Ролдугин, Кремль, 22-сентябрь 2016-жыл.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) арам акчаны адалдоо менен алектенген ири глобалдык схеманы ашкереледи.

4-мартта жарыяланган жаңы иликтөөгө ылайык, миллиарддардын изин жашыруу үчүн Орусиядагы жана Литвадагы банктар, ошондой эле офшордук компаниялар колдонулган. Андай компаниялардын кожоюндары катары финансы тармагынан эч кабары жок Армениядагы карапайым фермерлер көрсөтүлгөн.

Жаңы иликтөө эмнени ашкереледи?

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) миллиарддаган долларлардын изин жашырууга жардам берген кезектеги схеманын учугун Орусиядан тапты.

Баш кеңсеси Сараеводо жайгашкан бул борбордун жана литвалык "15min.lt" басылмасынын иликтөөчү журналисттеринин колуна жалпы суммасы 470 миллиард доллар деп бааланган бир миллиондон ашык банк транзакцияларын көрсөткөн документтер тийген.

Аларды анализдөөнүн натыйжасында арам акчанын изин жашыруу менен алектенген "Тройкадагы ландромат" аттуу ири глобалдык схема ашкереленди. Бул схема аркылуу 2006-2013-жылдар аралыгында баш-аягы 8 миллиард 890 миллиондой каражат адалданган.

Анын чордонунда Орусияда Советтер Союзу ыдырагандан көп өтпөй түзүлүп, 2012-жылы "Сбербанктын" карамагына өткөн "Тройка-Диалог" инвестициялык банкы турат.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун редакторлорунун бири Илья Лозовский бул банк түзгөн схема аркылуу күмөндүү каражаттар өтүп турганын "Азаттыкка" айтып берди:

- Бул системага кирип чыккан акчанын бир бөлүгүнүн булагы шек жаратат. Алардын арасында орусиялык маркум адвокат Сергей Магнитский ашкерелеген салык көз боёмочулугуна байланыштуу схемада табылган каражаттар да бар. Ошондой эле Москвадагы Шереметьево аэропортун керосин менен камсыз кылуудагы көз боёмочулуктун да изи чыкты. Анда авиациялык керосин кымбатка сатылып, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү бул схема аркылуу адалданган.

Ошондой эле "Тройкадагы ландромат" схемасын Орусиянын президенти Владимир Путиндин эски досторунун бири, виолончелист Сергей Ролдугин да колдонгону иликтөөдө белгиленген. Документтерге ылайык, Ролдугиндин эсебине бул схема аркылуу 69 миллион доллар түшкөн. Бирок виолончелист өзү мыйзам бузбаганын айтып жатат.

Схема кандай иштеген?

Иликтөөдө айтылгандай, "Тройка-Диалог" банкы Орусиядан чыгарылган акчаны адалдоо үчүн 75 офшордук компания түзгөн. Ал компаниялардын 35нин Литвадагы 2013-жылы жабылган "Ukio Bankas" банкында эсептери болгон.​

"Тройка-Диалог" инвестициялык банкынын мурдагы кеңселеринин бири, Москва, 2011-жылдын сентябрь айы.
"Тройка-Диалог" инвестициялык банкынын мурдагы кеңселеринин бири, Москва, 2011-жылдын сентябрь айы.


"Тройка-Диалог" банкынын көрсөтмөсү менен миллиондогон долларлар офшордук компаниялар аркылуу Орусиядан Литвадагы дал ушул банкка которулуп турган. Өз кезегинде Литвадагы бул банктан "жуулган" же мыйзамдашкан акча Австрия жана Германиядагы банктардагы корреспонденттик эсептер аркылуу эл аралык финансы системасына аралашып же кайра Орусияга кайтып турган.

Ал эми акчаны эки жакка жүгүртүп, адалдоонун башында турган офшордук компаниялардын кожоюндары Армениянын алыскы райондорундагы кадыресе фермерлер болгон.

Мисалы кеминде 70 миллион долларды жүгүртүүгө катышкан бир офшордук компаниянын финансылык келишимдерине армениялык фермелердин бири - 35 жаштагы Армен Устяндын колу коюлган.

Журналисттер Устян менен сүйлөшкөндө ал офшордук компания же миллиондук транзакциялар тууралуу эч нерсе билбей турганын айтып берген:

- Бул документ тууралуу эч нерсе билбейм. Колу меникине окшош, бирок меникинен дагы сулуу коюлган экен. Мен эч кандай документке кол койгон эмесмин. Литвалык банк тууралуу биринчи жолу угуп жатам.

Иликтөө эмнеси менен маанилүү?

Иликтөөнүн авторлору белгилешкендей, бул схема коррупциялашкан саясатчылар менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акчанын изин жашырууга, салыктан качууга жана мыйзамсыз иштерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.​

Кезинде "Тройка-Диалог" банкынын башында турган ишкер Рубен Варданян (солдо) Орусиянын мурдагы президенти, учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен "Сколково" мектебинде, Москва, 20-сентябрь 2009-жыл.
Кезинде "Тройка-Диалог" банкынын башында турган ишкер Рубен Варданян (солдо) Орусиянын мурдагы президенти, учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен "Сколково" мектебинде, Москва, 20-сентябрь 2009-жыл.


Мындан тышкары Орусиянын бизнес жана саясий элитасы "Тройкадагы ландромат" схемасын мамлекеттик компаниялардан акцияларды, чет өлкөдөн турак жайларды сатып алууда колдонушкан.

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун редакторлорунун бири Илья Лозовский бул схема 2013-жылга чейин орун алса да, анын азыр ашкереленгени маанилүү экенин "Азаттыкка" айтып берди:

- Эгер кимдир бирөө кылмыш кылып, арам акчаны кийин колдонуу үчүн адалдап жатса, анда муну коомчулук билиши керек. Кылмыштуу каражат көп маселелерди жаратат. Андай акча дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, Лондон, Нью-Йорк сыяктуу ири шаарлардагы кыймылсыз-мүлктөргө салынышы мүмкүн. Шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо сыяктуу мыйзам үстөмдүгүнө шек келтире турган аракеттерде колдонулушу ыктымал. Мындай акчалар кайдан чыга каларын жоромолдой албайсыз. Дүйнөдө мыйзамсыз киреше тапкандар байлыгын жашыруу үчүн мындай схемаларды колдонушат. Коомчулук бул акча кайдан келип, кайсы жерге кетип жатканын билиши керек. Айрым акчалар мамлекеттин бюджетине таандык.

Бул схема иштеп жатканда "Тройка-Диалог" инвестициялык банкынын башында теги армян, орусиялык ишкер Рубен Варданян турган. Ал иликтөөчү журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзү банкты жетектеп турганда мындай схемадан кабардар болбогонун, банк мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан.

2012-жылы "Тройка Диалогду" "Сбербанк" сатып алган. Орусиялык бул банк азырынча комментарий бере элек.

2017-жылы OCCRP уюму Азербайжандын башында турган элита өкүлдөрү 2012-2014 жылдары Британияда катталган жасалма компаниялар аркылуу өлкөдөн үч миллиард доллардай акчаны чыгарып кеткенин, ал каражаттын бир бөлүгү европалык саясатчыларга пара катары берилгенин ашкерелеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG