Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Алиевдин Лондонго кызыккан кыздары


Алиевдин кыздары Лейла (солдо) жана Арзу.
Алиевдин кыздары Лейла (солдо) жана Арзу.

Алиевдин кыздары офшор аркылуу Лондондо турак жай сатып алууга аракет кылышкан.

Британ гезити "The Guardian" соттун билдирүүсүнө таянып "Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин кыздары акчанын изин жашырууга көмөктөшкөн" деп жазды. Тергөө "Лейла менен Арзу Алиева Лондондо "Child&Child" компаниясынан 60 миллион фунтка турак жайды офшор аркылуу сатып алууга аракет кылышкан" деп аныктаган.

"The Guardian" гезитинин маалыматы боюнча Алиеваларды Лондондогу британ ханышасынын Букингем сарайы жайгашкан Найтсбридж районундагы эки батир кызыктырган. Бул батирлерди Алиеваларга сатып бериш үчүн британ юристи Халид Шариф панамалык "Mossack Fonseca" фирмасынын Британ Виргин аралдарындагы офшор компаниясын сатып алып, каржылык операциялар ошол офшор аркылуу жүргүзүлгөн.

Сот британ юристи Халид Шарифке Алиевалардын акчасынын тегин текшербегендиги үчүн 85 миң фунт айыппул салган. Британ мыйзамдары боюнча өлкөдө кыймылсыз мүлк сатып алгандар саясатка байланыштуу болушса, алардын каражаттарынын тегин текшерүү зарыл.

Панамалык "Mossack Fonseca" фирмасы Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун (OCCRP) масштабдуу антикоррупциялык иликтөөсүндө аталган.

Ал иликтөөдө Азербайжандын башында турган элита өкүлдөрү 2012-2014 жылдары офшор компаниялар аркылуу өлкөдөн үч миллиард доллардай акчаны чыгарып кеткени, ал каражаттын бир бөлүгү европалык саясатчыларга пара катары берилгени баяндалган. Расмий Баку мунун баарын четке каккан. Анда Азербайжан тараптан иликтөөгө "Азаттык" радиосунун журналисти Хадижа Исмаилова катышкан.

- Бул үч миллиардга бир аз жетпейт, тактап айтсак 2,9 миллиард доллардан бир аз ашат. Бул акча бир эсепте сакталып калчу эмес, аларды дароо башка жактарга которушчу. Каражаттын кайсы бир бөлүгү Европа саясатчыларынын жана журналисттердин колуна тийген, дагы бир бөлүгү адалдаштырылып, олигархтардын үй-бүлөлөрү менен байланышы бар офшордогу компаниялардын эсебине которулган, ал эми каражаттын дагы бир бөлүгү баалуу буюмдарды сатып алууга сарпталган, - дейт Хадижа Исмаилова.

Алиевдер акчаны "Pilatus" банкы аркылуу Мальтанын премьер-министринин аялынын банктагы эсебине которушканы аныкталган. Кийин Мальтанын бийлиги "Pilatus" банкынын 150 кардарынын көбү Азербайжандын төбөлдөрү экенин жарыялаган. Быйыл апрелде "Pilatus" банкынын ээси, Ирандын жараны Али Садр Хашеминежад акчанын изин жашыруу менен санкцияларды кыйгап өтүү үчүн айыпталган. Банктын активдери толук камакка алынган.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматтары боюнча Алиевдердин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлкү 100 миллион долларга бааланып жүрөт.

2018-жылдын башында Арзу менен Лейла Алиева, ошондой эле Азербайжандын чукул кырдаалдар министринин балдары Европа менен Жакынкы Чыгышта баалуу турак жай менен мейманкана курууга, бизнеске инвестициялоого ондогон офшордук компанияларды колдонушканы белгилүү болуп калган.

Жалпысынан Алиевдердин үй-бүлөсүнө Панама менен Британ Виргин аралдарында катталган 26 офшордук компания таандык. "Паша-Банка" деп аталган банк документтерине ылайык Лейла менен Арзу Алиева "Pasha-Holding" компаниясына ээлик кылат. Ошондой эле банк, телекоммуникация, тоо-кен жана мунай бизнесинде ири үлүштөрү бар "Ata-Holding" компаниясынын 75 пайызына Лейла менен Арзу Алиевалардын компаниялары ээлик кылат, ал эми башкы үлүш Гейдар Алиевге тиешелүү. Мындан сырткары президенттин үй-бүлөсүнө бир нече банк, курулуш компаниялары, Азербайжандагы эки ири мобилдик оператор таандык. Алиевдерге Дубайда 11 заңгыраган үй, ошондой эле Лондондогу, Париждеги, Прагадагы, Москвадагы кыймылсыз мүлк, Азербайжандын Шах-Дагы менен Черногориядагы курорттор катталган. Ошондой эле Азербайжандын өзүндө бир нече мейманкана жана тоо-кен иштеткен «Azerbaijan International Mineral Resources Operating Company» компаниясы Алиевдерге таандык.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылы ачыкка чыккан каттарында Бакудагы америкалык дипломаттар Азербайжанды "феодалдык мамлекет" деп мүнөздөшкөнү бар. Анда өлкөнүн экономикасын толугу менен президент Илхам Алиевдин жакындары башкарары баяндалган.

Илхам Алиев 2003-жылы атасы Гейдар Алиев каза болгондон кийин такка отуруп, ошондон бери Азербайжанды башкарып келет. Быйыл апрелде ал төртүнчү жолу президенттикке шайланган.

Ал мурунтан өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, президенттик мөөнөттү жети жылга узартып, аялы Мехрибан Алиева үчүн вице-президенттик кызмат киргизип койгон. Ошондой эле президенттикке 18 жаштан тартып талапкерлик көрсөтүүгө жол ачкан. Саясат таануучулар Алиев өзүнөн кийин 21 жаштагы уулу, кичүү Гейдар Алиев үчүн такка жол ачып койгонун белгилешет. Оппозициячылар республикада монархия орноп калганын сындашса, Илхам Алиевге 90 жылдык башкаруу каалап, кичүү Гейдар Алиевдин такка келишин тилегендер да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG