Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

“Панама-гейт” дүйнөгө дүрбөлөң салды


“Панама кагаздарынын” жарыяланышы бир топ дүйнөлүк лидерлерди дүрбөлөңгө салды.

Жарыяланган документтерде алардын коомчулуктан жашырып жүргүзгөн финансылык, коррупциялык иштери ашкере болуп калды. Документтерде КМШ аймагындагы Азербайжан президенти Илхам Алиев, орус президенти Владимир Путин, казак президенти Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана Украина президенти Петро Порошенконун аты аталды.

3-апрелде жарыяланган масштабдуу документтерде азыркы кезде жана буга чейин мамлекет башчысы болгон 12 кишинин ысмы аталган.

Документтер панамалык “Моссак Фонсека” компаниясына таандык. Бул компания офшордук зоналарда компанияларды каттап, алардын салыктан качуусуна, ар кандай шектүү жагдайларда табылган акчаларды көздөн далдаа кармоого жардам берген.

Элди салыктан качпоого үндөгөн, коррупцияга каршы күрөштү негизги максаты катары жарыялаган мамлекет башчылардын “Моссак Фонсека” компаниясынын кызматынан пайдаланып келиши чоң жаңжалды пайда кылды.

Офшордо компанияларын жашыргандар арасында Украинанын азыркы президенти, миллиарддер Петро Порошенко бар болуп чыкты. Андан сырткары азери президенти Илхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева эң ири “Атахолдинг” компаниясын көзөмөлдөөрү, Алиевдин кыздары Лейла жана Арзу Алиевалар миллиарддаган доллар турган алтын өндүрүшүндөгү компанияларга ээ экени ачык болду.

Ошондой эле Азербайжан президентинин жакындарына таандык Redgold Estates Azerbaijan Ltd. компаниясы Кыргызстандагы алтын кендерине да кызыгып, 2012-жылы биринчи ирет өткөрүлгөн аукциондорго катышкан. Бирок түз эфирде өткөрүлө баштаган ал аукцион жергиликтүү жарандардын нааразылыгы менен үзгүлтүккө учуратылганы маалым.

Ал кездерде кыргыз бийлигинин Бакуга улам каттап, Азербайжандан “мунай алып келебиз” деген реалдуу эмес кыялдарынын учу-түбү Кыргызстандын алтын кендерине барып такалганы мына эми маалым болуп олтурат.

“Панама-гейтте” орус президенти Владимир Путиндин ысмы түз аталган эмес. Бирок анын жакын досторунун 2 млрд. доллардын тегерегинде акча которуулары ачыкка чыккан. Өзгөчө Путиндин жакын досторунан болгон виолончелист Сергей Ролдугин, “Россия” банкынын жетекчиси Юрий Ковальчук шектүү жагдайларда акча которушкан.

Кошуна Казакстан президентинин үй-бүлөсүнүн чексиз байлыктары тууралуу уламыштар арбын. Ал үй-бүлөнүн бир мүчөсү “Мосcак Фонсека” менен иштегени маалым болду. Мындан бир нече жыл мурун байлыгы 200 млн. долларга жетет деп эсептелген Назарбаевдин небереси Нурали Алиев яхта сатуу менен алектенген Baltimore Alliance Inc. компаниясынын ээлеринин бири экени аныкталды. Нурали Алиев Астана шаарынын мэринин орун басары болгон. Казакстанда ал Назарбаевдин мураскери катары да аталып жүргөн.

Мына ушундай шектүү жана коррупциялык акча айланган офшордун маалыматтары ачыкка чыкканы саясий лидерлердин реакциясын пайда кылбай койгон жок.

Украинада Радикалдуу партиянын лидери Олег Ляшко президент Петро Порошенкого импичмент жараянын баштоону талап кылды:

- Биз жашыруун банк эсептери, жашыруун компаниялар ачылганы, офшорлордо катталганы боюнча фактылар ачыкка чыкты деп эсептейбиз. Алар ушинтип жаткан мезгилде жүздөгөн украин аскерлери фронтто өлүп, анын ичинде Иловайскидеги камалоодо кырылышкан. Булардын баары Украина президенти жасаган кылмыштар.

Украин саясатчысынын импичмент жарыялоо аракети канчалык ишке ашары белгисиз. Анткени учурда көпчүлүк “Панама-гейттин” маани-маңызын түшүнүүгө аракеттенип жатканы маалым.

Украинанын Антикоррупциялык бюросу президентке каршы иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укугу жоктугун билдирсе, президент Порошенко жана анын айланасындагылар офшордук компанияларды ачуу кылмыш эместигин билдирүүдө.

Орус бийлиги “Панама-гейтти” Владимир Путинге каршы уюштурулган өнөктүк катары кабылдап, бирок анда президенттин жеке өзүнө байланыштуу эч кандай конкреттүү маалыматтын жоктугун айтуу менен “шүгүр” кылууда.

“Панама-гейтти” иликтөөгө катышкан “Новоя газетанын” журналисти Роман Анин Ролдугин досу президент Путиндин кызыкчылыгына иштеген дейт:

- Ал компанияларда айланган акча миллиарддаган долларды түзөт. Эң башкысы - Ролдугин музыкант. Ал өзү мындай бизнес менен алектене албайт деп эсептейбиз. Биздин оюбузча, көптөгөн документтер көрөткөндөй, ал бизнести кимдир бирөө үчүн кармаган. Ал кимдир бирөө биринчи адам деп ойлойбуз.

Орусиялык оппозициялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Гудков “Панама-гейт” боюнча орус мамлекеттик маалымат каражаттары эмне үчүн кыска маалымат берип чектелгенин түшүндүрүүнү талап кылды.

Ал эми Орусиянын Башкы прокуратурасы “Панама-гейтте” ысмы аталган орус жарандарынын жасаган иштери текшерүүгө алынарын билдиргенин орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Азербайжан президентинин айлана-чөйрөсү болсо, президенттин бала-чакасы бизнес менен алектенбесин деген тыюу жок экенин айтып актанууда.

“Панама-гейтте” Батыш саясатчыларынын ысмы да аталган. Исландия өкмөт башчысы Сигмундур Давид Гуннлейгссон да офшорго компаниясын каткан. Бул өлкөнүн оппозициясы тарапкерлерин көчөгө алып чыгып, нааразылык акциясын уюштурду. Британ өкмөтү болсо “Панама-гейт” боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди. Анткени британиялык саясатчылардын, алардын ичинде азыркы өкмөт башчы Дэвид Кэмерондун атасынын ысмы чыккан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG