Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Украинанын салык кызматы Порошенко боюнча маалыматты текшерет


 Петро Порошенко
Петро Порошенко

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) жана Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму чыгарган маалыматтардын негизинде Украинанын Салык кызматы Петро Порошенкого байланыштуу фирмалардагы оффшордук системанын үстүнөн текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн Киевде аталган кызматтын башчысы Роман Насиров билдирди.

“Панама гейт” аталган маалыматта дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыяланган. Жекшемби күнү тараган иликтөөдө украин президенти Петро Порошенко мамлекет башчылыкка келер алдында өзүнүн Roshen компаниясын – Украинадагы эң ири кондитер бизнесин сатууну убада кылганы менен компаниясын офшордо кайра каттатканын көргөзгөн документтер да бар. Порошенко компаниялардын ишмердиги мыйзамдуу экенин билдирген.

“Панама гейтте” орус президенти Владимир Путиндин, казак мамлекет башчысы Нурлсултан Назарбаевдин, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин да аты аталган.

XS
SM
MD
LG