Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

"Панама чатагы": Алиевди кызыктырган кыргыз кендери


Ильхам Алиев үй-бүлөсү менен.
Ильхам Алиев үй-бүлөсү менен.

Азербайжан президентинин үй-бүлөсүнө таандык компания 2012-жылдын жайында кыргыз алтын кендери боюнча оңунан чыкпай калган аукционго катышкан.

Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы 2012-жылдын жайында оңунан чыкпай калган кыргыз алтын кендерине өткөрүлгөн аукционго катышкан. "Панама документтери" боюнча компания Азербайжандын өкүмдары Илхам Алиевдин үй-бүлөсүнө таандык.

Аукционго 11 алтын жана бир көмүр кени коюлуп, атаандаштыкка дүйнөнүн биртоп бурчунан келген 35 компания катышкан. Сатыктар 2012-жылдын августунда Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) түз эфири аркылуу көрсөтүлмөк.

Redgold Estates Azerbaijan Ltd эшилме алтын кени чыкчу Кыргызстандын ар кыл жеринде жайгашкан Коргон-Дөбө, Балыкты, Кара-Кече, Туюк, Чакмак-Суу кендерин иштетүү боюнча өтүнүч кат жөнөткөн.

Бирок да жергиликтүү улутчул кыймылдын өкүлдөрү түз эфирде иштеп аткан телестудияга кирип келип аукционду аягына жеткирбей токтотуп коюшкан. Алар залда отурган инвестчилердин баарын эшикке сүйрөп, улуттук байлыкты минтип сатууга жол бербестигин айтышкан.

Алиевдердин компаниясы дейби?

"Панама документтери" боюнча, Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы Азербайжан президентинин үй-бүлөсүнө тийиштүү болушу ыктымал деп айтууга болот. Президенттин үй-бүлөсү компаниянын 56% акциясына ээ.

Ээликтин схемасы мындай: Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясынын так эле ушундай аталыштагы эгиз компаниясы Сейшел аралдарында катталган, анын аты да Redgold Estates Ltd. Бул фирма ошол эле учурда дагы төрт компанияга таандык:

1) Londex Resources S.A. – 45% акциясына ээ, Панамада катталган;

2) Willy & Meyrus S.A. – 29% акциясына ээ, кайсы жерде катталганы белгисиз;

3) Fargate Mining Corp – 15% акциясына ээ, Сейшел аралдарында катталган;

4) Globex International LLP – 11% акциясына ээ, Британияда катталган.

Londex Resources S.A. жана Globex International LLP компаниялары да өз кезегинде Панаманын офшорлорунда катталган үч фирмага баш иет. Аларды Лейла менен Арзу Алиевалар көзөмөлдөйт, дагы бир кожоюну швейцариялык бизнесмендин өз кишиси Оливье Местелан.

Белгилей кетчү дагы бир жагдай, жогоруда аты аталган төрт фирманын дагы башка компаниялары бар. Алар Азербайжандагы алты алтын кенди казууга уруксат алышкан. Бирок бул консорциум карызга белчесинен батып, дагы башка толгон-токой мыйзам бузууларынын айынан уруксат алган алтын кендерин казууга кирише элек.

Чырмалышкан бул схеманы Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму (ICIJ) менен Уюшкан кылмыштуулук менен жемкорлукту иликтөө борбору (OCCRP) жүргүзүшкөн. Бул уюмдарга "Панама документтерин" немистердин Süddeutsche Zeitung гезити берген.

"Панама документтеринде" - жаамы дүйнө боюнча жайылган офшордук компаниялар тууралуу опсуз көлөмдүү материалдар чогултулган, алар чет элдик журналисттер тарабынан панамалык Mossack Fonseca укуктук компаниясындагы жашыруун булак тарабынан ачыкка чыгып кеткен. Аталган компания офшордук компанияларды каттоо жана иш жүргүзүү кызматын көрсөтөт.

Документтерде жүздөгөн офшорлор тууралуу маалыматтар камтылган. Алар бизнесмендерге, миллиардерлерге, саясатчыларга, мамлекет башчыларына, башка белгилүү адамдарга таандык.

Бул документтерге караганда, Лейла менен Арзу Алиевалар Азербайжандагы алтын кендеринен түшчү кирешенин 70% ээ.

XS
SM
MD
LG