Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

СОКАР конгрессмендерди сатып алууну көздөгөнбү?


"Вашингтон пост" гезитине чыккан макаланын сүрөтү
"Вашингтон пост" гезитине чыккан макаланын сүрөтү

Азербайжандын мамлекеттик СОКАР мунай компаниясы америкалык 10 конгрессмендин Бакуга сапары үчүн жүз миңдеген доллар жашыруун которгону ачыкка чыкты.

АКШ Конгрессинин этика боюнча иликтөөчүлөрү Азербайжандын мамлекеттик СОКАР мунай компаниясы 10 конгрессмендин Бакуга келип кетишине жана белектерге жүз миңдеген доллар жашыруун которгонун билдирди. Бул тууралуу "Вашингтон пост" гезити жазат.

Гезит Конгресстин этика боюнча комитетинин купуя отчетуна таянып, СОКАР 2013-жылы мыйзамчылардын Бакудагы конференциясына келип кетиши үчүн сарпталган 750 миң доллардын булагын жашыруу үчүн акчаны АКШдагы бейөкмөт уюм аркылуу которгонун маалымдайт.

Президент Барак Обаманын жогорку даражадагы мурдагы​ үч жардамчысы жыйында сөз сүйлөгөн коноктордун тизмесине киргизилген.


Иликтөөчүлөрдүн баяндамасында айтылгандай, каражат жибек жоолук, хрусталь идиш-аяк, колго токулган килем өңдүү белек-бечкекке да жумшалган. Белектер конгрессмендерге жана аларды коштоп келген делегация мүчөлөрүнө берилген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары сөз болуп жаткан отчетту көрө элек.

"Вашингтон пост" жазганына караганда, иликтөөчүлөр мыйзамчылар өз кызмат абалынан колдонгонун, СОКАРдан пайда табууну көздөп-көздөбөгөнүн аныктай алган жок. Алардын өздөрү же кызматкерлери конференциянын чет өлкөлүк өкмөт тарабынан каржыланышы тууралуу билишкен деген фактыларды дагы таба алган эмес.

Конгрессмендер комиссияга сапарды СОКАР каржылаганынан кабары жок болгонун айтышкан. Компания конференциянын чыгымдарын тымызын көтөргөнүн танууда.

СОКАРдын бул иштеги ролу эч качан иликтенген эмес. Себеби компаниянын конференцияны финансылык жактан колдоо фактысын маалымдоо сапардын демөөрчүлөрүнө жүктөлгөн, - деп айтылат СОКАРдын 13-майдагы билдирүүсүндө.


"Вашингтон пост" комиссия мүчөлөрүнүн бирине шилтеме кылып жазгандай, сапардын чыгымдарын төлөө менен сый көрсөтүү Конгресстин ички эрежелерин жана нормаларын, федералдык мыйзамдарды бузуу болуп эсептелет.

Мунайга бай Азербайжанда адам укуктарынын абалы сындалып келгени менен акыркы жылдары АКШдагы лоббисин кеңейтүүдө. Бакунун дарегине саясатчылар менен достошуп, таасир этүү үчүн кымбат килемдер, зергердик буюмдар, балыктын икрасы, эс алууларды уюштуруу сыяктуу ыкмалар пайдаланууда деген сын айтылып келатат.


Басылма жазганына караганда, СОКАР жана башка ири энергетикалык компаниялар АКШ Конгрессинен 28 миллиард долларлык Каспий газ куурун салуу долбоорун Иранга каршы санкциялардан бошотууну өтүнгөн. Сөз болгон Баку конференциясы ошондон бир жылдан кийин өткөрүлгөн.

Этика комитетинин отчетунда Азербайжан баш калаасына Вашингтондон 10 мыйзам чыгаруучунун барганы айтылган. Алардын көбү конференцияны азери өкмөтү каржылаганын билбегенин айтып, текшерүүчүлөр менен кызматташкан.

Бакуга барган делегацияга кирген Иллинойс штатынан депутат Дэнни Дэвистин маалымат катчысы Ира Коэн “Конгрессмен Дэни Дэвис Азербайжанга сапар алаардын алдында, адаттагыдай эле болгон маалыматты, анын ичинде жыйынды ким каржылаганын Этика боюнча комитетке тапшырган. Алар сапардын бардык эрежелерге төп келишин текшеришкенин” айтат.


Бирок комиссия чыгымдарды ким көтөргөнүн билбеген күндө да, сапардын тыюу салынган булактан каржыланышы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт деген тыянакка келди. Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү белектин баасы 350 доллардан ашса, ал тууралуу кабардар кылууга тийиш.

Конгрессмендердин бири, гезит маалымдагандай, эки жарым жана үч жарым миң долларлык килемдерди кайтарып берген.


Орусия Крымды аннексиялагандан бери Азербайжан өзүн Европадагы энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн Кремль менен сүйлөшүүлөрдө башкы ортомчу катары көрсөтүү үчүн АКШда чапчаң иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG