Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 22:36

Милицияны тазалоо тандалма жүрүп жатабы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жылда 155 милиция кызматкери жумуштан айдалды. Дагы 300гө жакыны кызматынан төмөндөдү. Ички иштер министрлиги муну тазалануу үчүн жасалган аракет катары түшүндүрүүдө.

Бирок ошол эле кезде айрымдар коррупцияга малынган жүздөгөн кызматкерлер дагы эле калкаланып жатканын айтып сынга алышууда.

Тазалануубу?

Кызматынан алынып, жумуштан айдалган милиция кызматкерлери тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин соңку жыйынында айтылды. Министрликтин жетекчилиги 2019-жылдын биринчи кварталы боюнча статистика эсептелип жатканын кабарлап, 2018-жылдын жыйынтыгын ортого салды. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов анда айтылган көрсөткүчтөр тууралуу маалымдады:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Ички иштер органдарында ички тартипти сактоо боюнча кварталдын, жылдын жыйынтыгын карап, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа беребиз. 2018-жылдын эсебин алсак, 263 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Себеби алар өзүнүн жетекчилик милдетин аткарып кете алышкан эмес же одоно ката кетиришкен. Мындан сырткары, өткөн жылы ар кандай тартип бузууга, мыйзам бузууга барган, тергөөдө эрежелерди сактабаган же өздөрү кылмышка аралашкан 155 кызматкер иштен бошотулган. Соңку аталгандар ИИМ тармагына жумушка келбей тургандай болуп айдалган».

ИИМдегилер ырасташкандай, иштен алынган кызматкерлер жөн эле бошотулбай, жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчиликке да тартылган. Былтыр аларга карата жалпы жонунан 67 кылмыш иши козголуп, ондогон кызматкерлер өздөрү темир тор артында калышкан.

«Министрдин буйругу менен тартип бузган же милдеттерин так аткарбаган кызматкерлер болсо, баңгизаттарды пайдаланса, ичимдик ичип, жол кырсыгына жол берсе, жалпы ички иштер органдарынын кадыр-баркына көө жапса токтоосуз кызматынан алынып жатат. Ошол тапшырманын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы күн сайын, ай сайын, жыл сайын тиешелүү иш жүргүзүп турат. Мунун эң негизги максаты - колу таза эмес милиция кызматкерлеринен тазалануу», - дейт Бакыт Сеитов.

Ооба, эгер былтыркы жылдын өзүн эле алсак, милиция кызматкерлери Чүйдө пара талап кылганы, Таласта шектүүнү кыйноого алганы, Бишкекте айыппулду өзүнө ыйгарып алганы жана бейбаштыкка байланыштуу кармалганы кабарланып турду. Башка аймактарда да милиция кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, кылмышкерлерди калкалаганы же өздөрү баңгизат сатканы аныкталды.

2018-жылдагы эң эле чуулуу иш Чүйдө, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгындагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү болду. Бул фактыга байланыштуу 23 кызматкер жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Ушул эле окуяга байланыштуу шалаакылык үчүн айыпталган беш кызматкердин сот иши ушул күнгө чейин уланууда.

Ошол эле кезде ИИМ кызматтан бошотулган кызматкерлердин кайсы себептер менен кеткени боюнча бөлүп айтпаганынан суроо издегендер да бар.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов муну адаштыруу аракети катары мүнөздөдү:

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

«155 кызматкердин канчасы кыйноо фактысы боюнча же адамгерчиликсиз иш жасаганы үчүн жумуштан кетти? Менин оюмча бул айып менен кеткендер өтө эле аз, 20-30% да жетпейт. Эгер алардын көбү, болбосо 155тин баары кыйноого байланыштуу иштен кетсе анда башка сөз эле. Анткени өзүнөр билгендей, 2014-жылдан 2018-жылга жыйынтыгы боюнча кыйноо фактыларынын 87-90% жалаң ушул милиция кызматкерлерине туура келет. Былтыркы жылды эле алганда, бизге түшкөн 238 арыздын ичинен 170 арыз кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле фактысы боюнча жазылган. Ошонун ичинен 90% милицияныкы болуп жатат. Ошондуктан министр «мына, түкүнчө фактынын баланчасына байланыштуу мынча кызматкерди иштен четтеттим» деп айтса, милиция кызматкерлери ошондо сезишет эле. Мисалы, Таласта Тынышев аттуу жабырлануучуну бир эмес, эки жолу кыйноого алган үч участкалык милиционер ушул күнгө чейин иштеп жатат».

«Тандалма күрөш»

Башка бир укук коргоочу Роза Маманова болсо Ички иштер министрлигинин «тазалануусу» тандалма түрдө жүрүп жатат деп эсептейт. Ал «калкалоочулары» бар кызматкерлер мыйзам бузса да аларга чара көрүлбөй жатканын айтты:

Роза Маманова.
Роза Маманова.

««Тазалануу жүрүп жатат» дегендерине түк эле ишенбейм. Жогорку Кеңеште, президенттик администрацияда же министрликте акчалуу, таанышы бар, чоңдордун кадрлары эмне кылса да иштей беришет. Коррупция мурда кандай болсо, азыр деле ошондой эле уланып жатат. Тергөөчүлөр прокуратуранын «капчыгына» айланып калышты. Алар карапайым адамдардан акча талап кылып, ишти ар нерсе кылып жаап салышууда. Тергөөчүлөр өздөрү пара менен кармалып жатканы чыгып жатат. Карапайым, таза иштейм деген кызматкерлер жакшы кызматка бара албайт. Кызмат орундары бүт сатылып жатканы жашыруун эмес. Аны кой, наамдарды, погондогу жылдыздарды да четинен сатып жатышат».

Канткен күндө да ИИМ системасын жакшыртууда эреже бузган кызматкерлерди массалык иштен бошотуу канчалык өзүн актайт? Эксперттер биринчи кезекте кадрларды ишке алууга көңүл бөлүш керек деп эсептешет.

Милициянын ардагери Шамшыбек Мамыров жалпы абал оңдолбосо, милицияга сын тагуу улана берерин айтты:

Шамшыбек Мамыров.
Шамшыбек Мамыров.

«Иштеп жаткан балдар колунан келишинче аракет кылып жатат. Бирок арасында ошондойлор чыгып калууда. Менимче чыныгы сапаттуу милиция кылабыз десек, ишке кабыл алууда кесипкөйлөрдү кабыл алышыбыз керек. Мамлекет милицияны жакшылап каржылашы керек. Үй-жай, жумуш орду, айлык-маянасы, керек болсо канцелярдык буюмдарына чейин жетиштүү камсыздап бериши керек. Ачуу чындыкты качанкыга чейин жашырып отурабыз? Бүгүнкү күндө нөөмөт бөлүмүндө керек болсо күйүүчү майы жок отурушат. Актоо эмес, бирок тапканы толук жетпесе, анан айрымдары ошондой иштерге барып жиберип жатат да. Кызматкерлер ишемби-жекшемби дегенди билбей иштейт, кээде өзүнүн түз милдетине туура келбеген иштерге жиберилет. Моралдык жактан сынат. Ошондуктан биринчи кезекте айлыкты көбөйтүп, экинчи кезекте милиция кызматкерлеринин эс алуу күндөрүн жөнгө салыш керек. Жумуш убагында аларга жетиштүү шарт түзүп, өз милдетине туура келбеген жүктөрдү артпаш керек».

Маалымдалгандай, ИИМдин Башкы башкармалыгынын аппаратынан 625 орун кыскартылып, алардын ордуна аймактардагы, анын ичинде айылдык жана шаардык милиция бөлүмдөрүнө штат ачылды. Буга чейин жетишсиз болуп келген коомдук коопсуздук кызматкерлеринин катарын толукташ үчүн 100, нөөмөт бөлүмдөрүнө 45, жашы жете электердин инспекторлоруна 25 кошумча штаттык бирдиктер бөлүндү.

Мындан сырткары, 2019-жылдын башынан тартып Бишкекте 62 штаттан турган эки туристтик взвод түзүлдү. Баш калаада ошондой эле быйыл жайдан тартып Патрулдук милиция иштегени турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG