Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Тутулганынан кутулганы бат шектүүлөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коомчулук өкүлдөрү коррупциянын масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген чекке жеткени боюнча коңгуроо кагышты.

Муну менен алар ири өлчөмдө пара менен кармалып, узак мөөнөткө соттолгондор кийинки соттук инстанциялардан айып пул төлөп коюп, бошонуп чыгып жатышканын мисал келтиришти.

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү бүгүн ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Ири суммадагы пара менен кармалып, 14 жылга кесилгени кеп болгон транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин жаза мөөнөтү эки жылга кыскарды.

Буга чейин ири өлчөмдөгү пара менен кармалып, 12,5 жылга соттолгон автотранспортту каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун жаза мөөнөтү 3 миллион 300 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга алмашкан.

Кыскарган жаза

Бишкек шаардык соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары, коррупция боюнча соттолгон Азимкан Жусубалиевдин жаза өтөй турган мөөнөтүн 14 жылдан 12 жылга өзгөрттү. Ортодо эки жыл кыскарды.

Азимкан Жусубалиев. «Азаттыктын» коллажы.
Азимкан Жусубалиев. «Азаттыктын» коллажы.

Быйыл июль айында Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга түрмөгө кескен. Сот аны «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деген беренелер боюнча айыптуу деп тапкан.

Өкүмдө Жусубалиев жол куруу тендеринде италиялык компаниядан акча талап кылганы, аны кантип, кимдер аркылуу алганы тууралуу тергөөдө жана сотто күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү келтирилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, Азимкан Жусубалиев жол тендерине катышкан чет элдик компаниядан 50 миң доллар пара алуу учурунда 2018-жылы декабрда кармалган.

Азимкан Жусубалиевдин адвокаты Жыргалбек Бабаев анын абалын жеңилдетүүчү жагдайлар болгонун айтып, шаардык сот өкүм чыгарууда ошону эске алганын белгиледи:

- Бул кылмыш ишин козгоо учурунда, башында эле абдан чоң мыйзам бузуу болгон. Бул иш өзү негизи башынан эле жасалмага окшош. Бул жерде бир тажик жараны келип эле, ал арыз жаза баштаган. Менин коргоомдогу Жусабалиевдин ошол акчага колу да тийген эмес. Ортодо атайын чагым жасагысы келгендердин жана ортомчулардын иши болгон. Биз анын баарын шаардык сотко жазганбыз. Ошондой жагдайларды эске алып, сот анын жаза мөөнөтүнүн эки жылын азайткан. Бирок мен апелляциялык арыз бергенде акталсын деген өтүнүч келтиргем.

Айып пулга алмашылган жаза мөөнөтү

Мындан сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту Автотранспортту каттоо департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду ири өлчөмдө пара алган деп айыптап,12,5 жылга эркинен ажыраткан.

Бишкек шаардык соту анын иши боюнча райондук соттун өкүмүн карап, Алмаматовдун 12,5 жылдык жаза мөөнөтүн 3 миллион 300 миң сом айып пул төлөсүн деген чечимге алмаштырган өкүм чыгарды.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитинин мурдагы башкы редактору Манас Осмон коррупцияга шек саналгандар учурда жазадан эле кутулуп калбай, бийликке умтулуп жатканын билдирди:

Манас Осмон.
Манас Осмон.

- Мунун аркасында кызыкчылыгы бар адамдар туруп, ошонун негизинде жаза мөөнөттөрүн кыскартышты. Коррупция менен күрөштүн деңгээли ушундай болсо, анда болбой койгону эле дурус. Анан калса мындай күрөш 2010-2011-жылдан бери эч кандай жыйынтык бере элек. Булар акчасын берип эле чыгып, кайра мамлекеттик кызматка барууга аракет кылып жүрүшөт. Ушулардын арасынан деле дагы бири эртең эле депутаттык мандат үчүн күрөшпөйт деп эч ким кепилдик бербейт.

Ошондо транспорт министринин орун басары 50 миң доллар менен кармалып, кийин райондук сот анын жаза өтөй турган мөөнөтүн 14 жыл деп аныктаса, кийинки инстанция аны эки жылга кыскартып, 12 жылдык мөөнөт кылып берип жатат.

Ал эми райондук соттун мурдагы өкүмүн жокко чыгарып, Насирбек Алмаматовду айып пул төлөтүү аркылуу абактан бошоткон чечимди Бишкек шаардык соту быйыл 9-июлда эле кабыл алган. Ал киши өкүм угузулары менен сот залынан бошотулганын шаардык сот 14-октябрь күнү ырастады.

Бегалиевдин иши

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен.

Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Мирлан Бегалиев.
Мирлан Бегалиев.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда Мирлан Бегалиевди үй камагына чыгарды.

Кодекстердеги жылчыктар

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев коррупция боюнча шек саналгандар адатта таасирдүү адамдар болорун жана алардын абалын жеңилдетиш үчүн соттор жаңы кодекстердин жылчыгын пайдаланып жатышканын айтты:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

- Албетте, андай адамдар аябагандай таасирдүү болушат. Ошол өз таасириндеги адамдарды пайдаланышат. Жаза аткаруу тутумуна байланыштуу мыйзамдарды реформалоо максатына жеткен жок. Азыр аябай чоң жана коркунучтуу кылмыш кылгандар деле мыйзамдардагы жылчыктан пайдаланып, абактан бошоп жатышат. Бул эми жаңы кодекстердин кемчилиги. Азыр жүз миңден пара менен кармалган Арпачиев сыяктуулар жатак абакка чыгып, анан андан ары боштондукка чыгып кетишине мыйзамдын өзүндө чоң шарт түзүлүп калган. Өз убагында Текебаев эски кодекске «кызматтык, коррупциялык кылмыш кылгандардын же башка оор кылмыштар менен соттолгондордун жаза мөөнөтү кыскартылбасын, алардын жазасын шарттуу түрдө жазага алмаштыруу сыяктуу жеңилдиктер берилбесин» деген өзгөртүү киргизген. Бирок жаңы кодекстерде андай чаралар каралбай калыптыр. Мындай жагдайдан азыр аябай эле пайдаланып жатышат окшойт.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов учурдагы коррупциянын масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргенин айтып, анын кесепетинен ири коррупциялык иштер менен кармалгандардын жаза мөөнөтү жеңилдетилип жатканын мисал келтирди.

Муну Марат Иманкулов президенттин коррупцияга каршы күрөш саясатына карата тоскоолдук катары баалады:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Бул азыр улуттук коопсуздукка түздөн-түз терс таасирин тийгизип жатат. Анан дагы судьялар жөн эле акчага алданып, ошондой чечимдерди кабыл алып жиберишкен. Бул коррупциянын айланма жана көнүмүш адаты. Президент коррупцияга каршы күрөшөбүз деп чакырык жасап жатканда бийликтеги мындай көрүнүштөр саясатты шылдыңдаганга барабар. Анан дагы «канчалык уурдаса да, акча берип чыгып кетсе боло берет турбайбы» деген ойго түртүп жатат.

Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө күңүрт коррупциялык схемаларды түзгөн деп айыпталганын билдирип, анын катышуусундагы атайын видеотасманы дагы жарыялаган.

Ага чейин 100 миң доллар пара алууга шектелип, 14 жылга соттолгон Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин жаза өтөй турган мөөнөтү жеңилдеп, жатак абагына которулган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG