Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:25

Пара алган деп шек саналган Алмаматовду шаардык сот эркиндикке чыгарды


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду пара алууга байланыштуу айыптап, 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечими 3 миллион 300 миң сом айып пул салууга алмаштырылды.

Бишкек шаардык соту ушундай чечимди 9-июлда кабыл алганын бүгүн аталган соттун өкүлдөрү ырасташты.

Маалыматка ылайык, июль айында Алмаматовдун адвокаты менен мамлекеттик айыптоочунун арыздары каралып, шаардык сот буга чейинки райондук соттун өкүмүн өзгөрткөн.

Анын негизинде мурдагы аткаминер акчалай айыпка жыгылып, эркиндикке бошотулган.

Насырбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бул иш боюнча Бишкектин Октябрь райондук соту Насырбек Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Алмаматов коюлган айыптарды четке каккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG