Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Тендер чырындагы күмөндүү тасма


“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам (видеодон алынган сүрөт).
“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адам (видеодон алынган сүрөт).

Кыргызстанда электрондук паспорт жасоо боюнча тендер чырынын жаңы жагдайы ачыкка чыкты.

Интернетке "Инфоком" ишканасынын мурдагы жетекчиси Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын тасмасы тарап, анда ал тендерде коррупциялык көрүнүш болгонун моюнуна алган.

Тасмадагы адам аталган тендерде литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынын өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргоого Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова көндүргөнүн баяндаган:

"Биринчи жолугушуу 2018-жылдын декабрь айында өткөн. Анда ал (Шаикова- ред) литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясынын кызыкчылыгын коргогон адамдар менен жолукканын, жолугушууда электрондук паспорт боюнча тендерде аталган компанияга лобби кылуу боюнча сүйлөшкөнүн айткан. Экинчи жолугушуу 2019-жылдын январь айында Шаикованын иш бөлмөсүндө болгон. Анда мага 20 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай каражат беришкен".

Абдуллаевге түспөлдөш адамдын айтымында, бул каражат тендерде литвалык компаниянын кызыкчылыгын сүрөө үчүн сыйакы болгон.

Интернетке тараган видеодогу адам сурак маалында көрсөтмө берип жаткандай көрүнөт.

Бирок паспорт чыры боюнча кылмыш ишин тергеп жаткан Улуттук коопсуздук комитети бул тасмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Алина Шаикова
Алина Шаикова

Аталган комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов чуулгандуу иштин алкагында Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага "коррупция" беренеси менен иш козголуп, учурда аны издөө уланып жатканын билдирди:

"Быйыл 5-августта Башкы прокуратура А.Шаиковага карата Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме чыгарып, ага издөөгө жарыяланган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Шаикованы издөө уланууда. Соцтармактарда жарыяланган «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок" , - деди Сулайманов.

Учурда коомчулуктун талкуусуна түшкөн тасманын төркүнү быйыл жазында орун алган чатакка барып такалат. Анда Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.




Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлер «тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкдар болгон» деп айыпталган. Анын алкагында Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган.

Кийинчерээк бул адамдар тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.

Чырдын айынан кызматынан кеткен Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаиковага быйыл август айында иш козголгон.

Ошондон бери Шаикованын кайда экени белгисиз. Анын жакындары жана адвокаты бул боюнча эч кандай комментарий бербей келе жатат. Айрым маалымат каражаттары Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Казакстанга чыгып кеткенин жазышкан эле.




Бул чатакта УКМКнын мурдагы төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Учурда кылмыш иши козголгон Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилери, чуулгандуу тасмада аты аталган Талант Абдуллаев да акыркы жагдайлар тууралуу комментарий бербей жатат.

Kyrgyzstan - Rita Karasartova, human rights activist, 1 February 2018
Kyrgyzstan - Rita Karasartova, human rights activist, 1 February 2018

Бул иш боюнча жакындан тааныш жарандык активист Рита Карасартова Интернетке тараган тасманы Шаикованы каралоо аракети катары баалады:

"Бардык кармалган балдарды тергөөчүлөр эгер Шаиковага каршы көрсөтмө берсеңер үй камагына чыгасыңар деген шарт коюшкан. Ал эми Абдуллаевдин кармалышынын өзү туура болгон эмес. Ал мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирбейт. Ошондуктан Абдуллаев кармалганда эле, "демек Шаиковага каршы көрсөтмө алуу аракети болот" деп билгенбиз. Муну тергөө менен кызматташуу деп атап, кармалган үч жигитти тең Шаиковага каршы көрсөтмө алышкан соң үй камагына бошотту".

Ал ортодо электрондук паспортко тендер жарыялоонун мыйзамдуулугу боюнча чырга сот тарабынан чекит коюла элек.

Буга чейин германиялык компаниянын арызынын негизинде Бишкектин райондор аралык соту талашты карап, “Гарсу Пасаулис” компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Бирок өткөн айда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, литвалык компаниянын пайдасына чечим кабыл алды.

Кыргызстантын паспорту
Кыргызстантын паспорту


Муну "Гарсу Пасаулис" компаниясынын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Бактыбек Жумашев "Азаттык" радиосуна ырастап, азырынча Интернетке тараган видео боюнча комментарий бере албасын билдирди.

Буга чейин литвалык компаниянын өкүлдөрү эгер кыргыз бийлиги бул тендер боюнча мыйзамдуу чечим кабыл албаса, Эл аралык арбитражга кайрылып, 62 миллион доллар доо талап кыларын эскерткен.

Ал ортодо Бишкек шаардык сотунун акыркы чечимине нааразы болгон германиялык “Мүлбауэр” компаниясы кайра Жогорку Сотко арызданганы белгилүү болду. Сот жараяны качан болору азырынча айтыла элек.

Бирок аталган чырдан улам кыргыз өкмөтүнүн жарандарга электрондук паспорт берүү планы кечеңдеп, буга чейин жөнөкөй бланк менен камсыз кылып келген "Де Ля Ру" компаниясы менен келишимди узартууга аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG