Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Бюджеттин капшыты толбой турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн 2020-жылга карата республикалык бюджетин жана кийинки эки жылга болжолун жактырган токтомду кабыл алды.

2019-жылдын бюджети толук аткарылабы? 2020-жылдын бюджетинин негизги артыкчылыгы эмнеде? Казынанын тартыштыгы канткенде жоюлат? Бюджет топтоонун, бөлүштүрүүнүн принциптерин кантип жакшыртабыз? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Марлен Маматалиев менен экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев катышты.

«Азаттык»: - Марлен мырза, парламент бюжетти түзүү жана анын аткарылышын да көзөмөлдөө укугуна ээ эмеспи. Ушул негизден алганда кабыл алынган 2019-жылга бюджет мыйзамы кандай аткарылып жатат? Бюджетте каралган каражаттын баарын өкмөт бере алабы, өз максатына жумшап жатабы?

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Марлен Маматалиев: - 2019-жылга республикалык бюджетти 180 миллиард сомдун тегерегинде кабыл алганбыз. Анын ичинде 10 миллиард доллардын тегерегинде бюджеттик тартыштык менен болчу. Өкмөттүн эң негизги милдети бюджеттин 170 миллиард сомун толтуруу болчу. Жогорку Кеңеш квартал сайын бюджеттин аткарылышын көзөмөлгө алуу милдетин аткарып жатты. 2019-жылдын алты айында эле бюджеттин аткарылышы боюнча кыйынчылыктар келип чыкты. 10 миллиард сомдун тегерегиндеги салыктар менен салымдардын түшпөй калуу калуу коркунучу туулду. Бул маселени Жогорку Кеңештин комитетинде карап, өкмөткө катуу тапшырмаларды бергенбиз. Ошондон кийин Салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилери кызматтан алынды. Азыр абал кандай? Бул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен карасак бюджет дагы 5 миллиард сомго аткарылган жок. Эскертип коё турган жагдай - бул кырдаал дарыгерлердин, мугалимдердин ж.б. айлыгына таасир этпейт. Алар «кызыл сызыктагы» атайын берене менен өзгөчө катмар катары кепилдикте турат десек болот. Бирок бюджетке акчанын толук түшпөй жатышы айлыктан башка беренелер толук аткарылбай калат деген сөз. Мисалы, капиталдык салымдар толук аткарылбай калышы мүмкүн. Айрым объектилерди сентябрь айынан каржылай башташты. Ноябрь айынан баштап акча жетишпегендиктен көп курулуштар токтойт, кыш да келип калат. Жалпылап айтканда быйыл белгиленген мектеп, жол, бала бакча ж.б. социалдык объектилерибизди куруп бүтө албайбыз.

«Азаттык»: - Айылчы агай, бюджеттин аткарылбай калышынын негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз? Салыктын толук жыйналбай жатышынанбы, бюджеттин туура эмес түзүлгөнүнөнбү же башка себеби барбы?

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

Айылчы Сарыбаев: - Бизде бюджетке байланыштуу маалыматтар ачык болбойт, биз аларды толук ала албайбыз. 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы деп жатабыз. Бирок, 2018-жылдын бюджети кандай аткарылганын билбейбиз. Быйыл 5 миллиард сом бюджетке түшпөй калуу коркунучу – чоң маселенин бир эле бучкагы. Президенттердин баары эле «коррупцияны жок кылам» деп иш баштайт. Бюджетке миллиардаган сомдун түшпөй калышынын бирден-бир себеби – коррупциянын деңгээли али жогору. Бизде күчтүү салык саясаты жок. Кыргызстандагы юридикалыкпы, жеке тараптарбы, бардык субъектилер толук өлчөмдө салык төлөшпөйт. Салыкты жашыруу күчтүү, жылдан жылга аны төлөөчүлөр азайууда. Бардык жерде «экинчи бухгалтерия» деген бар. Көзөмөлдөйт, текшерет деген мамлекеттик органдар өздөрү кошулуп алып салыктан качууга мүмкүнчүлүк түзүп жатышат. Жыйынтыгында 5 миллиард сом казынага келбей жатат. «Көмүскө экономика» 50-60 пайыз деп келе жатабыз, демек ошончо пайыз салык түшпөйт десек болот.

«Азаттык»: - Марлен мырза, 2020-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 163 миллиард сомдун тегерегинде, чыгымдар 173 миллиард сомдун тегегерегинде болот экен. Ортодо 9 миллиарддын тегерегинде бюджеттик тартыштык болот экен. Ушундай бюджет канчалык бүгүнкү күндүн кызыкчылыгына жооп берет десек болот?

Марлен Маматалиев: - Кыргызстанда газ же мунайыбыз жок болгондуктан биздин бюджеттин негизги бөлүгү салыктан жана бажы алымдарынан түзүлөт. Биз курулай сөз менен эле бюджетибизди көтөрүүгө шартыбыз жок. Салыктар качан көбөйөт? Жаңы өндүрүш тармагы өнүккөндө көбөйөт. Салыктар толук жыйналбай жатышынын эң негизги себеби – коррупциянын терең тамыр жайышы. Мындан сырткары бюджетти толтуруунун көп жолдору, резервдери бар. Мисалы, быйыл болжоп жаткан Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан 600 миллион сом түшпөй калды. Мамлекеттик мүлктү, мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу иштете албай жатабыз. Эмне үчүн кирешелүү иштеп келген Ысык-Көлдөгү жеке менчик эс алуу жайлары мамлекетке өткөндөн кийин эле баары чыгашалуу болуп калат? Бул да чоң суроо. Бул жерде да коррупция. 2020-жылга болжолдонуп жаткан бюджетти караганда, быйылкы жылдан кескин айырмаланбайт, бир-эки миллиардга эле көбөйүп жатат. Кыргызстандын ар бир жараны сезе турган, туя тургандай бюджетте өзгөрүү болбойт, өнүгүүгө жол салган каржы саясаты болбойт.

«Азаттык»: - Айылчы агай, 2020-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3 миллиард сом деп каралып жатыптыр. Бул канчалык деңгээлде жетиштүү натыйжа бере ала турган сумма?

Айылчы Сарыбаев: - Бул сумма биздин өнүгүүбүзгө шарт түзө албайт. Капиталдык салым тоо-кен тармагына, чек арага ж.б. толгон жактарга керек. Ошол 3 миллиард сом жетеби? Анча-мынча жол, мектеп курулушу мүмкүн. Жылдын аягына барып анын көбү аткарылбай калат. Жогоруда айтып жаткан 5 миллиард сом да ушунун ичинде. Капиталдык салымдарды көбөйтүш үчүн газы, мунайы бар мамлекет болуш керек деген туура эмес…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG