Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Исаковго чыккан өкүм өзгөрүүсүз калды


Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.
Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.

Бишкек шаардык соту Улуттук тарых музейи жана ипподром иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Эми шаардык сот 20-августта мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын апелляциялык арызын видео байланыш аркылуу карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу шаардык соттун өкүмүнө макул эмес экенин билдирди:

Бакытбек Автандил уулу.
Бакытбек Автандил уулу.

«Биз бул чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Анткени Биринчи май райондук сотунда бул иш каралып жатканда абдан көп мыйзам бузулган. Мунун негизинде шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Сапар Исаковдун күнөөсү далилденген жок. Сот аны эки чарба жүргүзүүчү субъектинин ортосундагы келишимди кыргыз сому менен эмес, евро валютасы менен түзгөн деп айыптап жатат. Бул акылга сыйбай турган нерсе. Дегеле Исаковго козголгон иштер саясий буйрук деп белгилегим келет. Биз Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө каршы кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылабыз».

Бул иште айыпталган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан Исаков менен Карыбаеванын иши 18-августта Бишкек шаардык сотунда онлайн карала баштаган.

19-августта сотко аралыктан катышкан айыпталуучулардын бири Сапар Исаков сөз сүйлөп, өзүнө жана Карыбаевага музей иши боюнча ойдон чыгарылган айыптар коюлганын айткан. Ал башка иштер боюнча да өзүнүн күнөөсү жок экенин билдирип, журналисттерден чуулгандуу Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), ипподром, музей иши боюнча иликтөө жүргүзүп, ким туура, ким күнөөлүү экенин коомчулукка жеткирип берүүнү суранган.

«Сооронбай Жээнбеков өлкөнү туңгуюкка алып келди. Ал бийликте турганда бир да улуттук долбоор ишке ашкан жок. Башталган иштер токтоп калды. Ал коррупция менен күрөшүүдө тандалма иш жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлер, эң жогорку деңгээлден баштап жөнөкөй аткаруучуларга чейин кандайдыр бир документтерге кол коюудан, тендер өткөрүүдөн, жоопкерчилик алуудан, тайманбай чечкиндүү кадамдарга баруудан коркуп отурат», - деди Исаков.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Исаков менен Карыбаеванын күнөөлөрү толук аныкталганын билдирүүдө. Алар соттук териштирүү учурунда бардыгы болуп 53 күбө суралып, айыпкерлердин күнөөсүн толугу менен далилдеп бергенин айтышты.

Ошондуктан Исаковдун азыркы бийликке карата сыны өзүн актоо аракети бааланууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Тарых музейин оңдоодо бюджеттен эбегейсиз көп акча уурдалган. Жөнөкөй эле мисал, 200 доллардан турган экспонаттарды 5000 долларга чейин сатып алган деп көрсөтүлгөн. Биз муну фракцияда жана комиссияда ийне-жибине чейин иликтеп чыкканбыз. Бирок мунун артында ким турарын тергөө менен сот аныктайт. Мен ким күнөөлүү экенин айта албайм. Бирок буга кимдир-бирөө жооп бериши керек. Анан эми уурдалып, таланып жатса деле бардыгы таптаза болуп чыга берген туура болмок беле?»

2018-жылы парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөлөрү музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнүн айтып, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгышкан. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы билинген.

Көп өтпөй бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура мамлекеттик бюджетке 247 миллион сомдук зыян келгенин кабарлаган.

Анткен менен мурдагы аткаминерлердин сот иштерине көз салып жаткан юрист Кайрат Осмоналиев райондук соттун өкүмү экинчи инстанцияда эч өзгөртүүсүз калып жатканына көңүл бурду:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Кыргызстандагы сот системасы көз каранды. Коомчулукта резонанс жараткан, саясий негизде козголгон кылмыш иштеринде сот калыс болот деп айта албайм. Анткени аларга карата чыккан райондук соттун өкүмдөрү экинчи инстанцияда дээрлик өзгөрбөйт. Президент сот реформасын жүргүзөм деп аракет кылып жаткан. Бирок система өзгөргөн жок. Жогоруда белгиленгендей, саясий боёгу бар иштер бийликтин көзөмөлүндө турат».

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпысынан жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты кишиге Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлган.

Алар - Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Булардын ичинен Исаков менен Карыбаевадан башкаларынын иши тергөө менен кызматташканы үчүн өзүнчө тергелип жатат. Алардын иши азырынча сотко өтө элек. Ишти кароого Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылы киришкен.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону мойнуна алган. Бирок музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Ошондон бери музей эшигин ача элек. Анын себебин маданият министри Азамат Жаманкулов мындайча түшүндүрдү:

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

«Музейди оңдогон германиялык компанияга Кыргызстан 225 миң евро карыз. Ошону төлөгөндөн кийин гана немис ишканасы музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын берет. Бул акчаны мамлекеттик бюджеттен кайра төлөп берүү мүмкүн эмес. Анткени музейди оңдош үчүн бюджеттен акча бөлүнгөн. Бул боюнча кылмыш иши козголгондо германиялык компанияга төлөп берчү акчанын акыркы траншы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын эсебинде калды. Биз соттун өкүмүн күтүп жатканбыз. Эми өкүм чыкты. Ушул жылы 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата музейди ачууга аракет кылып жаттык эле. Ал арада коронавирус пандемиясынын айынан бул пландарыбыз да ишке ашкан жок. Биз маселени дагы эле көтөрүп жатабыз. Жакынкы күндөрү ишке ашат деп турабыз».

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.

Сапар Исаковго буга чейин Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо ишине байланыштуу да өкүм чыккан. Бул иш боюнча ал 15 жылга кесилген. Соттун өкүмү чыкканга чейин №1 тергөө абагында отурган Исаков Петровка айылындагы №8 колонияга 23-апрелде которулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG