Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

Ала качуунун кендирди кескен кесепети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн 30 жаштагы тургуну Айгүл кыз ала качуунун курмандыгы болгон. Аны 16 жашында тааныбаган киши ала качып, алты жыл кордук көргөн экен. Зөөкүр күйөөдөн кеткенине тогуз жыл болгон, бирок ал келинге дагы эле тынчтык бербей жүрөт.

Эки кызы менен Караколдо жашап жаткан жалгыз бой келин Айгүл азыр автоунаа жуучу жайда иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Бирок тапкан каражаты кыздарынын кийим-кечесинен, күнүмдүк тамак-ашынан артпайт экен.

Мектепти бүтүп, медицина кызматкери болуш үчүн жогорку окуу жайына тапшырам деп кыялданган, он гүлүнүн бири ачыла элек кызды мындан 14 жыл мурда тааныбаган жигит ала качып алган.

«Үйдөгүлөр «отур» деп айтышты, ошону менен айла жок өмүрүмдө көрбөгөн киши менен жашап калдым. Ал адам менен алты жыл бирге түтүн булаттык, мен үчүн бул жылдар тозок сыяктуу эле болду, азаптын баарын көрдүм. Менин каалоомо каршы ала качып алган күйөөмө баары бир болчу. Үйдө тамак-аш барбы, кийимиң бүтүнбү - муну ойлочу эмес. Анын эң башкы иши – ичимдик эле», - дейт ал.

Айгүлдүн айтымында, күйөөсү эки ай бирге жашагандан кийин эле иче баштаган. Кийин кош бойлуу болгонуна да карабай кол көтөрүп, кыштын суугунда эшикке чыгарып салчу. Мындай көрүнүштү кайненеси да толуктап, келинине жек көрүү менен мамиле кылганын, уулун аялына каршы тукурганын айтып берди:

«Үйдөн тынчтык менен кошо ырыскы да кетти. Көпчүлүк учурда нан менен суу ичип отуруп калчубуз. Анан менин туугандарым чабандын жумушун таап берип, ал жакка кичинекей кызым, күйөөм менен бардык.

Ал ортодо күйөөм бизди таштап кетип, менден жаш кыз менен жашап, кайра келди. Туугандарым болсо «күйөөнүн санын көбөйтпөй, чыдап жаша» дешти. Кайненем мени үйдөгүлөргө жамандап, «кызыңар өзү күнөөлүү, кызыңардын жамандыгынан уулум ичип жатат, жакшы болсо баламды хан кылып алмак» дечү. Мени абдан жаман көрчү, себебин деле билген эмесмин. Көрсө, ал бардар жердин кызын келин кылып алам деп жүргөн экен. Менин ата-энем карапайым эле адамдардан, бирок биздин үйдө аялга кол көтөрөт, кордойт деген түшүнүк жок болчу.

Мен келин болуп барган үйдөн ушундай айбанчылыкты көрдүм. Көпчүлүк учурда көк ала кылып сабаган күйөөмдүн кылыктарын үйдөгүлөргө айтпай, жашырып койчумун. Себеби апамдын жүрөгү ооруп, жарым жылда бир жолу ооруканада дарыланып турат. Кантсе да кыздарымдын атасы деп жүрдүм. Мен анда жаштык кылыптырмын, азыр болсо такыр башкача болмок».

Айгүлдүн абалын өз көзү менен көргөндөн кийин гана анын ата-энеси чечкиндүү кадамдарга барып, бирок жыйынтыгында кайра эле аны күйөөсү менен жашоого үгүттөгөнүн айтты:

«Биз эптеп жашап жүрдүк. Ошого карабастан эки кызды жарык дүйнөгө алып келдим. Оюмда күйөөм оңолуп, ичкилигин калтырып, эл сыяктуу жакшы жашамакпыз. Бирок барган сайын ал күчөй берди.

Келин болуп барганда кандай кийимим менен барсам ошондой бойдон жүрдүм. Бир кышта бутумда жылуу чокоюм жок, жайкы туфли менен кетип баратсам, алдыман үйдөгүлөр чыгып калды, өтө жаман болдум ошондо. Алар ошол замат мени ээрчитип алып, үйгө келишти да кайненем, күйөөм менен чоң уруш болду. Аягында кайра эле мен күнөөлүү болуп калдым, «чыда» деп кайра калтырып кетишти. Ошол учурда кетип каларга жер таппай, оор турмушумду айтып берерге, мени түшүнөр киши таппай дүйнөм астын-үстүн болду.

Менин ажырашуума каршы болгон туугандарыма айтканда деле пайда жок экенин билип, дагы бир жылдан кийин эки кызымды алып, басып кете бердим. Акыркы тогуз жылдан бери өзүнчө жашап, кыздарымды багып келем. Бирок жашоомдо тынчтык орной элек. Аракеч күйөөм, анын апасы менин жанымды койбойт. Азыр кайненем «сенин айыңан балам ичет, эгер өлүп калса сени сотко берем» дейт. Ал тургай кайын сиңдилерим да чогулуп келип, мени сабайбыз деген күндөр да болгон. Аракеч агасы эмес, эки кызды төрөп берген, кыйын күндө да кетпеген мени күнөөлөп коюшканына ардандым.

Сотко берген жокмун, алар жараткандын астында сөзсүз жооп беришет. Мен тынчтык бербеген күйөөмдөн качып, улам батир алмаштырып жашоого аргасызмын».

Айгүлдүн кыздары азыр мектепте окуп жатышат. Жаш эне болгон күч-аракетин кыздарынын билимине жумшап, алардын татыктуу, эркин жашоодо өмүр сүрүшүн каалайт. Себеби өз убагында ал өзү каалаган билимди ала албай калган. Автонаа жуучу жайдагы ишинен сырткары Айгүл азыр үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап, ала качуунун курмандыгы болгон келиндер менен иш алып барат. Ал ошондой эле күйөөгө тие элек кыздар менен да жолугушууларды уюштуруп турат.

«Мен ала качууга каршымын. Себеби, анын кесепетинен меникиндей талкаланган тагдырлар толтура. Азыркы заманда техниканын өнүккөн кези, эч бир көйгөй жок. Эч болбоду дегенде жигиттин эрки жетпей атса социалдык тармактардан таанышып, өзүнө жаккан кыздын көңүлүн тапса болот да. Дароо эле мал сыяктуу кызды алып качуунун кереги жок.

Менин эле мисалымды айтайын, мен күйөөмө жабышып, сага тием деген эмесмин, ал мени өзү жактырып ала качып алды. Бирок кайненем жактырган жок, күйөөм жакшы жашоого умтулган жок, акыр аягы ажырашып тындык. Мен болсо билим албай калдым, азыр колуман келген жумуштарда иштеп жан багам.

Тырышып жүрүп кыска мөөнөттүк курстарды бүттүм, азыр Караколдогу аялдарды реабилитациялоо борборунда да ыктыярчы болуп иштейм. Ар кандай аялдар келет, алардын көбүн күйөөлөрү ала качып алышкан. Алды сегиз балалуу, арты эки балалуу аялдар келет, көбү эки ажырым жолго түшөт. Мындан ким пайда табат? Эч ким. Балдар атасыз же энесиз өсөт, жетишпеген жашоону көрөт, толук билим ала албай эрте эле турмуштун түйшүгүнө аралашып кетет. Ошондуктан турмушка чыга элек кыз-келиндер менен да жолугушууларга барып турабыз.

Кыздар өз укугун коргой билиши керек, ата-энеси «отур» десе эле айла жок отуруп калбашы керек. Кыздар билим алып, өз жашоосун кыялындагыдай куруп алууга милдеттүү».

Айгүл быйыл фармацевттин окуусуна тапшырды. Айлыгынан арткан каражатын топтоп, билим алгандан кийин өз кесиби боюнча иштеп, үйлүү болгусу келет.

Хайтек ала качууну кантип токтотот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:33 0:00

Караколдогу «Химая» аялдарды коргоо борборунун адиси Мария Личаню ала качуунун кесепети кызга гана эмес, бул ишке барган эркектер үчүн да өтө кейиштүү аякташы мүмкүн экенин айтат:

«Азыр кыздар гана ала качуунун курмандыгы болуп жатат дебеш керек. Алардын арасында эркектер да бар. Мисалы, кызды ала качып алган жигит мыйзам алдында сот жообуна да тартылат. Негизи Бурулайдын окуясынан кийин баары өзгөрдү. Эки тарап келишип алган күндө да жигит туугандарынын, досторунун арасында сөзгө калат, «ала качкан кызы отурбай кетип калды» деген сөз эркектердин намысына катуу тиет экен. Биз айрым учурларда ала качып алган жигитти сотко бергенде соттук иштерге барып турабыз. Боздоп ыйлаган ата-энесин, башын жерге салып, айласын таппай калган жигитти көрөбүз. Ошондуктан келишип эле баш кошкон алда канча жаркын келечектен үмүт берет».

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, статистика боюнча облуста 2019-жылы Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 22 арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. Тергөө жүрүп жаткан мезгилде 21 арыз ээси шектүү тарапка күнөө коюудан баш тарткан. Бул жылдын сегиз айында 16 арыз катталып, бардыгы кайрадан арыздарын алышкан. Жазык кодексинин 177-беренеси («Адамды никеге турууга мажбурлоо») менен 2019-жылы 5 арыз катталып, төрт иш кыскарган, бир иш сотко кеткен. Бул жылы болсо үч арыз катталып, эки иш кыскарып, бир иш сотко жиберилген.

«Арыздар дароо каттоого алынып, тергөө иштери башталат. Мындай иштерди алып барыш оңой эмес, себеби арыз жазган кыздын ата-энеси же бир туугандары «күйөө бала тарап болушунча катуу жаза алсын» деген талап менен келишет. Биз болсо ийне-жибине чейин иликтеп, сотко өткөрүп беришибиз керек деп иштейбиз. Бирок эки тарап элдешип алып, иштин көбү сотко жетпей жабылып калат. Кыздын ата-энеси кайра тосмо арыз жазат».

2019-2020-жылы катталган арыздардын арасынан болгону 20% сотко жетип, ала ачып алган тарап өз жазасын алган. Азыр жаштар арасында ала качууну туура эмес көргөндөр, сүйлөшүп баш кошууну жактагандар көбөйдү.

«Ала качуу тээ биздин заманда кадимки көрүнүш болчу, андан бери 30 жыл өттү. Азыр кол сурамай, сөйкө салуу, таанышуу деген жакшы келишимдер бар».

«Мен сүйлөшүп жүрүп эле үйлөндүм, азыр үч балабыз бар. Ала качуудан эч ким жыргаган эмес, бул айбанчылык».

«Жеңемди ала качып эле алганбыз, бул салт да, анын эмнеси бар экен?».

«Кызымды ала качып кетишкен, эл «уят, кызын алып келип алыптыр дебесин» деп отургузуп койгонбуз. Азыр өкүнөм, себеби турмушу болбой калды. Бир баласы менен ажырашып кетти».

2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын кейиштүү тагдыры коомчулуктун эсинде. Аны ала качып бара жаткан жигити максаты ишке ашпай калган соң милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. 2013-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга эркинен ажыратуу каралган. Бирок былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Кыргызстандагы иликтөөлөр жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралары, ала качуу курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылган учурлары өтө сейрек кездешери айтылып келет.

XS
SM
MD
LG