Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-октябрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ала качууну тамашага айлантпаш керек


Ала качууга каршы акция. Бишкек. 2018-жыл.

Эки аптадан бери социалдык тармактарда ала качууну пропаганда кылган жарнамалар талкууланып жатат. Колдонуучулардын нааразылыгынан улам видеону тарткан актерлор жана ишкерлер тасманы өчүрүп, элден кечирим сурашты.

«Кылмышты тамаша кылууга болбойт»

Тасманын кыскача сценарийи: Боз үйдө ата-бала, алардын жанында жигит, ала качууга дуушар болгон кыз отурат. Бир маалда кызынын артынан кууп келип, буркан-шаркан түшкөн атасы жайылган дасторкондогу бышкан эттен даам татып көрүп, ошол замат жибип, кызын таштаган бойдон кетип калат.

Он күн мурун Интернетте жарыяланган бул жарнама соцтармактарда ала качуунун пропагандасы катары кабыл алынып, «атасы кызын ала качкандарды бир кесим эт үчүн кечирди» деген сын пикирлерди жараткан. Көп өтпөй жарнаманы тарткан актерлор жана буюртма берген ишкана роликти баракчаларынан өчүрүүгө аргасыз болгон.

Ала качууну пропагандалаган жарнама.
Ала качууну пропагандалаган жарнама.

Аялдар укугун коргогон активист, «Тилектештик» маршынын катышуучусу Эльвира Калмурзаева ала качууну пропаганда кылган бул жарнаманы биринчилерден болуп өчүрүп салууну талап кылып чыккан:

Элвира Калмурзаева.
Элвира Калмурзаева.

«Мен бул жарнаманы абдан терс кабыл алдым. Себеби биз мындай видеолор менен зордук-зомбулукту кылмыш эмес, катардагы көрүнүш катары көрсөтүп алышыбыз мүмкүн. Буга далил катары аялдар укугун коргогондо же маршка чыкканда бизди сындагандар «аялдар басмырланганы калп, кайсы укугуңар корголбой жатат?» дей беришет. Анткени алар ушул өңдүү учурларды шылтоо кылып, «зомбулук жок» деп эсептешет. Булар бир видеосу менен биздин жасап жаткан көп жылдык аракетти жокко чыгарууда. Бул таптакыр күлкүлүү нерсе эмес. Аянычтуусу - алар бул видеону өчүргөнү менен, анын башкы маанисин жана көйгөйдү түшүнүшкөн жок. Эмне үчүн кечирим сурашканын деле түшүнүшкөн жок».

Жогорудагы роликтин айланасында талкуулар токтой электе Интернетте ала качууну чагылдырган дагы бир жарнама пайда болду. "Тамашоучу" жигиттер тартылган жарнамада бир канча адам кызды ой-боюна койбой машинеге салганы, адегенде көнбөй жаткан кыз өзү жетчү жерге ылдам баруу үчүн такси кызматын сунуштаганы көрсөтүлөт.

Ала качууну пропаганда кылган жарнама.
Ала качууну пропаганда кылган жарнама.

Бул роликти «Инстаграмда» жарым миллионго жакын катталуучусу бар "тамашоучу" Эмил Токтошевдин баракчасынан бир күндө эле 150 миңге жакын адам көргөн. Бир канча активисттер аны «ала качуунун ачык пропагандасы» катары сыпаттап, соцтармактан өчүрүүнү талап кылышкан.

Актер жогорудагы жарнамада ала качуу пропаганда эмес, юмор катары көрсөтүлгөнүн айтып, андай сындарга макул эмес. Бирок ал да өз баракчасынан роликти бир күн өтпөй өчүрүп койгон:

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

«Биз бул жарнаманын сценарийин жазып, аны тартып жаткан маалда ала качууну пропагандалоону каалаган эмеспиз. Мен өзүм деле ала качууну колдобойм жана ага каршымын. Бирок тамаша иретинде тартылган роликти эл туура эмес кабылдап калды. Ал соцтармакка чыккандан кийин мага агрессивдүү маанайда сын айткандар көбөйдү. Мен өз колдонуучуларыма андай терс оюм болбогонун түшүндүрдүм. Ошол себептен видеону өчүрүп, кечирим сурадым».

Бул жарнама үчүн роликти тартууга буюртма берген такси кызматынын жетечиси Жаныбек видео аркылуу колдонуучулардан кечирим сураган:

«Мен биз чыгарган видео мынчалык «резонанс жаратат» деп ойлогон эмесмин. Эгерде бул тасма кимдир бирөөнү иренжитип же капа кылса, мен аны тарткандардын жана өзүмдүн атымдан кечирим сурайм. Биз бул жарнаманы бардык аянтчалардан өчүрүп салдык. Сиздерди аны таратпоого чакырамын!»

Ала качуу — бул аялдарды никеге тургузууга мажбурлоо үчүн уурдоо. Эмне үчүн адам уурдоону жана зомбулукту тамашага айлантпаш керек? Бул суроого эки роликтин негизинде гендердик эксперт Римма Султанова жооп берди:

Римма Султанова.
Римма Султанова.

«Ала качууну күлкү жана тамашага айлантуу биринчи кезекте ага кабылган кыз-келиндерге карата ачык мамилени чагылдырап жатат. Ошондон улам мен авторлордун «бул юмор болчу» деген жообун таң калуу менен кабыл алдым. Эгерде биз ала качуу өңдүү оор кылмышты же зомбулукту күлкү катары кабыл алып жатсак, анда абал чынында эле оор экен. Бул эки учурду тең карап көрөлү. Биринде эт менен кыздын өмүрүн салыштырууда, экинчисинде ала качууну такси кызматы кубаттап, аны ишке ашырууда. Биз 20 жылдан бери аялдардын укугун коргоп келебиз. Бул өңдүү роликтер оор кылмышты күлкү катары көрсөтүүдө. Ошондуктан ишин жарнамалагысы келген ишкер адегенде кардардын өзгөчөлүктөрүн, сезимдерин талдашы керек болчу».

Адистердин пикиринде, бул көрүнүш Кыргызстандагы бизнес сектор гендер маселесинен кабарсыз экенин, тагыраагы алардын социалдык темаларга жана кардарынын жашоо-тиричилигине кызыкпай турганын көрсөттү. Мындан улам алар бул өңдүү роликтер аркылуу ала качууну катардагы көрүнүш катары кабыл алынып калышына шарт түзүп коёбу деп чочулашат.

Ишкерлик боюнча адис, тренер Азамат Аттокуров коом ушул өңдүү учурларды талдай билип, айыптаса гана маселе оңунан чечилет деп эсептейт:

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Албетте, ала качууну күлкү катары көргөн коомдун ишкерлери да гендердик сезимтал эмес. Алар көйгөйдү түшүнүшпөйт. Ушул себептен коом маалыматты иргегенди үйрөнүшү керек. Мындай медиа контентти кабыл алып, чыдабашы керек. Аны жаратуучуларды айыптаганда гана жыйынтык өзгөрөт. Тилекке каршы, жергиликтүү бизнес сектор, ишкана жана ишкерлердин көз карашы мына ушундай. Алар дайыма аялдарды басмырлап келген. Аялды ишке алууда да талаптарды олчойто коюп, анын үй-бүлөлүк абалына басым жасашат. Ишке алып жатканда «Төрөп, декретке кетпейсиңби? Күйөөгө тийип кетип, иштебей калбайсыңбы?» деген өңдүү суроолорду беришет. Бул өз учурунда кыздардын ишке орношуусуна тоскоолдук жаратууда».

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын кейиштүү тагдыры коомчулуктун эсинде. Аны ала качып бара жаткан жигити максаты ишке ашпай калган соң милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, 20 жылга эркинен ажыратылган.

Элет жеринде өспүрүм курактагы никеге туруу шаарга караганда 2,5 эсе, ала качуу эки эсе көп катталат.

Ала качуу көйгөйүнүн күн тартибине чыгышы мектепте окуу аяктаган учурга туура келди. Аймактарда мектепти жаңы бүткөн кыздарды, акыркы коңгуроодон кийин эле ала качуу өнөкөтү талылуу маселе бойдон келе жатат.

Мындан улам Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова чоң турмушка аттанган жаштар ала качуу аралашкан роликтерди туура эмес кабыл алып калышы мүмкүн дейт:

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

«Алар бул жарнамаларды көрүп «Ала качып эле үйлөнсө болчудай» деп ойлоп калышы мүмкүн. Бул курактагы жаштар азырынча маалыматты иргей албайт. Алар кылмыш, мыйзамсыз аракет дегенди жакшы түшүнбөшү мүмкүн. Акыркы жылдары ала качуунун саны кескин азайды деп жатабыз. Бирок элет жергесинде биз билбей, укпай калган учурлар дагы деле болушу мүмкүн. Карантин учурунда эл билбейт, укпай калат деп ала качкандар болушу мүмкүн. Ошол эле учурда ала качуунун кесепетинен жабыр тарткан, зомбулукка кабылган аялдар деле биздин борборго көп кайрылышат».

Жаштардын тили менен жеткирүү

Ал ортодо бир апта мурда Кыргызстанда ала качууга каршы алгачкы онлайн оюн иштелип чыкты. Ал кыздарга укук тууралуу маалымат берүүнү көздөйт.

Чөнтөк телефонго жүктөлө турган «Жазгы Бишкек» деп аталган оюн сериал түрүндө тартылган. Аны ойногон адам өзү сериалдын башкы каарманы болот. Мисалы, Бишкекте окуган студент кыздын курбусун ала качып кетишет. Оюндун жүрүшүндө баш каарман досун куткарып чыгууга аракет кылат же тескерисинче кийлигишпей коёт. Жыйынтыгында анын тандап алган кадамынын пайдасы же кесепети белгилүү болот.

Долбоордун демилгечиси – «Айкын багыт» коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова оюнду иштеп чыгууга ага кайрылган кыздардын окуялары себеп болгонун айтты:

Мунара Бекназарова.
Мунара Бекназарова.

«Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган «Жазгы Бишкек» оюнунун мазмуну ала качууга дуушар болгон кыздар кабылган окуянын негизинде жазылды. Ала качууга кабылган кыздар келгенде мен алардын окуясын угуп чыгып, «Кандай маалымат берсек болот? Аларга кантип өзүн коргогонду үйрөтөбүз?» деп ойлончумун. Бул оюн кыздар үчүн иштелип чыккан. Жалпысынан интерактивдүү «китеп» 11 бөлүмдөн турат. Азырынча үчөө даяр болду, калгандары сериал түрүндө улам жарыяланат».

Долбоорду ишке ашырууга ондогон активисттер жана чет өлкөлүк эксперттер катышып, каржылык колдоону «Sigrid Rausing Trust», «Сорос-Кыргызстан» фонддору, Европа Биримдиги жана БУУ көрсөткөн.

Адистер зомбулук тууралуу элге түшүндүрүү иштеринде жаңы ыкмаларды колдонуу керектигин, мында медианын орду күчтүү болгонун айтышат.

Бир топ жылдан бери аялдар зомбулугу тууралуу тасма тартууну пландап жүргөн режиссер Темир Бирназаров коомчулуктун аялга болгон мамилесин «акмакчылык» катары сыпаттады:

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

«Бизде бир кызыктай макал бар: «Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр жакшы». Ошол эле кезде биз энени сыйлаш керек дейбиз да, аялыбызга кол көтөрүбүз. Бул эмне деген акмакчылык? Мен муну башкача түшүндүрө албайм. Мен алты жылдан бери маалымат чогултуп, аялдар туш болгон зомбулукту тасмада чагылдырайын деп жүрөм. Бирок аны колдоп, медиа контентке кызыкдар болгондор аз экен. Бизде азыр зөөкүрлөрдүн заманы болуп калды. Менимче эң коркок, жүрөгү жок эркектер гана аялга кол көтөрөт, аны кордойт».

Буга чейин Сузак районунда аялдын моюнуна таш салынган дөңгөлөк илип, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жаткан кишинин видеосу коомчулукта катуу сынга кабылган.

Мындан улам Кыргызстанда социалдык тармактарда белгилүү адамдар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы жана аялдардын укугун коргоо боюнча акция өткөрүштү. Алар социалдык тармактардагы баракчаларына зомбулукту токтотууга чакырган видеолорду #кечирБиздиАялзат, #рахматАялзат хэштэги менен жүктөп, коомчулуктун көңүлүн бул маселеге бурууга чакырышкан.

Акцияга катышкан AGA-INI​ тобу зордук-зомбулук көргөн аялдар тууралуу ыр чыгарышкан. Аны мааниси тууралуу топтун солисти Кайбар буларды айтып берди:

Ырчы Кайбар.
Ырчы Кайбар.

«Аялзат - бул сенин энең, кызың, эжең, карындашың,

Анда неге алар сыздап ар күн сайын төгөт жашын?

Ага себеп эркектер төш каккылап чектен ашып,

Иштетпеген өз акылы менен ийиндеги башын.

Биз ыр аркылуу аялдардан кечирим сурап, аларды кордогон эркектерге кайрылуу жолдогубуз келди. Сузактагы окуя бизге катуу таасир берип, чыгарма аркылуу зомбулукка каршылыгыбызды билдирдик. Өзүбүздүн аудиториябызга да бул кылмышты жана аянычтуу учурларды ыр аркылуу жеткирүүнү кааладык».

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жылы аялдарга карата жасалган зомбулук боюнча иштердин 11 пайызы гана сотко жеткен. Мындай иштердин арасында зордуктоо жана ала качуу фактылары бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG