Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Ала качуунун эстен чыккан кесепети


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Жайыл райондук жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери ала качууга дуушар болгон кызды куткарып калышты.

Инспектор Замир Айткожоевдин айтымында, 23-мартта инспекторлор Бишкек-Ош жолунда бараткан “Хонда степвагон” үлгүсүндөгү машинени токтоткон учурда анын ичинде отурган кыз жардам сурап кайрылган.

Бирок автоунаадагы балдар инспекторлорго каршылык көрсөтүп, кызды машинеден чыгарбоого аракет кылышкан. Кызматкерлер ыкчам топту чакырып, тийиштүү протокол түзүлгөн:

"Уурдалган машине тууралуу кабар түшкөнү үчүн "Хонда степвагон" үлгүсүндөгү автоунаалардын ар бирин текшерип жатканбыз. Акыркысын токтоткон учурда ичинде отурган төрт эркек агрессивдүү мамиле кыла баштады. Ошол маалда машиненин ичинде отурган кыз бизден жардам сурады. Дароо оперативдик топту чакырып, тиешелүү иштерди аткаргандан кийин РИИБге жеткирдик", - деди Замир Айткожоев.

Куткарылган кыз милицияга аны классташтары алдап, автоунаага салган бойдон айдап кетишкенин милицияга айтып берген:

"Классташтарым чакырганы үчүн эле баргам. Төрт баланын бирин мурда көргөм, калганын тааныбайм. Анан эле ой-боюма койбой Таласты карай айдап жөнөштү. Жакындарым бул жакта экенин билишпейт. Телефонумду алып коюшкан", - деп көрсөтмө берген кыз.


Бирок кыз эртеси күнү кандайдыр бир себептер менен тосмо арыз жазууга мажбур болгон. Анын себебин тактоо үчүн кылган аракетибизден майнап чыккан жок.

Бир жыл мурда маркум Бурулай Турдаалы кызын ала качып бара жаткандарды жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер дал ушул посттон кармап, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Тилекке каршы, кыз милиция бөлүмүнөн бычакталып, каза тапкан.

Инспектор Замир Айткожоев - Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сотто иши каралып жаткан беш кызматкердин бири. Аларга Кылмыш жана жаза кодексинин 323-беренеси (шалаакылык) боюнча иш козолгон.

Бурулайдын жакындары Замир Айткожоевге доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазып беришкен. Эми инспектордун бул кызматта каларын же калбасын сот гана аныктайт.

Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин жактоочусу Есения Рамазанова Бурулайдын окуясы бардык милиция кызматкерлери үчүн сабак болгонуна ишенгиси келет:

Есения Рамазанова.
Есения Рамазанова.

"Коомчулукка болушунча маалымат бергенге аракет кылдык окшойт. Менимче, бул жерде инспекторлор кызды алып бараткан автоунааны токтотуп, аны милиция бөлүмүнө жеткиргени менен кылмыштын алдын алышты. Ар бир кызматкер ишин так аткарса эле ушундай окуялар азаймак. Замир Айткожоев буга чейин Бурулайды ала качып бараткан автоунааны токтотуп калган".

Мыйзам кыздарды ала качып, мажбурлап никеге тургузууга тыюу салынганы менен бул көрүнүш тыйыла элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова буга үйлөнө турган эркек эле эмес, анын мыйзамсыз аракетин колдогон ата-эне, жакындары да себепкер деп эсептейт:

Азиза Абдирасулова укук коргоочу.
Азиза Абдирасулова укук коргоочу.

​"Ошол энеси, туугандары айтып, токтотпосо бул нерсе улана берет. Биз балдарыбызга ала качуу кылмыш, өзүң сүйлөшүп, жактырган кызды гана алып берем деп айтышыбыз керек. Кайра кубаттап, кошо даярданып, жоолук салып отургузуп койгон да кылмыш. Ушуну эмне үчүн эске алышпайт?".

Абдирасулова мындай окуяларда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай кылмыш иши ачылып, айыпталуучуну сот жоопкерчилигине тартуу керектигин кошумчалады.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнөн кийин 13 милиция кызматкери иштен алынган. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш кызматкерине козголгон кылмыш иши учурда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Ал эми ала качкандардын айыбын караган Свердлов райондук соту 12-декабрда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган.

"Азаттык+": Ажал чакырган ала качуу. (архив)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG