Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

"Ак шоола" сериалы сынга кабылды


Сериалдын афишасы.
Сериалдын афишасы.

Былтыр күзүндө Кыргызстандын башкы телеканалы тартып, коомчулукка көргөзгөн “Ак шоола” тасмасы укук коргоочулардын сынына кабылууда. Анда күйөөсү ала качып алган келин жакындары ынандыргандан кийин тагдырына моюн сунуп жашап калат.

Тасманы тарткандар "кыз ала качуу - кыргыз элинин байыртан калган салты" деп ишендирүүгө аракет кылышууда. Буга нааразы көрөрмандар бул тасма кантип эфирге коё берилгенин түшүнбөй жатышат.

"Ак шоола" – Кыргызстан өзү тарткан бирден-бир сериалдардын бири. Коомдук телерадиокорпорациянын бюджетинин эсебинен тартылган тасма 25 бөлүмдөн турат. Фильм жети айда тартылып бүткөн.

Сериалдын рейтинги абдан жогору болду. Кыргыз журналистинин жашоосу миллиондогон адамдардын кызыгуусун жаратты. Ошол эле учурда тасманын сюжети айрым көрөрмандарды нааразы да кылды. Сценарий боюнча экинчи пландагы каарманды ала качып кетип, турмуш курууга мажбурлашат. Анын жашоосу көз жаш менен өтүп, күйөөсү бир нече жолу ур-токмокко да алат. Курбусунун кеңешин уккандан кийин жашоосу бир калыпка түшкөндөй болот.

Тасма жарыкка чыккан соң социалдык тармактарды колдонуучулардын басымдуу бөлүгү анын авторлорун “аялдарды зордоону романтикага айлантып жатат” деп сындап чыкты. Кээ бирлер кыз ала качуу кылмыш экенин айтса, көпчүлүк Бурулайдын трагедиялуу окуясын эстешти.

Елена Воронина: "Шумдугуң кур! Өлкөнүн башкы каналы ала качууну кордук катары көрбөстөн, бул кылмышты жасагандарды актап жатат”.

Игорь Шестаков: “Режиссердун позициясы боюнча адам уурдоо зордук эмес, салт экен”.

Ульяна Копытина: "Муну аял киши тартып жатат. Зордук-зомбулукту аялдар өздөрү колдоп, коргоп жатканы үчүн чекит коюлбайт”.

Жылдыз Садыкова: "КТРК кылмышты жана үй-бүлөлүк зордукту “жарнамалып” жатабы? Бали! Телеканал абдан “үлгү” болуп жатат”.

Телерадиокорпорациянын жалпы контенти көркөм кеңештин бекитүүсүнөн өтөт. Анын төрагасы Алмаз Касымалиев сериалдан суицид, зордук өңдүү көрүнүштөр алынып салынганын, кадрда калгандар этикага негиздүү жана мыйзамга ылайык деп ишендирүүдө.

- Өзөгүндө ала качуу тематикасы жатпайт. Ала качуу окуясы өтө орой формада, жөн эле көчөдөн бараткан кызды уурдап барып алып, зордоп жашатуу, кыйноо формасында эмес, бул баягы алдын ала таанышуу, алдын ала жактыруу, андан кийин сезимдердин ачыкка чыккандан кийинки болгон кадам катарында берилген да.

Режиссер Ырыс Окенова тасма романдын негизинде тартылганын айтып, нааразы тараптардын пикирине кошулбай турганын билдирди.

- Биринчиден, коомчулук жакын арада болуп өткөн жаман окуядан улам тынчсызданып жатканы менен ала качуу бул - биздин салтыбызда бар. Экинчиден, ала качуунун арты менен бактылуу жашап жаткан фактылар бар. Биз муну тана албайбыз, чана албайбыз. Анан бул көркөм чыгарма. Биздин заманда терс, оң көрүнүштөр орун алып жатат. Биз чыгармада, кинодо, сериалда ошол нерселерди коомчулукка көрсөтүшүбүз керек.

Антрополог жана жазуучу Алтын Капалова сериалды “жарандарга каршы кылмыш” деп баалады. Ал коомдук телеканал бүгүнкү чындыкты гана чагылдырбастан, гумандуу чындыкты да түптөөгө салым кошуу керек экенин кошумчалады. Анын пикиринде, бул багытта коомдук каналдын социалдык жоопкерчилиги чоң.

- Бул сериалда "минтип жашасаңар жакшы болот" деп жатат. "Эң негизгиси - үй-бүлө, күйөөң таштап кетеби, уруп-сабайбы – маанилүү эмес. Эч нерсе болбойт, жашагыла” дейт. Мындай сериалдардын таасири абдан чоң болот. Бул адамдардын өзүн алып жүрүшүнө таасир этери илимий жактан далилденген.

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбеков КТРКда көрсөтүлүп бүткөн "Ак шоола" сериалындагы ала качуу сюжети боюнча сынга жооп берди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында сериалдын үзүндүсү гана көрсөтүлүп, "кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы менен курулай каралоо жүрүп жатат".

- Ала качууну КТРК ойлоп тапкан жок. Биз сериалда элди "ала качып турмуш кургула" деп үгүттөгөн жокпуз. Болгону турмуштагы бир көрүнүштү чагылдырдык. Менимче, сериал бүткөндөн кийин, бир канча убакыттан кийин жанагындай болуп жатканы бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт.

Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңеши жакынкы жыйында тасманы талкуулоого убада берди. Ал эми активисттер бийликке кайрылууну пландап жатышат. Алардын пикиринде, “Ак шоола” экрандарда кайрадан көрсөтүлбөшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG