Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

«Аялдарды коргогон мыйзамдар иштебей жатат»


Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).
Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өмүрү кыйылганына бир жыл толду. Буга карата "Хьюман Райтс Вотч” уюму жаңы баяндамасын жарыялап, анда кыргыз бийлигин аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат деп сындады.

Бул баяндама тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун аялдардын укугу боюнча изилдөөчүсү Хиллари Марголис «Азаттыктагы» маегинде толугураак айтып берди.

«Азаттык»: - «Human Rights Watch» уюму соңку билдирүүсүндө кыргыз бийлигин аялдар менен кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн дагы көбүрөөк чара көрүүгө чакырды. Үй-бүлөлүк зомбулук, ала качуу сыяктуу маселелерди чечүүдө Кыргызстанга эмне жетишпей жатат?

Хиллари Марголис: - Биздин изилдөөбүздө белгилүү болгондой, өкмөт айрым маанилүү кадамдарга барганы анык. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдын күчүнө киргенине кубанычтабыз. Бул сыяктуу аялдарга карата зомбулукту жана ала качууну токтотууну көздөгөн мыйзамдар кабыл алынды.

«Human Rights Watch» уюмунун аялдардын укугу боюнча изилдөөчүсү Хиллари Марголис.
«Human Rights Watch» уюмунун аялдардын укугу боюнча изилдөөчүсү Хиллари Марголис.

Бирок биз көргөндөй, бул мыйзамдар толук ишке ашырылбай жатат. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү маселесинде жабырлануучуларды «коргоого алуу» деген жобо иштебей жатат. Анын кандай иштегени да толук көзөмөлдөнбөй жатат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдын кандай аткарылып жатканына байкоо сала турган атайын органды түзүү маселеси да чечилбей турат. Бул багытта тез чаралар көрүлүшү керек.

Буга кошумча ала качууга жана жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоого байланыштуу мыйзамдар да толук иштебей келет.

«Азаттык»: - Ошол эле ала качууга каршы мыйзам бир канча жыл мурда катаалдашканы белгилүү. Бирок бул сыяктуу мыйзамдардын толук иштебей жатканынын себебин сиз кандай түшүндүрөөр элеңиз?

Хиллари Марголис: - Жаңы мыйзамдар ишке киришкенден кийин ала качуу жана жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоо көрүнүшү канчалык азайганын же көбөйгөнүн билиш өтө кыйын. Себеби бул багытта жакшы изилдөөлөр жок.

Мисалы, 2017-жылы өкмөт ала качууга же мажбурлап никеге тургузууга байланыштуу 31 учур катталганын маалымдаган. Бизге берилген көрсөтмөлөрдөн улам чынында мындай окуялар алда канча көп деп шектенүүгө болот. Андыктан маселенин масштабын так билүү кыйын. Менимче, мунун бир канча себеби бар.

Мисалы, жашы жете электерди никеге турууга мажбурлоо же ала качуу маселесинде айрымдар мыйзамды буйтап өтүүнүн жолдорун өздөштүрүп алганын байкадык. Нике кыйдырыш үчүн мурдагыдай имамга эмес, жоопко тартылбай турган же өтүнүчтү четке какпай турган башка адамдарга барып жатышканын уктук, же кээде никени эч ким билбеши үчүн түнкүсүн кыйып койгон учурлар бар. Ошондой эле үй-бүлөлөр макул болушса, өз ара келишип алып, нике тууралуу деле маалымат бербей коюшат экен.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бирок мен аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун улана беришине шарт түзгөн жалпы мамилени өзгөртүүгө да көңүл бурулушу керек деп ойлойм. Антпесе мындай мамиле зомбулукка баргандардын жазасыз калышына жол ачып жатат. Мисалы, кризистик борборлордун өкүлдөрүнүн айтымында, милиция аялдарды өздөрүнө зомбулук көрсөткөн адамдар менен элдешүүгө же арыз жазбоого көндүргөнүн уланта берүүдө.

Мен 2015-жылы үй-бүлөлүк зомбулук жана ала качуу боюнча кеңири изилдөө жүргүзгөнүмдө да бул маселе кеңири жайылганын байкагам. Аялдар менен кыздар ажырашууга аракет кылса, коомдун жектөөсүнө кабылышы мүмкүн.

Андыктан зомбулуктан жабыркаган аялга да, анын үй-бүлөсүнө, тартип коргоо органдарына, андан соң судьяларга да кайсы бир деңгээлде басым бар. Натыйжада аялдардын арызданышына, адилеттиктин орношуна бөгөт болгон шарт түзүлүп калып жатат.

«Азаттык»: - Сиздер өкмөттү зомбулуктан качкан аялдарга юридикалык, медициналык, психологиялык жардам берүүгө, аларга баш калка таап берүүгө милдеттендирген жобо толук аткарылбай жатканын белгиледиңиздер. Мындай жагдайдын түзүлүшүн эмне менен байланыштырасыз?

Хиллари Марголис: - Өкмөттүк мекемелердин бир бөлүгү чара көрүп жатат. Жакшы өзгөрүүлөр да бар. Кризистик борборлорго кайсы бир деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жатат. «Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө» мыйзамды аткаруу боюнча өкмөттүк мекемелерге нускамалар да жөнөтүлгөнү белгилүү. Бирок бул мыйзамдын аткарылышын толук камсыз кыла албайт.

Өкмөттүн дагы көбүрөөк кризистик борборлорго, убактылуу баш калкалоочу жайларга колдоо көрсөткөнү туура болот. Кыргызстанда баш калка жайлары абдан аз. Бул зомбулуктан качкан же колдоо күткөн көптөгөн аялдар менен кыздардын бара турган жерлери жок дегенди билдирет. Алдыда айтканымдай, өкмөт аялдарга каршы зомбулуктун алдын алуучу чараларды жүргүзгөн институтту түзүшү керек. Бул органга жетиштүү ресурс бөлүнгөнү да маанилүү.

Мындан тышкары бул институт менен бирге иштей турган Ички иштер министрлиги сыяктуу өкмөттүк башка мекемелер да өз милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик алышы зарыл.

«Азаттык»: - Бир жыл мурда ала качуунун курмандыгына айланган Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү кыргыз коомчулугун нес кылып, чоң нааразылык жаратканы белгилүү. Бирок бул окуядан кийин аялдардын укугун коргоо маселесинде Кыргызстанда жылыш болдубу? Бурулайдын окуясынан кандай сабак алдык?

Хиллари Марголис: - Бул окуя ала качуу маселесин дагы терең түшүнүүгө көмөкчү болгону бышык. Коомчулуктагы нааразылык өкмөттү да кандайдыр бир чараларды көрүүгө мажбур кылды. Бирок мындай окуянын орун алып жатканынын өзү абдан кейиштүү. Жаш кыз киши колдуу болгондон кийин гана өзгөрүү чакырыктары айтылып жатканы да өкүнүчтүү.

Бирок бул окуядан кийин ала качуу маселеси боюнча чечкиндүүлүк байкалбай койгон жок. Ошентсе да биздин укканыбыз боюнча мындан да жакшыраак чара көрүлсө болмок. Балким бул көйгөйгө туруктуу бир көңүл бурулбай жатат.

Өзгөчө үй-бүлөлүк зомбулук маселесинде өзгөрүү жок. Көңүлдүн көбү ала качуу маселесине бурулду. Албетте, аны жок кылуу да абдан маанилүү. Бирок үй-бүлөлүк зомбулук көз жаздымда калып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG