Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Күйөөсүнүн камчысынан качкан аялдар


Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча 16 күндүк өнөктүк башталды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулуктан жапа чегет. Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерде бул жагынан абал кандай?

2017-жылдан бери Орусияда үй-бүлөлүк зомбулук кылмыш деп эсептелбейт. Ал укук бузуу категориясына кирет. Ал эми жапа чеккен адам чындап эле зордук-зомбулукка кабылганын сотто далилдеши керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Орусияда ар бир 40 мүнөттө күйөөсүнүн, ойношунун же тууганынын колунан бир аял көз жумат.

“Жашоодон качышат”

“Тамактын тузу кем болуп калса, казанды башыма кийгизип салчу. Бир жолу мени көздөй бургуну ыргытты, ал кыйгап өтүп эшикке сайылып калды. Ошол маалда кызым кирип келаткан эле, бургу аз жерден анын башына тийип кала таштады”.

Орусиялык Наталья Радиевская ошол окуядан кийин күйөөсүнөн биротоло кетүүнү чечкен. Ал сыяктуу зомбулукка кабылган аялдар көп экенин билгенде Наталья “Фейсбукта” атайын баракча ачкан.

- Мен социалдык тармакта баракча ачып, сүрөт жайгаштыргандан кийин ага катталгандар тездик менен көбөйө баштады. Мен мурда кара өзгөй күйөөнүн зомбулугуна чыдап жүргөн биз сыяктуу акылсыз аялдар аз деп ойлочумун. Бирок азыр бул баракчага катталгандардын саны 10 миңден ашты. Ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулукка кабылат.

Наталья ачкан баракчага кайрылган аялдарга администраторлор юристтерди тапканга, муктаждарга акча чогултуп ижарага батир алып берүүгө жардамдашат.

- Бардык эле аялдар зөөкүр күйөөсүнөн качып кете алышпайт. Айрымдары жашоодон качып кетишет. Кээде баракчабызга ушундай абалда кайрылганда биз ошол замат психолог таап, жардам бергенге аракет кылабыз, - деп кошумчалады Радиевская.

​Орусияда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзам кабыл алууну юристтер Мамлекеттик Думадан бир жылдан бери талап кылып келатышат. Учурда Орусияда зомбулукка кабылган аялдар үчүн 150гө жакын жеке менчик кризистик борбор бар. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик борборлордун саны 20нын тегерегинде. Наталья полиция жардам берүүнүн ордуна, тескерисинче, аялдарды шылдыңдай турганын айтты:

- Каткырышып: “Сенин аялың эмне эле экиленип жатат, жакшыраак тарбиялабайсыңбы?” деп келекелешет. Алардын арасында эркектик тилектештик бар имиш. “Аялың ушуга өзү жеткирдиби? Жакшылап ага түшүндүрүп кой" деп эркектерди колдошот.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын "Фейсбуктагы" баракчасы.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын "Фейсбуктагы" баракчасы.

​Украинада жаза күчөтүлөт

Орусиядан айырмаланып, Украинада үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза кийинки жылдан тартып күчөтүлөт. Тиешелүү мыйзамга мамлекет башчы Петро Порошенко быйыл кол койду. Ага ылайык, ур-токмок гана эмес, моралдык жана экономикалык басым да зомбулук деп эсептелет. Документте үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары үчүн атайын борборлорду негиздөө да каралган. Мыйзам ошондой эле расмий никеге турбаган түгөйлөрдү да коргойт. БУУнун маалыматына караганда, Украинада жыл сайын миллиондой кыз-келин үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болушат. Алардын бири – Оксана.

- Ал мени үйдө камап алып сабачу, - дейт ал. - Үстүмө чыгып алып секирип, тепкилеп, колу-буту менен туш келди урчу. Бир жолу бетим жарылгыча урду, кан көпкө чейин токтобой акты. Балдарым “Апама тийбе!” деп кыйкырып ыйлап турушчу. Ал эми бир жолу алдыма бычак менен жипти коюп: "Же муунуп өл, же кан тамырларыңды кес же балкондон секир" деп айтты.

Оксана акыры балдары менен үйүнөн качып чыккан. Ал полицияга арыз жазып кайрылганы менен эч кандай жардам болгон эмес.

Учурда Украинада үй-бүлөлүк зомбулук үчүн беш доллар өлчөмүндөгү айып же коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бирок кийинки жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөр эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Үй-бүлөдөгү зомбулук. Иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөдөгү зомбулук. Иллюстрациялык сүрөт.

Латвияда аялдар эч жакка кайрылышпайт

Расмий статистикага караганда, Латвияда ар бир үчүнчү аял үй-бүлөлүк зордукка кабылат. Бирок алардын дээрлик жарымы эч жакка кайрылбайт.

Ингуна 19 жашында турмушка чыккан. Үйлөнгөндөн көп өтпөй эле күйөөсү кол көтөрө баштаган. Бирок ал эки балалуу болгондон кийин гана күйөөсүнөн кетүүнү чечкен.

- Мен эки баламды жетелеп, эки сумканы көтөрүп чыгып кеттим, - дейт Ингуна. - Биротоло кетүү тууралуу чечимди жарым саатта кабыл алдым. Үйдөн чыгып баратканда кызым “апа, биз бул жакка экинчи келбейбиз деп убада берчи” деп жалдырады”.

Ингуна башка шаарга көчүп, университетке тапшырып, иштеп, эки баласын өзү өстүрүп жатат. Мурдагы күйөөсү менен өзү да, балдары да андан кийин жолугушкан эмес.

Аялдардын “Марта” аттуу кризистик борборуна мындай окуяны башынан өткөргөн аялдар дээрлик күн сайын кайрылышат.

“Эгер зомбулук үй-бүлөнүн ичинде болсо коом аны жеке жашоо катары карап, кийлигишүүнүн кажети жок деп эсептейт", - дейт кризистик борбордун башчысы Илута Лаце. Борбордо кордук көргөн аялдар менен психологдор, юристтер, социалдык кызматкерлер иштешет. Муктаждарга убактылуу баш калкалоочу жайлар берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG