Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

"Кызымды зордуктап, үйүнө көз артышты"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну Рыскүл Жусупбекова кылмыштуу топтун өкүлдөрү студент кызын зордуктап, жашап жаткан батирин тартып алууга аракет кылганын айтып берди.

"Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында мигрант үй-бүлөнүн зордукталганы аз келгенсип, кылмышкер топтун кылтагына илинген студент кызынын таржымалы тууралуу кеп болот. Ар кандай коркутууларга (шантажга) дуушар болгон кыз үйүн күрөөгө коюп, ири суммада акча алып берүүгө мажбур болот.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылган кыз-келиндер адатта милицияга кайрылбай турганын, кайрылган күндө да иштин көбү аягына чыкпай, жабылуу аяк жабылуу бойдон каларын белгилешет.

"Коңшу байке кол салды..."

Бишкек шаарынын тургуну Рыскүл Жусупбекова - бир уул, бир кыздын энеси. 20 жылдан ашуун соода-сатык менен алектенген. Ысык-суукка калып чогулткан тыйыны топтолгондо Бишкектен батир алып, студент кызынын атына каттатып коет.

Маңдай тери менен тапкан батирине көз арткандар чыгарын, чырактай кызынын тагдырын талкаларын анда кайдан билиптир?

Рыскүл Жусупбекованын кызы Надира (аты өзгөртүлдү) жайкы каникулда ата-энесине кол кабыш кылып дүкөн иштетчү экен. 2017-жылы айылга барып келгенден кийин ага бейтааныш эркек чалып да, жазып да "сени жактырып калдым" деген жүйө менен тынчын ала баштайт.

Надира тажаганда номерди "кара тизмеге" киргизип койгонун, андай учурда СМС-билдирүүлөр ар кайсы номерден келип турганын айтып берди.

- Дайыма СМС жаза берчү, чалганда такыр жооп берген эмесмин. Бир жолу кечирээк жолугушууга чакырганынан үйдүн алдына чыксам, эч ким жок экен. Үйгө кирип баратсам, Курал деген кошуна байке туруптур. "Сага жазып жаткан мен болчумун" деп айтты. "Кандай уятыңыз жок адамсыз, сиздин балаңыз бар да" деп үйгө кирип кеттим. Мага чалган номерлеринин баарын "кара тизмеге" киргизип тургам. Кийин ал милицияга берген көрсөтмөсүндө “мага өзү чалган” деп жазыптыр. Шаарга келгенде окуума чейин барып, үйдүн алдында пайда боло баштады. Аркамдан ээрчип мени жакшы көрөрүн айта берди. Мен ишенбей койдум. Бир жолу кечке чалып "сүйүүмө ишенбейсиң, дары ичип алдым" деди. Коркуп кеттим. Эки сааттан кийин чалсам, "таксистмин" деген бирөө алып, аны операцияга алып киришкенин айтты. Ошол бойдон сүйлөшкөн жокмун... Эки күндөн кийин Филармониянын алдында отурганда дагы чалды. Бир эле жолу жолугуп коюшумду, эки ооз сөзү бар экенин суранды. Күндүз болчу. Жолуккандан кийин чайханага барып сүйлөштүк. Ошол жерден менден алыс жүрүшүн сурандым. Ал макул болуп, мени такси менен жеткирип коем деп жармашып туруп алды. Жолдон бир жерге токтоп, "досумдан акча алып чыгайын" деп кирип кеткен. Кайра чыгып "“чай ичип кеткиле” деп жатат" деп ой-боюма койбой алып кирди. Алдап коюптур, үйдө эч ким жок экен... Анан мага күч колдонуп, асылды.

Надира андан аркысын буулугуп айта алган жок. Ыза болуп, бир чети өзүнө жини келген кыз зордукчул эркектин эрмегине айланганын айтып отурду.

- Андан кийинки сүйлөгөндөрү угулган жок, өлүп эле калганым жакшы деп ойлодум. Канча жолу жанымды кыйганга аракет кылдым. Бирок колумдан келбеди... Ойлогонум эле үйдөгү атам менен апам болду. Алардын бетин кантип карайм деп ыйлап жаттым.

​Надиранын айтымында, Курал К. аттуу кылмышка шектүү кызды андан кийин да бир нече жолу жолугушууга чакырган. "Эмне болгонун ата-энеңе айтам, элге жаям" деп коркутуп, акча талап кылган. Ири суммадагы каражат алыш үчүн үйүн ломбардга койдурган.

- “Мен телефон чалганда дайыма алып турасың. Мени менен сүйлөшпөсөң элдин баарына бузулуп кеткениңди айтам" деди. Агамдын номерин кайдан тапканын билбейм, "ага чалам" деп коркутту. Декабрь айы келгенде "мага акча керек, үйүңдү күрөөгө кой" деди. Макул болгон эмесмин. Башында азыраак акчаны айткан. Кийин бир эжелер менен келип келишим түзгөндө 7,5 миң доллар алганын билдим. Ал жерде беш-алты киши тургандыктан "мени ушинтип алып келди" деп айта алган жокмун. "Аялымын, бирок үй мага жазылган” деп айтышымды үйрөткөн. Апам оорукчан. Жүрөгү кармап калбасын деп коркуп, айтканынын баарын аткардым.

Кыздын абийирин тебелеп-тепсегени аз келгенсип, анын колун-бутун жипсиз байлап алган эргул күрөөгө коюлуп калган үйүнүн документин кайтарып берүүнү убада кылып, дагы 12 миң сом акча сураган.

Милиция кимди коргойт?

Жазыксыз тебеленип, ага кошул-ташыл үйүн тарттыргандан кийин кыз ата-энесине башынан өткөн ишти ачык айтууга, милцияга арыз жазууга аргасыз болгон. Ошол учурда Курал К. Надирадан талап кылган 12 миң сомду алыш үчүн классташын жиберет. Бирок ошол досунун арты менен өзү да милициянын кылтагына илинет. Бул боюнча "Алдамчылык" беренесинин негизинде иш козголуп, милиция "мөөнөтү өтүп кеткен, далилдөө кыйын" деген негизде "Зордуктоо" беренеси боюнча иш козгоодон баш тартат. Бирок тартип сакчыларынын мамилеси ансыз да жабыркап турган Надирага катуу тийген.

- Тергөөчүгө көрсөтмө бергени барганда "Баягы кызбы?" дешип мени сөөмөйү менен көрсөтүштү. Ошого таң калдым. Болбосо мурда мени көрүшкөн эмес. Менин сөзүмдү угушкан жок. Арызымды карап да коюшпады. Дароо эле тигилердин сөзүн сүйлөштү, эч нерсе айта алган жокмун..., - деди Надира.

Надиранын тагдырына балта чаап, үйсүз калтырган шектүүлөрдүн арасында кыздын аталаш Канай К. аттуу тууганы да болгон. Учурда жабыркаган тарап "баарын ошол жигит алдын ала уюштурган" деп шек санап турат. Анткени окуя болгонго чейин Надира Канай К. карындашы менен сөз болуп жаткан батирде чогуу жашашкан. "Айрым келишпестиктен кийин аны батирден чыгарууга туура келди", - дейт Надира сөз арасында.

Мындан сырткары "Надираны зордуктап, үйдү күрөөгө койдуруп акча алды" деп айыпталып жаткан Курал. К, "ага жардам берди" деп айтылып жаткан Канай Э., Амантур А., аттуу жарандар башка адамдардын машинесин алдап тартып алууга, уурулукка шектелип жатышат. Бул иштер бири-бирине байланыштуу экени айтылууда. Анда аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон.

Надиранын адвокаты Таалайбек Айдаровдун айтымында, тергөө иштери соңку он айдан бери бүтпөй жатат. Ал ушул аралыкта ишти тергөө беш жолу токтотулганын, бирок бул тууралуу арыз ээлерине кабар берилбегенин баса белгиледи:

- Бул иштин бетин ачтым десем жаңылышпайм. Тилекке каршы, кимдир-бирөө буга тоскоолдук кылгандай сезилип жатат. Он айга кетти, ушул убакытта тергөө беш жолу токтотулду. Токтотуунун жолдору бар да. Бирок тергөөчү иштегиси келбей, токтотуп койгон учурлар болду. Муну шаардык прокуратура көзөмөлүнө алып, тергөөчүгө "мыйзамсыз токтотулган" деген токтомдорду чыгарып берген. Бул жерде уюшкан кылмыштуу топ иштеп, жаш кызды алдоо жолу менен зордуктап, үйүнүн документтерин алып жатышат.

Райондук прокуратура 1-181170 деген номер берген. Мындай номер ар бир кылмыш иши пайда болсо, кылмыш иши турса гана берилет. Он айда бир баланы тергөө жүргүзбөй, тактабай туруп сотко айдап жиберген. Беш байпак уурдаганды беш мүнөттө киргизебиз да, такталып, баары ачык болуп турган адамды коё беришет. Бул иш боюнча Канай Э., Амантур А., деген балдарга кылмыш иши козголуп жатат. Тергөөчү "Канайды сурап, бошотуп жибердим" деп жатат. Ошол учурда иш токтоп калган экен. Ошол эле тергөөчү "Канайдын жашаган жери белгисиз" деген чечим чыгарды. Бул дагы күмөн санаткан маалымат. Канайды күбө катары сураса, тактаса, анын жашаган жерин, телефонун да билет да? Булар башка да кылмыштарды жасаган балдар болуп жатпайбы. Үй менен машиненин уурдалышынын ортосунда эң жакын байланыш бар. Үйдүн акчасын машинеге жумшап, аны да жарым-жартылай берип, бирөөсүнө такыр бербей качып кетишкен. Муну алар өз көрсөтмөлөрүндө жазышкан. Мындан сырткары алар "ломбарддан" деп алган акчаны чогуу жүргөн балдарга тараткан. "Ломбардданбыз" деген кыздарга да акча беришкен.

"​Ломбард иштетет" деген кыздардын бири Гүлнара Д. кыз өз каалоосу менен келип акча алганын "Азаттык" менен сүйлөшкөндө билдирип, алдын-ала уюшуп жасалган иш дегенди төгүндөп жатат. Ал ломбард иштетпей турганын жана үстөк пайызы менен башкаларга акча бере турганын да айтты.

Кыздын энеси Рыскүл Жусупбекова тергөө он айдан бери жылбай жатканына, милициянын кайдыгерлигине нааразы болду:

- Күч органдарына нааразымын. Биздин көйгөйлүү маселебиз мыйзам чегинде аймактык милициядан эле чечилиши керек эле. Эмнегедир он айдан бери ишти тергебей жатышат. Ага эмне себеп болуп жатканын билбейм. Бардык жактарга кайрылдым, бардык жактан көзөмөлгө алабыз деген убада беришкен.

Надираны алдаганы кеп болуп жаткан Курал К.нын иши 28-ноябрда Жогорку сотто карала турган болду. Учурда ал тергөө абагында отурат.

"Азаттык" бул окуя боюнча ишти тергеп жаткан тергөөчү Ренат Кайкиев менен да байланышты.

- Иш беш жолу эмес, бир эле жолу токтотулган, - деди ал. - Бул бөлүнгөн иш, (кылмышка шектүүлөрдүн Надирадан башка адамдардын да мүлкүн алдап алганы боюнча кылмыш иши козголгон - ред.) негизги иш сотко кетип, каралып жатат. Бөлүнгөн иш азыр кайра калыбына келтирилип, тергеп жатабыз. Аман деген киши бар. Азыр Таласта ооруканада жатат. Ал келсе эле беттешүү жүргүзүп туруп, анан чечим чыгарабыз. Канай деген да суралган. Кызды да өзүм сурап чыккам. Аларга юридикалык баа бериш үчүн баарын бири-бири менен беттештириш керек. Ошол эле процедурасы калды. Негизги иш боюнча Курал аттуу адамдын иши Жогорку сотто каралып жатат.

Бул ишти уюштурган делген, жабыркоочу кыздын тууганы Канайдын өзү менен байланыша алган жокпуз. Бирок анын апасы Жумагүл бул ишке баласынын тиешеси жок экенин айтып жатат:

- Биз тууганбыз. Анын кызы мектепте окуп жүргөн учурда да жоголуп кеткен. Издөө салып араң тапкан. Тууган болгондон кийин аны айта берсең да уят. Кызы балага алданып калып эле баламдан тыйын өндүрүп алайын деп жатабы, билбейм. Зордуктабай эле, камалган бала менен жашап жүргөнүн баары билет. Өзү тамын күрөөгө коюп акча алып бериптир. Аны баары эле айтып жүрөт. Менин баламдын келинчеги эгиз төрөдү. Келинимдин курсагына колун коюп, “ушул ишке аралашсам эгиздердин күнүн көрбөй калайын” деп айтыптыр. Кызды биринчи жолу көргөнүн айтыптыр. Менин кызым деле аны менен аз эле жашады. Ал батир кызына жазылуу экенин кайдан билсин. Баламды тергөөчү деле чакырып, сураган. “Кимдин күнөөсү болсо Кудай жазаласын” деп айтып жатам.

Зордуктоо жазасыз калбаса

Кыргыз коомунда менталитетке байланыштуу кыз-келиндер зордуктоо болгон учурда милицияга көп кайрыла беришпейт. Минтип ачык айтып чыкканы менен тергөөнүн жыйынтыгына нааразы болгондор да жок эмес.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова коомчулук зордукталган кыздын өзүн айыптагандыктан, көпчүлүк учурда бул кылмыш көз жаздымда каларын белгиледи:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Зордуктоого катуураак чара көрбөсө болбойт. Иш ачылган бойдон жабылып калууда. Зордуктоо деген оор кылмыш да. Муну караган адвокат да, сот да адистешкен, окуган адамдар болушу керек. Былтыр өспүрүм кыз зордукталды. Күнөөлүү кесилип кетти, бирок айыпталуучунун адвокаты "кыз өзү каалаган турбайбы" деп айтып жатат. Кааласа да 35теги эки-үч баласы бар киши мындай айбанчылыкка барбашы керек эле. Азыр деле бизде майып кызды зордуктап койгон бир иш жатат. Жаап коюшуптур. Прокуратурага жазып жатабыз. Кылмыш кылган адам аягына чейин жазасын албаса, мындай көрүнүштөр кайталана берет.

Жаштыгы, баёолугу менен алданган Надиранын учурда күткөнү адилеттик. Ал жашоосуна бүлүк салган адамдар жазасын алса экен деп тилейт. Келечекте баарын унутуп, аялдын, адамдын укугу корголгон өлкөдө жашоону самайт.

- Балдар менен сүйлөшпөйт элем. Окуумду бүтүп, иштеп, анан гана турмушка чыгам деп ойлоп жүргөм. Милициянын түрүн көргөндөн кийин баарынан көңүлүм калды. Бул мамлекетте сага жардам бермек турсун, оюңду да угушпайт экен...

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттык" менен болгон маегинде кыз-келиндердин укугун коргоого басым жасаларын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG