Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

"Күйөөм кызыма кол салды..."


Жабырлануучу кыз.
Жабырлануучу кыз.

Ошто "атасы зордуктады" деген сегиз жаштагы кыз апасы жана бир туугандары менен кризистик борборго жайгаштырылды.

“Ак жүрөк” кризистик борбору күйөөсү секелек кызын зордуктап жүргөнүн айтып, үйүнөн качып чыккан келин тууралуу коомчулукка жарыялаган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, учурда шектүү адам кармалып, сурак берип жатат. Бирок ага кылмыш иши козголо элек.

Зомбулукка кабылды деп айтылып жаткан кызга атасы бир жыл мурда кол салган экен. 4-класстын окуучусу бул тууралуу апасы кантип билип калганын айтып берди:

- Апам таенемдикине кеткен. Инилерим мультфильм көрүп отурган. Анан атам мага тийишти. Апам келгенде ордунан тура калып эшикти бекитип алды. Апамды киргизбей койду. Апам "кулпуну сындырам" дегенде гана эшикти ачты. Анан апам менден: “Сага атаң тийиштиби?” деп сурады. Анан экөө урушуп кетти, атам апамды урду.

Келин күйөөсү кызына асылганын туура бир жылдан кийин гана ачык айтууга батынган. Ага чейин коркуу сезими менен жашаган экен.

Жабырлануучу кыздын энеси.
Жабырлануучу кыздын энеси.

- 17-мартта үйгө келсем, күйөөм кызымды зордуктап жатыптыр. Өз канынан жаралган баласы го? Кантип дити барды?! Мени "бирөөгө айтсаң атаңды, апаңды, балдарды кошуп өлтүрөм" деп кыйнап жүрдү. Бир жакка барсам артымдан калбайт, "бирөөгө айтып койбосун" деп эч жакка бастырбайт.

Аял ур-токмокко кабылып, акыры чыдамы түгөнгөндө бир тууган эжесине жардам сурап кайрылган. Анын көмөгү менен балдарын жетелеп үйүнөн качып чыккан. Учурда Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунда баш калкалап жатат.

Кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова зомбулукка кабылган кыз эки бир тууганы, энеси менен кошо реабилитациялык курстан өтүп жатканын билдирди. Борбор учурда жагдайды териштирүүнү өтүнүп, Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгына жана облустук прокуратурага кайрылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Шектүү камакка алынганы менен ага кылмыш иши козголо элек. Милициянын өкүлү маселени дыкат иликтеп, тактай турган өңүттөрү бар экенин билдирди:

- Шектүүгө карата кандай чара көрүлөрү экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана билинет. Бирок ал күнөөсүн мойнуна албай жатат. Шектүү аялына колу тийгенин, ошон үчүн өч алуу болуп жатканын айтууда. Андан тышкары аялы зордуктоо тууралуу 2017-жылы эле билгенин айтып жатат. Андан бери эмнеге жашырып жүрдү? Азыр канчалык деңгээлде кылмыш кылганын териштирип жатабыз.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова бул өңдүү үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан окуялар көп катталарын белгиледи.

Дарика Асылбекова.
Дарика Асылбекова.

- Мындай окуялар бизде көп. Бирок ачык айткандан уялышат. Эгер күйөөсүнүн кордугу жанына батпаса бул окуя деле айтылбай калмак. Биз буларга психологиялык, юридикалык колдоо көрсөтөбүз.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, 2017-жылы облус аймагында педофилия фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары кармалгандарга айып тагылып, алдын сот 16 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыраткан жана айрымдарын өмүр бою абакка кескен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG