Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Казакстан: Педофилияга каршы ийне


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстанда сот бир кишини химиялык кастрация кылууга уруксат берди. Казакстан химиялык бычууну жыл башында мыйзамдаштырып, бюджеттен 2000 инъекцияга жете турган акча бөлгөн.

Педофилияга айыпталгандарды химиялык кастрациядан өткөрүү үчүн соттун өкүмү менен соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу керек. Экспертиза бачабаздыкка айыпталганды "чындап дарылоо керек" деген бүтүм чыгарса, сот ага инъекция саюу өкүмүн кабыл алат. Анын таасири гормондорду алсыратып, сексуалдык активдүүлүгүн төмөндөтөт.

- Ушул жылдын 1-январынан тартып Саламаттык сактоо министрлигинин бачабаздарга химиялык бычуу жолун колдонуу жөнүндөгү буйругу күчүнө кирген. Соттун чечими менен гана бул буйрук ишке ашат. Бюжеттен каражат каралган. Учурда соттун өкүмүнүн негизинде, химиялык бычуу боюнча бир арыз түштү, - деди Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Лязат Актаева.

Министрдин орун басары инъекция кайсы жерде сайыларын тактаган жок. Буга чейин Актау облусунда болот деп кабарланган. Өкмөт 2 миң инъекцияга жеткидей 9 млн. теңгени же 25 миң долларды бюджеттен бөлгөн.

Казакстан кастрацияны баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:25 0:00

Бирок айрым адистер бачабаздык үчүн жазанын бул түрүн натыйжасыз деп эсептешет. Дагыгерлер мындай кишилер психикалык жактан жабыркайт деп эсептешет.

“Аман Саулук” фондунун жетекчиси, дарыгер Бакыт Туменова буларды белгиледи:

- Химиялык бычуу бул педофилия менен күрөшүүдө жүз пайыз натыйжа бербейт. Экинчиден, алты ай сайын бул процедураны кайталап туруш керек. Бирок коррупцияга малынган өлкөдө бул толугу менен туура ишке ашат деп ким кепилдик бере алат?

Казакстандын Ички иштер министрлиги жыл башынан бери жашы жетелек балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөткөн 364 кылмыш иши катталганын маалымдады. Бул күнүгө кеминде бир өспүрүм жыныстык зомбулукка кабылат дегенди түшүндүрөт. Ошентсе да көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 31% аз.

Кыргызстанда да педофилдерди химиялык жол менен бычуу маселеси мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келет. Атүгүл Жогорку Кеңеште 2013-жылы Казакстандагыдай мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал кездеги президент аны четке каккан. Бирок коомдо педофилдердин көбөйүшүнүн себептери тынымсыз талкууланганы менен мындай көрүнүш азайган жери жок.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, жашы жете элек балага жыныстык ыдык көрсөткөндөр 20 жылдан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырайт.

Химиялык бычуу жаза чарасы башка бир катар өлкөлөрдө киргизилген. Мисалы, Германия, Британия, Дания жана Швецияда соттолгондордун ыктыяры менен аларга атайын инъекция сайылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG